Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Өкмөт инвесторлорду коргоого убада берди


Бишкек инвестициялык форумунун катышуучулары. 6-декабрь, 2017-жыл
Бишкек инвестициялык форумунун катышуучулары. 6-декабрь, 2017-жыл

6-декабрда Бишкекте өткөн инвестициялык форумда инвестиция тартууга жолтоо болгон жагдайлар, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн оң жана терс жактары талкууланды. Ага катышкан кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлер өз тажрыйбаларын бөлүшүп, сунуштарын беришти. Өкмөт өкүлдөрү жеке менчикти коргоого убада берип, инвесторлорду Кыргызстанга чакырышты.

Үч жылдан бери өтүп келе жаткан Бишкек инвестициялык форумуна быйыл жергиликтүү ишкерлерден жалпысынан 200 долбоор келип түшкөн.

Алардын он бири бүгүнкү форумда тааныштырылып, айрымдары алыскы жана жакынкы мамлекеттерден келген инвесторлордун кызыгуусун жаратты.

Германиялык бизнесмен, ишкерлерге кеңеш берүүчү компаниянын өкүлү Эдуард Фрайтег Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыктуу багыттары боюнча буларга токтолду:

- Мисалы, текстил тармагы Германия, жалпы эле Европа базары үчүн абдан маанилүү. Европада бул тармакта жумушчу күчү жана чийкизат абдан кымбат. Эгер немис компаниясы өз товарын бул жакта өндүрсө, кирешелүү жана пайдалуу болмок.

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Инвесторду түрткөн жагдай көп

Кыргызстан бизнес жүргүзүү жагынан дүйнөлүк рейтингде соңку бир жыл ичинде сегиз тепкичке төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Doing Business деп аталган жылдык докладында айтылат.

Ал эми казакстандык "Choco family Holding" компаниясынын башкы директору Рамил Мухоряпов Кыргызстанда күчтүү программисттер бар экенин белгилеп, IT технология тармагын жакшы өнүктүрсө, өлкөгө инвестиция келмек деген пикирде:

- Арзан жумушчу күчү жана акылдуу адамдар - бул Кыргызстандын күчтүү жагы. Мындай “аралашма” мүмкүнчүлүк өлкөгө капитал алып келиш керек. Мен IT технология жаатында иштейм. Биз үчүн иш кайсы өлкөдө жасалганы маанилүү эмес. АКШда бир программистке бир жылда 100 миң доллар төлөйсүң, ал акчага Кыргызстанда 20 программистти жалдасаң болот. Бул жагынан Кыргызстан абдан ыңгайлуу.

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн 654,8 миллион доллар түз инвестиция келген. Бирок бул 2015-жылга караганда 58,4 пайызга аз.

2016-жылы Кыргызстанга келген инвестициялардын 40 пайызы Евразия экономикалык биримдигинин курамындагы өлкөлөргө тиешелүү болгону айтылган.

Канттагы түтүк-шыйпыр ишканасынын байкоочулар кеңешинин төрагасы, ишкер Танвир Афтаб инвесторлордун ишенимине кирүү түйшүгү тууралуу кеп салды:

- Сиздин бизнеске акча салам деген инвестор "бул кандай адам, басып өткөн жолу кандай, мен акчамды кантип кайтарып алам" деп ойлонот. Экинчиден, ал мамлекетке да карайт. "Мыйзамдары кандай, заводумду тартып албайбы? Коопсуздугу кандай, мен каалаган учурда, күндүз же түндө ээн-эркин баса аламбы?" деген суроолору болот. "Салыктар кандай, инфраструктура барбы же жокпу?" деп ойлонот.

Танвир Афтаб форумда сүйлөп жатат.
Танвир Афтаб форумда сүйлөп жатат.

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасына, ГЭСтерди курууга, темир жол салууга ири инвестор таппай жатканы маалым. Ишкерлердин баамында, чакан жана орто бизнеске салынган чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү да жалпы муктаждыкты канааттандырбайт.

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов форумда чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды:

- Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун жана Евробиримдиктин базарына бажы төлөмү жок кирүүгө мүмкүнчүлүк берген ВСП+ макаманын алуунун натыйжасында Кыргызстандын жалпы калкы 700 миллионго жеткен базарга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ВСП+ макамын алган жалгыз өлкө. Эл аралык "Doing Business" ("Ишкерлик жүргүзүү") рейтингинде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 77 орунда турат. Өкмөт тарабынан Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу, жеке менчикти коргоо жана инвесторлорго тоскоолдук жараткан бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Толкунбек Абдыгулов форумда. 6-декабрь, 2017-жыл
Толкунбек Абдыгулов форумда. 6-декабрь, 2017-жыл

Эл аралык "Doing Business" ("Ишкерлик жүргүзүү") рейтингинде Кыргызстан бир жыл мурда 75-орунда болуп, быйылкыдан эки тепкичке жакшыраак болчу.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсен Момункулов Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү жаатындагы тоскоолдуктарды белгилеп, жаңы өкмөттө реформаларды жүргүзүүгө эрк бар экенин айтты:

- Өкмөттө реформа кылганга саясий эрк бар. Чакан жана ири бизнеске шарт гана түзүлсө, анда ал бул иштерди өзү гана алдыга алып кетет деп ишенебиз. Инвестициялык климат боюнча айтсак, мунайсыз, газсыз өлкөнү ушул күнгө чейин эмне алдыга жылдырып келди? Бул биздин демократиялык баалуулуктар, ачык-айкындуулук жана адамдык ресурстар.

BIF форуму алгачкы жолу 2015-жылы өткөрүлүп, жыйынтыгында ондон ашуун компания арасында 750 миң долларлык келишим түзүлгөн, былтыр болсо 3 млн. доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлган. Форумдун уюштуруучулары быйылкы форумда кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлер андан эки эсе көп келишим түзүүүгө жетишет деген ойлорун билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG