Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:59

Кытайдагы жакындарын издегендер көбөйдү


Кытай. Шинжаң. 25-июнь, 2017-жылдагы сүрөт.

Кыргызстанда Кытайдагы жакындарын издегендер көбөйдү. Шинжаң-Уйгур автоном районунда жашаган тууган-туушкандарынын дайыны чыкпаганын айткан бир нече жаран "Азаттыкка" кайрылды.

Буга чейин кытайлык кайрылмандар президенттен жардам сурашкан. Тышкы иштер министрлиги Кытайда кыргыздар жапырт кармалып жатканы тууралуу кабарлар такталып жатканын билдирүүдө.

Өзүн кытайлык кыргыз катары тааныштырган Маметрасул Айшан Кыргызстанга 2016-жылы энеси менен келип, бир жылдан кийин паспорт алган. Ал туугандарынын чакыруусу менен Кыргызстанда туруктуу жашоо үчүн келгенин, Кытай бийлиги өлкөдөн чыгууга энеси экөөнө гана уруксат бергенин айтууда.

Үй-бүлөсү, эки уулу менен жубайы жана башка бир тууган, жакындары Кашкардын Каргалык ооданында калган. Маметрасул аялы Нурмангүлү Абай да кыргыз болгону менен паспортто анын улуту уйгур, ал эми он үч жаштагы эгиз уулдары өзбек деп жазылып калганын билдирип жатат. Ал Кытайдан чыккандан кийин келинчеги камалып кеткени белгилүү болгон. Туугандарынан ошондон бери дайын жок.

Маметрасул Айшан 2015-жылы эле Шинжаңда жүргөн кезде "саясий тарбия берүүчү" лагерде эки ай болгон экен. Айшан ошол кезде лагерлерде адамдар эртеден кечке чейин кармалса, азыр катаал шарттагы түрмөгө айланганын билдирди:

- 2015-жылы "саясий тарбиялоочу лагерлер" бүт зым, тор менен курчалган. Түрмөгө окшош болчу. Милиция кайтарып турат. Ал жакка эртең менен саат 7де кирчүбүз. Ошол бойдон кечке чейин эч кайда чыга алчу эмеспиз. Кечки саат 7де гана коё берет. Бул 2015-жылда көргөнүм. Учурда тарбиялоо жолу башкача болуп калды. Азыр мага жеткен маалыматтар боюнча, ал жакка кирген адам кайра чыкпайт. Тирүүбү же өлүкпү кабар жок. 2015-жылы мен лагерге барган кезде негизинен өкмөттүн саясатын түшүндүрүп айтып беришчү. Андан кийин кечинде үйгө барчумун. Азыр андай эмес. Камалгандарга ар кыл кысымдар болуп жатканын угуп жатам. Өзүм көрө элекмин.

Гүлайым Орузбаеванын күйөөсү да Кытайга кеткенден бери дайынсыз болгонуна эки жылдан ашык убакыт өткөн. Эки балалуу келиндин Кыргызстандын жарандыгын алууга аракеттенип жүргөн күйөөсү документтерин тууралоо үчүн Кытайга кетип, чек арадан өткөндөн кийин эле кармалган:

- Күйөөм Хадыркулов Алманбет кыргыз улутундагы кытайлык жаран. 1973-жылы, 24-январда туулган. Шинжаңдын Ак-Чий ооданындагы Учүй деген айылдан болот. 2016-жылдын 22-июнда эки айга барып келем деп кеткен бойдон дайынсыз. Эмне болгонун эч ким билбейт. Угушумча, Кытайдын чек арасына кирип, автобустан түшкөндөн кийин эле кармап, алып кетишиптир. Ошондон бери кабары чыгабы деген үмүттө күтүп жүрөм. Ал сакал коюп, сүннөт жолунда деле жүрбөгөн. Диний эч нерсеси деле жок болчу.

Кытайдагы жакындарын издегендер көбөйүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:48 0:00

Кытайда камакта отурган кыргыздардын арасында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер да бар экени кабарланууда.

Жакында эле түзүлгөн "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети билдиргендей, жалпы 45 студент жана бир мугалим Шинжаңга кеткен бойдон кайра келген эмес.

Кыргызстандын паспортун алган кайрылман, студент Аалы Сүйүнаалы уулу аларга Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан чакыруулар, опузалоо болгонун маалымдады:

- 2017-жылы жайкы-кышкы каникулдарда "келгиле, келбесеңер болбойт" деп студенттерди бирден-экиден чакыртып жатып, алар кетип кайра келбей калышты. Акыркылары 2017-жылдын январында кетишкен, кайра келген жок. Мага да чакыруулар болгон. Атам камалгандан жарым жылдан кийин "келип кайсы жерде окуйсуң, кимдер менен байланышың бар, кимдерди тааныйсың, эмне кылып жатасың?" деген суроолорго жооп берип, кайра окууңа барып окуй бер дешкен. Мага эки-үч жолу телефон чалышкан. Каникулда барайын деп, кеткен студенттер менен чогуу бара алган жокмун, бирок алар менен байланышып турчумун. Райондун милициялары, айылдын катчылары чакырган.

Апам да "балам келип кетпесең болбойт экен, бизге кайра-кайра эскертип жатат" деп айтчу. Студенттердей, досторумдай болуп ал жакка баргандан кийин кайра келбешимди сездим. Азыр атам Сүйүнаалы Жусупемет камакта. Ал 1970-жылдын, 14-июлунда Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Ак-Чий ооданындагы Жалаң-Чий айылында туулган. Мен 2014-жылы Кыргызстанга келип, 2017-жылы жарандык алгам. Атам Кыргызстанга эки жолу келип кеткен. Акыркы жолу 2016-жылы чоң энемди алып, туугандары менен көрүшүп кайткан. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин, 2017-жылдын мартында туугандарыбыз атамды лагерге алып кетишкенин айтышты. Туугандарымдан бул кабарды атам камалгандан бир айдан кийин уктум. Атам камалгандан үч-төрт айдан кийин апам менен байланышып жүргөм. Акыркы бир жылдан бери байланыша элекмин.

“Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети ушул аптада түзүлдү. Аталган уюм 29-ноябрда коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын өткөрдү. Буга чейин жакындарын издегендер Кытайдагы абал тууралуу ачык маалымат берүүдөн кооптонуп келген. Акыркы күндөрдө кырдаал оорлоп, катаал шарттагы түрмөлөрдө камалып жаткандар көбөйгөнүн айтышып, ачык маалымат берүүгө өтүштү.

Кайрылмандар апта башында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактап жатканын кабарлоо менен чектелди.
Айрым коомдук ишмерлер, укук коргоочулар Кытайдагы кыргыздардын тагдырына кайдыгер карабоого, дипломатиялык жолдор аркылуу Бээжин менен сүйлөшүүгө бийликти чакырып жатышат. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов ушундай пикирди кармангандардын бири:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Биздин өкмөт эки өлкө ортосундагы бул убакка чейинки түзүлгөн макулдашууларыбызга, келишимдерибизге, ишенимдүү жүрүп жаткан кызматташтыгыбызга таянып, Кытай тарапка расмий түрдө кайрылып, расмий түрдө маалымат алышы керек. Европадагы адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар, дегеле дүйнөнүн прогрессивдүү коомчулугу Кытайдагы “саясий тарбиялоо борборлору” жөнүндө ачык билдирип, талкуулап жатышат. Биз да Кытай тараптан ошол борборлордогу биздин улутташтар, жарандар тууралуу маалыматтарды берүүнү суранышыбыз керек. Кыргызстандын Үрүмчүдө төрт дипломаты отурат, алар да маалымат жыйнасын, аларды угушубуз керек. Ошондо кырдаал кандай экендиги, маселенин өзөгү эмне экендиги белгилүү болот. Анан ошого жараша кийинки кадамдарды жасашыбыз керек.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Ага чейин бул маалыматты Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму да билдирген. Кытай бийлиги мындай лагерлерди "окутуп-үйрөтүүчү жай" катары сыпаттап келет. Кытайлык кыргыз-казактар ал жерлер шарты катаал түрмө экенин билдирип жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG