Орусиянын Новосибирск шаарында иштеген кыргызстандык Каныбек Акаев өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районуна ташты иштеткен завод курган. Ал Кыргызстанда иш баштоодогу оош-кыйыштар тууралуу "Азаттык" менен болгон маегинде айтып берди.
«Азаттык»: Кыргызстандын Миграция кызматы чет өлкөдө иштеп, бирок тапканын мекенине инвестиция кылган, бул жакта ишкана ачкан мекендештер көбөйгөнүн айтып жатат. Буга чейин ирденген мигранттардын акылын, билимин, ошол эле каражатын натыйжалуу пайдалануу боюнча бир нече жолу “Мекендештер” форуму да өткөн. Негизи эле мигранттарды инвестор катары көрүп, аларга колдоо көрсөтүлөбү?
Каныбек Акаев: Өкмөт башында турган жетекчилер, губернатордон баштап облустарга, райондорго чейин ишкана ачууга баары эле кызыгат. Бирок ошолор менен тыгыз байланышта иштеп, эмнеден башташ керек экенин сурап келгенде адистер жок экен. Өзүң барып сүйлөшкөндө "жардам беребиз" деген гана сөз болот.
«Азаттык»: Кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы?
"Эмне кылып жатасыңар, кандай жардам керек бизден" деп учуп-күйүп келген адамдарды көрбөдүм. "Келсеңер жардам беребиз" деген сөздөрдү эле угабыз.
Каныбек Акаев: Чынын айтканда, тескерисинче. Ишти баштай электе эле салык кызматынан келип текшеришет. Финансы полициясы деген бар экен, ал эмне менен алектенет билбейм, коркутуу, рэкетчиликтин эле расмий ишин алып барат окшойт деп калдым.
"Биз ишти жаңы баштап атабыз, толук баштай элекпиз, токто" дегенге карабай "мага демектен Атамбаев келсе деле биз изилдесек табабыз, бул жакта бир нерсе бар" дегендей мамиле кылып кыйнайт экен. Жумушту баштап алгандан кийин артка кайтпай турганыңды алар деле билишет да. Ошондуктан кайрылганга адам жок болуп кыйналып тура берет экенсиң.
Мен ошол заводду саларда кыйынчылыктар бар экенин, Кыргызстанда ал ишке салынган 2,5 млн долларга жакын акчаны акташ үчүн 10 жылдай убакыт өтөрүн билчүмүн. Ошону билип туруп мекеним Кыргызстанга деп, экинчиден өзүм ошол жерден болсом, эртели-кеч иштейм деп акчамды топтоп жатканымды билгем. Тилекке каршы, ал жерде менин аракетиме жергиликтүү тургундар, карапайым калк гана сүйүндү. Анткени алар жумуш менен камсыз болду. Үйүнүн астында, Орусия, Казакстанга барып иштеген маянасын ошол жерден алып турат. Бала-чакасынан алыс кетпейт, батир акысын, жол кире төлөбөйт. Пайдасы ошол, анан өкмөткө түшкөн салыгы болду. Бирок мамлекеттен "эмне кылып жатасыңар, кандай жардам керек бизден" деп учуп-күйгөн колдоо көрбөдүм. "Келсеңер жардам беребиз" деген сөздөрдү эле угабыз.
«Азаттык»: Сиздин ташты кайра иштетүүчү заводуңуз качан ишке киришти, канча киши иштейт?
Бизди чийки зат маселеси кыйнайт. Өзүбүздүн карьерлер жок да. Алайын десең эле "прокурордуку, салыкчыныкы же депутаттыкы" дейт.
Каныбек Акаев: Ишке киргенине бир жыл болду. Азыр анда 40тай киши иштейт. Бирок заводдун энергиясын толук колдонуп иштесек, 120 кишиге жумуш орду бар. Бизди чийки зат маселеси кыйнайт. Өзүбүздүн карьерлер жок да. Алайын десең эле "прокурордуку, салыкчыныкы же депутаттыкы" дейт. Өздөрү ишти алып барбай эле "качандыр бир иштетем" деген ойдо карьерлерди алып коюшкан. Андагы чийки затты казып чыгаруу өтө чоң эмгекти талап кылары жөнүндө түшүнүк ар биринде эле боло бербейт. "Мынча пайыз берсең мен карьерди берем" деп эле ээлик кылып турушат. Өкмөттөн дагы "алып иштете тургандарга бергиле" деген токтом жок окшойт. Өзүнүн мөөнөтү бар да, алгандан кийин үч жылда иштетпесе башка тендер өткөрүп, мамлекетке пайда түшө тургандай кылып иштеткендерге бериш керек. Ушундай жагдайлар инвесторлорго терс таасирин тийгизип, көңүлүн суутат экен. Ошондон кийин мен өз инвестициямды башка мамлекеттерге сала баштадым.
