Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:36

Казакстан Сайрагүлгө качкын макамын бербейт


Сайрагүл Сауытбай сот залында, 13-июль 2018-жыл.

Казакстан Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбайга башкалка бербей турган болду. Анын адвокаты эл аралык уюмдардан жардам күтүп жатат. Миграция комитетинин комиссиясы Сауытбайдын Кытайда кысым көргөнү далилденген жок деген чечимге келген.

Адвокат Абзал Куспан Кытайдан Казакстанга качып келген Сайрагүл Сауытбайга качкын макамы берилбей калганын кескин сынга алууда. Ал мындай чечимди кабыл алууда фактылар менен сот өкүмү эске алынбаганын, комиссия Сайрагүлдүн маселесин карай турганы тууралуу алдын ала кабар да берилбегенин айтып жатат:

- Эмне үчүн мынча шашылыш иш алып барышты. Астанадан бардык адамдар тезинен жыйналып, Талды-Коргонго келип, мындай чечим кабыл ала коюшту. Сауытбай Кытай менен Казакстандын ортосундагы кезектеги жагдайдын курмандыгы болуп калдыбы деген ой бар.

Адвокат эл аралык уюмдарга кайрылып, алардан көмөк сурай турганын кошумчалады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстанга нота жолдогону туура болот деп ишенет.

Казакстандык юрист жана укук коргоочу Гүлмира Куатбекова болсо казак бийлигинин Сайрагүлгө башкалка бербөө чечимин “абсурд” деп баалап жатат:

- Анын укугу бузулганын, артка кайтып барышы кооптуу экенин бийлик түшүнүп турат го... Качкын макамын эч бир документи жок болсо да берген учурлар бар. Сайрагүл кайтып барса, аны мыйзамсыз соттоп коюшу мүмкүн. Ал өзү деле Кытайда өзүн кандай тагдыр күтүп турганын айтып бербеди беле.

Казак бийлигинин өкүлдөрү Сауытбайдын маселеси боюнча ачык комментарий берүүдөн карманып турат.

Жакын туугандары Кытайда кармалганын айткан казак кайрылмандары.
Жакын туугандары Кытайда кармалганын айткан казак кайрылмандары.

Быйыл май айында этникалык казак Сайрагүл Сауытбай казак-кытай чек арасын мыйзамсыз кесип өттү деген негизде Казакстанда кармалган. Ал Казакстанга мурдараак келген үй-бүлөсү менен чогуу болуу үчүн мыйзамды бузганын моюнуна алып, жазасын Кытайда эмес казак жергесинде өтөөгө уруксат берүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле Сауытбай соттук териштирүүлөрдүн биринде өзү мугалим болуп иштеген Кытайдын Шинжаң аймагындагы саясий лагерлер тууралуу айтып берип, ал жакта далай казактар кармалып турганын да билдирген:

- 2018-жылдын башынан тарта саясий лагерде иштей баштадым. Саясий лагер деп айтылганы менен тоонун арасындагы түрмө болчу. Ал казак улутундагыларга арналган жай эле. Мен бирөөсүндө иштедим. Дагы экөө бар деп айтышты. Мен иштеген лагерде 2300дөй адам бар эле. Азыр Казакстанга келип, саясий лагерлер, ал жактагы адамдардын саны тууралуу айтып жатканымдын өзү мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга жатат.

Дээрлик эки айга созулган соттук териштирүүдөн кийин Сайрагүл Сауытбай алты айга шарттуу кесилип, сот залынан дароо бошотулган. Ага чейин Кытай Казакстандан Сауытбайды артка кайтарууну талап кылган. Бирок соттун чечими Казакстандын Кытайдын талабын четке какканы катары кабыл алынып, Шинжаңдагы этникалык казактардын абалына тынчсызданган тараптарга дем-күч бергендей болгон.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур азчылыктары менен кошо этникалык казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган. Бул мөөнөт ичинде Кытайдан Казакстанга келген ондогон кайрылмандар тынымсыз маалымат жыйынын өткөрүшүп, Шинжаңдагы саясий лагерлерде кармалып турган жакын туугандарын бошотууга жардам берүүнү өтүнүп келишет.

4-октябрда жакын туугандары Кытайда кармалып турганын айткан ондогон адам Германиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, немис канцлери Ангела Меркелге кайрылуу жолдошту.

Кытайдын Шинжаң аймагында кармалган этникалык казактардын саны тууралуу түрдүү маалыматтар айтылып келет. Сентябрь айынын башындагы маалымат жыйындардын биринде Кытайдын казактар байырлаган Сауан аймагында эле саясий лагерде отурган үч миңдей адамдын тек-жайы аныкталганы айтылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматы боюнча, быйыл Кытай аймагында кош жарандыгы бар 22 этникалык казак кармалган. Алардын 15 Казакстан менен Кытайдын ортосундагы келишимдин негизинде бошотулган. Министрликтин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Шинжаңдагы кытайлык казактардын маселеси боюнча арыздар дале түшүп жатканын айтты:

- Тышкы иштер министрлигине бүгүнкү күнгө чейин 618 жарандан арыз келип түштү. 117 арыз мурун Кытайдын жарандары болгон, кийин Казакстандын атуулдугун алган адамдарга байланыштуу. Алардын айрымдары Кытай жарандыгынан чыгууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатышат. Ал боюнча иш жүрүп жатат.

Кытайдын Казакстандагы элчиси расмий Бээжин бир этникалык топту басмырлаган саясат жүргүзбөй турганын, Шинжаңдагы коопсуздук чаралары бардык улуттарга бирдей жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Сентябрь айында “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайда этникалык уйгур менен казактар негизсиз саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалып турганын, алардын ичинде кыргыздар да бар экенин кабарлаган.

Ага чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Расалык басмырлоого каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Шинжаң аймагындагы мындай лагерлердеги уйгурлардын саны 1 миллионго чукулдаганы айтылган.

Бирок кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагып, Шинжаңдагы коопсуздук чараларын туруктуулукту жана тынчтыкты орнотуу аракети деп мүнөздөгөн. Мындан тышкары Кытайдын расмий өкүлдөрү саясий лагерлерди жарандарга билим берүүчү, кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG