Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 02:11

Кыргыз дипломаты Шинжаңга барды


Тарбиялоочу лагердеги кыздар. Шинжаң.

Кытайдын Шинжаң аймагындагы "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларды эл аралык журналисттер жана он эки өлкөнүн дипломаттары кыдырып чыгышты.

Ага Кыргызстандын дипломаты да катышканын Тышкы иштер министрлиги ырастады. Бирок мындай жайларда кармалып турган канча кыргызга жолукканын алардын абалы кандай экенин айткан жок.

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-туушкандарынын дайыны тууралуу өтүнүчтөрүнө бийликтен расмий жооп ала элек.

Ал арада Акыйкатчы институту кытайлык кыргыздардын арызы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылганы маалым болду.

Шинжаңдагы тарбия лагери.
Шинжаңдагы тарбия лагери.

Кытайдын бийлиги Шинжаң-уйгур автоном районундагы лагерлерди көрүп чыгууга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Индиянын, Индонезиянын, Кувейттин, Малайзиянын, Пакистандын, Таиланддын дипломаттарына уруксат берген. Бирок Батыш мамлекеттеринин дипломаттары ага катышкан эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 28-30-декабрдагы сапарга Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин өкүлү кошулган.

- Негизинен аймактын өнүгүшүн, маданий жерлерин, мечит, базар жана башка объектилерин көрсөтүп, тааныштырып чыгышкан, - деди ал. - Ошондой эле кадрларды кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү борборлоруна да барышкан. Ал жерлерде окуп жаткан студенттер менен жолугуп, алардын жашоо шарты менен таанышкан. Сапарды Шинжаң-уйгур автоном районунун элдик өкмөтү уюштурган. Он эки өлкөнүн Кытай Эл Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү элдик өкмөттүн чакыруусу менен барышкан.

Кытай тилин үйрөнүү. Шинжаңдагы лагерде тартылган сүрөт.
Кытай тилин үйрөнүү. Шинжаңдагы лагерде тартылган сүрөт.

​"Шинжаңдагы лагерлерге кыргызстандык дипломаттар да бардыбы?" деген суроого Тышкы иштер министрлигинен бир күндөн кийин гана жооп алууга мүмкүн болду. Мекеме муну маалыматты Кытайдагы элчиликтен тактоо бир топ убакытты алганы менен түшүндүрдү.

Ошол эле кезде министрлик Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери лагерлерди кыдырганда кимдерге жолукканы, андагы шарттар тууралуу маалымат берген жок.

Шинжаңдагы лагерь.
Шинжаңдагы лагерь.

Мекеме дипломаттын бул сапарга катышканын ырастоо жана Кыргызстан-Кытай ортосундагы дипломатия аяр мамилени талап кыларын эскертүү менен чектелди. Шинжаңдагы лагерлерди эл аралык журналисттер, андан кийин дипломаттар көрүп чыкканын алгач "Reuters" агенттиги кабарлап, ал жактан тартып келген видеону жарыялаган.

Анда тарбиялоочу борборлордо бир кылка кийинген адамдар кытайча, англисче үйрөнүп, айрым жерлерде ырдап-бийлеп, ашпозчулукка, сүрөтчүлүккө окуп жатканы, мыкты тамак-аш менен камсыздалганы тартылган.

Шинжаңдагы лагерь.
Шинжаңдагы лагерь.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген лагердин тарбиялануучулары бир ооздон өз каалоолору менен келгенин айтышкан. Маселен, 22 жаштагы Биликыз туура бир жылдан бери Кашкардагы лагерде отурат.

- Полиция менин мыйзам бузганымды айтып, ушул мектепти сунуш кылды. Үй-бүлөм менен кеңешип, бул жерге өз ыктыярым менен келдим. Мен көп жолу молдонун айткандарын уккам. Ошондон кийин менде экстремисттик ойлор жаралды, - дейт ал.

Шинжаңдагы лагерь.
Шинжаңдагы лагерь.

Ушундай эле пикирди Кашкардагы лагерде кармалган 29 жаштагы Сиерали деген жигит да кайталады:

- Бул жерде кантип окуп жатканыбызды көрдүңүздөр. Көпчүлүгүбүз туура эмес жолго баратканыбызды байкаганбыз. Бактыга жараша партия менен өкмөт мындай мектептерди бекер сунуш кылып жатат. Муну алардын бизге карата камкордугу деп эсептейбиз. Бул жакка ыктыярдуу түрдө келгенбиз. Андыктан адам укугу бузулган жок. Бизде эркиндик бар.