«Азаттык»: Орусияда, Новосибирск шаарында иштегениңизге канча болду? Чоң ишкерликке аралашканыңызга көп болдубу?
Кыргызстанда президенттин кармагында бизнести билген, көзү жеткен бирөө болсо, ал Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында иштесе көп пайда алып келмек.
Каныбек Акаев: Мен Орусияга 2002-жылы кеткем. Быйыл 15 жыл болду. Ага чейин көп эле жумуштарда жүрдүк. Бул жакта ишкерлик менен алектенгениме жети-сегиз жыл болду. Учурда ар кайсы багытта тогуз компания бар. Анын бирөө - Кыргызстандагы таш заводу.
Ал эми Кыргызстанда президенттин кармагында бизнести билген, көзү жеткен бирөө болсо, ал мекенге инвестиция тартуу багытында иштесе, көп пайда алып келмек. Себеби, Кыргызстанга келем деген мекендештерге кандайдыр бир салыктан бошотулсун же мисалы 1 млн доллар салып, өз акчасын ушул жакта иштетип жатканы үчүн үч салыктан бошотулсун же салган каражатыңды эки эсе кылып алганга чейин салыктан бошотулсун дегендей кызыктырчу шарттар болушу керек. Андай болбосо өлкөгө баруу абдан кыйын.
Ошол эле Атамбаевдин 2015-жылы чыгарган токтому бар. Анда "иштеп жатканына үч жыл болбогон компанияларга салыктан текшерүү барбасын" деп белгиленген. Ал эми биз ачык иштей баштасак үч күн болгондо салыктан келип "Кана?" дей берсе, бул инвесторлорду кайта келбес кылат экен. Болбосо идеялар көп, Кыргызстанга тез түшүм берчү алма, жүзүм бактарды тиксе болот. Азыр Голландиядан көп буюртма берип атышат, бирок тилекке каршы аны кыргыз балдар Өзбекстан, Казакстанга тиге баштады. Азыр акчасын кармап алып, "эмне иш баштасам" деп жүргөн мекендештер көп.
«Азаттык»: “Кыргызстан инвесторлорго бейиш болушу керек деп” айтылып жүрөт. Сиз ошол “бейишти” байкай алган жоксузбу?
Чет элдик инвесторлор кирешесин эки эсе кылып чыгарып кетет. Ал эми өлкөгө эң чоң салым кошкон - сыртта жүргөн кыргызстандыктар. Алар акча салса ошол жерде калат.
Каныбек Акаев: Жок, ал тургай буга багыт алган эмес. Мен көргөн жокмун. Чет элдик инвесторлор кирешесин эки эсе кылып чыгарып кетет.
Ал эми өлкөгө эң чоң салым кошкон - сыртта жүргөн кыргызстандыктар. Алар акча салса ошол жерде калат. Биз, мисалы, азыр Кыргызстанга барсак мигрант болуп калабыз.
Катталуу мөөнөтү өтүп кетсе 10 миң сом айыппул салып койгон. Орусияда мындай айып 1,5 миң рубль. Өнүккөн өлкөлөрдө бул 20 доллар, Кыргызстанда 150 доллар. Бул "бир кеткенден кийин кайра келбе" дегендей эле. Мигранттар сырткы жана ички рынокту билет. Алардын идеяларын пайдалануу керек.
«Азаттык»: "Көп нерсеге көзү жеткен мыкты кадрлар сыртта иштеп жүрөт" деп жатасыз да?
Кыргызстанда жаңы курулуп, ишке берилген мектептерди көрдүм. Алардын курулушуна кеткен акчасын салыштырып, уурулуктан башка эч нерсе көргөн жокмун. Бөлүнгөн акчанын 30 пайызы гана иштетилген.
Каныбек Акаев: Биздин сыртта жүргөн мекендештердин тажрыйбасы бар, кадрлар деле көп. Бирок алар башка улуттун кызыкчылыгы үчүн иштеп жүрүшөт.
Алсак, курулуш тармагында иштеген кыргызстандыктар Орусия менен Казакстанда иштеп жүрүшөт. Америкада, Түркияда курулуш компанияларында иштегендер бар. Ошолордун күчтүүлөрүн алып келип тажрыйбасын пайдалануу керек.
Кыргызстанда жаңы курулуп, ишке берилген мектептерди көрдүм. Алардын курулушуна кеткен акчасын салыштырып, уурулуктан башка эч нерсе көргөн жокмун. Бөлүнгөн акчанын 30 пайызы гана иштетилген. Кытайдын дагы 12 тыйынга эшик жасап коё турган кытайы бар. Ошондой эшиктер коюлган, терезелерден шамал кирет. Мен Кыргызстанга ыйлаганы эле барам, башка эч нерсе жок.