Бирок Кыргызстандагы "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин мүчөсү Мырзакмат Эркин уулу бул айтылгандарга ишенбей турат. Ал Кытайдын бийлиги актануу максатында атайын даярдаган жайлар эл аралык коомчулукка көрсөтүлдү деп эсептейт.

- Мисалы, арыздангандардын туугандарына бир да журналистти алып барышкан жок, - деди активист. - Аларды көрсөтүшкөн жок. Дайыны чыкпаган кишилер кайсы жерде экен? Ошолорду көрсөтүшпөйбү! Мен акыркы видеону көрдүм. Ал жерде сүйлөгөндөр "мен үй-бүлөм менен кеңештим, идеямды оңдоо үчүн окууга келдим" деп айтып жатат. Бул - алдын-ала даярдалган нерсе.

Кытайдагы жакындарын издегендер лагерлерде шарт жакшы экенине, эл окуу, тарбиялануу менен алек болуп жатканына ишенишпейт.

Декабрда лагерден бошотулганы кабарланган Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунун тургуну, Кыргызстандын жарандыгын алган Турдакун Абылеттин досу Муслихиддин Салимов анын абактан чыкканына ынана элек. Ал Абылеттин кыргыз жарандыгын алганын эске салып, аны Кыргызстанга алып келүүгө жардам берүүнү бийликтен өтүнүп келет.

Кытайдагы жакындарын издеген кыргыздар. Бишкек
Кытайдагы жакындарын издеген кыргыздар. Бишкек

- Биринчи жолу 17-декабрда өзү байланышка чыккан, - деди ал. - "Мени издебегиле, телефон чалбагыла, өзүм кабарлашып турам, бул башка бирөөнүн телефону" деген. Мен анын Кыргызстандын жараны экенин эскертип, бул жакка качан келе турганын сурадым. Жакшы жооп бере албады. "Кыргызстандын паспортун алганымда Кытайдын жарандыгынан чыкпаптырмын, ошого ушул жакта калам" деди. Андан кийин биз аны бошотуу өтүнүчү менен маалымат каражаттарына кайрылдык. Ошондон соң Турдакун кайра телефон чалып, аны издебей турууну суранды, өзү байланышып тураарын айтты. Эмнегедир менде Турдакун күч органдарынын кысымы менен чалып жаткандай сезилди.

Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Комитеттин мүчөсү Мырзакмат Эркин Тышкы иштер министрлигине жазган кайрылууга жооп келе элек экенин билдирди:

- Кайрылуулардан көрүнүктүү натыйжа чыга элек. "7-январда Бишкекте митинг болот" деген жарыялар чыкпадыбы. Биздин мындай ызы-чууга тиешебиз жок. Аларга аралашып, кандайдыр бир күчтөрдүн курмандыгына айланып калбайлы деп митингдин өтүшүн күттүк. Эми комитет Кытайдагы кыргыздардын абалын билүүнү өтүнө баштайт. Биз кандай иштер жүргөнү тууралуу маалымат берүүнү суранабыз.

Кытайдагы тарбиялоочу лагерде кармалып тургандар.
Кытайдагы тарбиялоочу лагерде кармалып тургандар.

​Кытайлык кыргыздар акыйкатчы Токон Мамытовго да арызданышкан. Мамытов алардын арызы боюнча Кыргызстандын жана Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылып, жооп күтүп жатканын "Азаттыкка" маалымдады.

- Кыргызстандагы тиешелүү органдарга бердим, Кытай тарапка да чыктык, азырынча жооп ала элекмин. Жакынкы күндөрдө болуп калабы деп күтүп жатам. Мен өзүм да силер аркылуу маалымат жеткирүүгө кызыкчылыгым бар. Кытай тарап менен да иштеп жатабыз, бирок азырынча бир нерсе деп айтууга эрте.

Кытай бийлиги Шинжаңдын жашоочуларынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет. "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети буга чейин Шинжаңдагы лагерлерде кармалган кыргыз улутундагы жарандардын саны 50 миңге чамалаганын билдирген.

Ал эми Казакстандагы "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун маалыматында Кытайда кармалган казак улутундагы жарандар 500-700 миңдин тегерегинде экени айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG