Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:29

"Шинжаңда башка этностор да жапа чегүүдө"


Үрүмчү шаары, 2010-жылдын июль айы.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы этностук азчылыктарга, анын ичинде уйгурларга карата саясатын сынга алды. Уюмдун апта башында жарыяланган жаңы баяндамасында Шинжаңда миңдеген уйгурлар “саясий тарбия берүүчү борборлордо” мыйзамсыз кармалып турганы, алар кыйноого алынганы белгиленген.

Расмий Бээжин бул баяндамада фактылар бурмаланганын билдирип, дооматтарды четке какты. “Хьюман Райтс Уотч” уюмунда Шинжаңдагы укук бузуулар тууралуу кандай далилдер бар? Аймакта кыргыз, казактар да куугунтукка кабылып жатабы? Бул жана башка суроолорго уюмдун Кытай боюнча бөлүмүнүн башчысы Софи Ричардсон жооп берди.

“Азаттык”: Сиздердин баяндамада Кытайдын Шинжаң аймагында улуттук азчылыктардын укугу бузулуп жатканы айтылып жатат. Алгач кандай укук бузуулар тууралуу сөз болуп жатканын түшүндүрө кетесизби?

Софи Ричардсон: Биз жарыялаган баяндама Кытайдын Шинжаң аймагындагы негизсиз камоолордун, кыйноолордун жана саясий тарбия берүүчү лагердеги идеологияны таңуулоо көрүнүшүнүн жаңы өңүтүн көрсөтөт. Ошондой эле биз мындай лагерлерде эле эмес, Шинжаңдын башка аймактарында уйгур, казак жана башка этностук азчылыктар кандай шартта жашап жатканын да көрсөтүп бергибиз келди.

“Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон.
“Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон.

Себеби алар лагерде кармалып турбаса да, диний, тилдик жана маданий өзгөчөлүктөрүнөн улам абдан чоң кысымга туш болуп жатышат. Жергиликтүү бийлик ДНК-үлгүлөрү, QR-коддор сыяктуу заманбап технологиялар аркылуу алардын баскан турганын абдан тыкыр көзөмөлдөп турат.

Мисалы андай технологиялардын жардамы менен бийлик кайсы бир адам канча жолу намаз окуй турганын да биле алат. Андыктан биз Шинжаңдагы кырдаалды кенен түшүндүрүп берели дедик. Мындан тышкары туугандарын таштап, Кытайдан чыгып кеткен адамдардын да маселесин чагылдырдык. Себеби алар да Кытайда калган жакындары менен байланыша албай, жапа чегип жатышат. Керек болсо Кытай бийлиги чет өлкөдө жүргөндөрүн да артка кайтууга мажбурлап жатканын көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Шинжаңда уйгур азчылыгы куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар узак убакыттан бери эле айтылып келет. Бирок бул боюнча сиздерде кандай далилдер бар?

Софи Ричардсон: Мындай окуяларды өз башынан өткөргөн адамдар бар. Биз саясий тарбия берүүчү борборлорго же камак жайларына түшүп чыккан кеминде беш киши менен сүйлөштүк. Алар андай жайлардагы тартип, күзөтчүлөрдүн мамилеси жана жадыбал тууралуу көп нерсе билишет. Камактан кантип чыгышканын да айтып бере алышат. Биз ошондой эле жакын туугандары камакка алынган бир нече киши менен да сүйлөштүк. Ошондой эле бул аймакты жакшы билген окумуштуулардын, журналисттердин маалыматын да колдондук.

Буга кошумча материалдарды Кытай өкмөтүнүн айрым маалыматтары менен салыштырууга аракет кылдык. Чындыгында биз Шинжаң полициясынын кайсы адамдарды кармоо керектигин аныктаган компьютердик программасы бар экенин билип калып, ал аркылуу бул маселени таап чыктык. Андыктан биздин табылгаларды тастыктап турган Кытай бийлигинин жетиштүү сандагы маалыматы бар.

“Азаттык”: Кытай бийлиги көбүнесе кандай катмардагы адамдарды, эмне үчүн бутага алып жатат?

Софи Ричардсон: Алар негизинен түрк тилинде сүйлөгөн, ислам динин карманган уйгур азчылыгын бутага алып жатат. Бул топ Шинжаң калкынын жарымына чукулун түзөт. Бизде ошондой эле казактар сыяктуу башка этникалык топтордун жапа чегип жатканы боюнча да далилдер бар. Жарандардын Бээжиндин саясатын жетиштүү деңгээлде колдобогону - Кытай бийлигине шектенүүгө негиз берген башкы критерий.

Башка улуттун өкүлү болуу жана өзүн башка маданияттын өкүлү катары көрсөтүүнүн өзү эле Бээжиндин саясатын колдобоо катары кабыл алынып жатат. Адатта Кытайдын мыйзамдары сизге балдарыңызды өз тилиңизде окутууга уруксат берет. Мыйзамдар тууганыңыздын чет өлкө чыгып кетишине деле тыюу салбайт. Буга карабастан, жарандарды негизсиз жана айыпсыз кармоого дал ушул жагдайлар түрткү берүүдө.

Үрүмчүдөгү базар, 2010-жыл.
Үрүмчүдөгү базар, 2010-жыл.

“Азаттык”: Укугу бузулган адамдардын кандай окуялары эсиңизде бар?

Софи Ричардсон: Ата-энелери наристелеринен бөлүнүп калган, үй-бүлөнүн бир мүчөсү чет өлкөгө чыгып кетип, калганы сыртка чыга албай калган мисалдар бар. Чет өлкөдөн Кытайга кайтып барган адамдар да кармалып жатат.

Биз сүйлөшкөн адамдар саясий тарбия берүүчү лагерлердеги кыйноолорго, болуп көрбөгөндөй басынтууга туш болушканын айтып беришти. Анын айынан өз жанын кыюуну ойлогондору да болгон экен. Кытай – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири. Дүйнөдөгү экинчи ири экономика. Мындай кубаттуу эл аралык оюнчу адамдарды суицидге чейин жеткирип жатат.

“Азаттык”: Кытайдын Шинжаң аймагын уйгур жана казактар сыяктуу эле этникалык кыргыздар да байырлашат. Алардын абалы тууралуу сизде кандай маалымат бар?

Софи Ричардсон: Маалымат салыштырмалуу аз. Биз баарлашкан адамдардын арасында кыргыздар жок болчу. Бирок Шинжаң калкынын бардыгынын абалын көрсөткөн далилдерди табуу кыйын. Кайсы бир адамдар казак же уйгур эмес, кыргыз болгону үчүн куугунтуктан кутулду деп айта албас элем.

Чындыгында Шинжаңда уйгурлар гана эмес, башка этникалык топтор да бутага алынып жатканы бул баяндаманын башкы табылгаларынын бири. Биз ушундай эле абалга тибеттиктер сыяктуу башка азчылыктар, ошондой эле башка диний топтордун өкүлдөрү да кабылганын көргөнбүз.

Андыктан Бээжин өз саясатын колдобойт деген бүтүмгө келсе, мындай тагдырдан бир да этникалык топ качып кутула албайт.

“Азаттык”: Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү борборлор иштеп жатканын белгилеп өттүңүз. Камактагы этникалык уйгурлардын көбү дал ушундай жайларда кармалып турганы кабарланып келет. Мындай лагерлер тууралуу кененирээк айтып бересизби? Муну түрмөнүн бир түрү деп атаса болобу?

Софи Ричардсон: Кытай бийлиги мындай жайларды билим берүүчү борборлор же радикал маанайдагы адамдарга туура багыт берүүчү мекемелер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат.

Чынында бул лагерлер мурдагы мектептер же ооруканалардын имараттарында ачылган. Ал жакта адамдар Кытай бийлигине жана Кытайдын Коммунисттик партиясына чындап берилгендигин далилдегенге чейин кармалып турушат.

Алар “Си Цзинпиндин ойлору” деген сыяктуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын ар кыл документтерин, саясий теорияларын окушат. Кытай тилин үйрөнүшөт. Кытай бийлигине канчалык лоялдуу экенин көрсөтө турган түрдүү сыноолордон өтүшөт. Бул аларды эркиндикке чыгаруудагы негизги критерий.

“Азаттык”: Кытайда же Шинжаңда мындай лагерлерден канчоо бар?

Софи Ричардсон: Биз аны билбейбиз. Спутниктен алынган сүрөттөрдөн ондогон жайлар бар экенин көрүүгө болот. Айрым журналисттер да мындай жайларга кирип чыгууга аракет кылышкан.

Шинжаңдагы коопсуздук күчтөрү, 2014-жыл.
Шинжаңдагы коопсуздук күчтөрү, 2014-жыл.

“Азаттык”: Август айында Бириккен Улуттар Уюмунун Расалык басмырлоого каршы комитети да Кытайдагы азчылыктардын маселесин талкуулап, анда Шинжаң аймагында 1 миллионго чукул уйгур саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалып турушу мүмкүндүгү айтылган. Мындай жайларда канча адам бар экени так белгилүүбү?

Софи Ричардсон: Биз бул маселе тууралуу бир жыл мурда эле коңгуроо кага баштаганбыз. Себеби анда Шиңжандын бийлиги колдонгон, кармалышы керек болгон адамдардын тизмесин түзгөн компьютердик программа тууралуу материалдар колубузга тийген эле. Бир жыл мурда мындай тизмеге күн сайын 5 миңдей адам илинип турган.

Ар кыл уюмдар лагерлерде кармалган адамдардын санын ар башка жол менен тактап жатышат. Айрымдары Шинжаң бийлигинин документтерин изилдөө жолу менен, кайсы бири кыштактарда канча адамдын дайыны чыкпай жатканын иликтөө аркылуу болжолдуу санды табууга аракет кылышты. Андыктан ар кыл сандар айтылып жатат.

Ошентсе да Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон өлкөнүн бийлиги тарабынан өтө эле көп сандагы адамдар негизсиз кармалып турганын айтууга болот. Дүйнө өлкөлөрү буга каршылык көрсөтпөсө, Бээжиндин узун укуругу бир гана Борбор Азиядагы эмес, АКШ, Германия, Түркия жана Австралия сыяктуу мамлекеттердеги диаспораларга чейин жетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Бирок Кытай мындай айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагууда. Бийлик Шинжаң аймагында исламчыл терроризм жана экстремизм коркунучу күч экенин белгилеп, бардык коопсуздук чаралары туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылууну көздөйт деп билдирип жатпайбы?

Софи Ричардсон: Жоон топ адамды негизсиз кармап, аларды бийликке берилгендигин далилдөөгө мажбурлоо өкмөт айтып жаткан туруктуулукка кандай өбөлгө түзөрүн түшүнүү кыйын.

Ондогон жылдар бою Шинжаң аймагы Кытайдын борбордук бийлигинин экономикалык өнүктүрүү программасынан обочодо калып келди. Ондогон жылдар бою динди карманууга чектөөлөр коюлуп, аймактагы этникалык азчылыктар басмырлоого кабылып келди.

Эми Бээжиндин элди мажбурлоо аркылуу социалдык туруктуулукту камсыз кылабыз дегени ишеним жаратпайт. Узак мөөнөттүк туруктуулукту адамдардын укугун сыйлоо менен гана камсыз кылса болот.

“Азаттык”: Ошентсе да Шинжаңда экстремизм жана терроризм коркунучу “өтө жогору” деп эсептейсизби?

Софи Ричардсон: “Өтө жогору” деген сөздү колдонбойт элем. Шинжаңда ар кыл чабуулдар болгону маалым. Мамлекетке каршы багытталган мындай кадамдардын айрымдарына уйгурлар барганы да кабарланган. Кайсы бирин исламчыл топтор уюштурган.

Ошентсе да мындай шартта бүтүндөй бир этникалык азчылыкты жазага тартуу туура эмес. Эгер Кытай өкмөтү чындап туруктуулукту орнотууга кызыкдар болсо, адамдарды себепсиз эле камакка ала бербей, аймактагы элдин арыз-муңун угуп, ага тиешелүү жооп бериши керек.

“Азаттык”: Ошентип сиздер Шинжаң аймагында адам укуктары одоно бузулуп жатканын айтып жатасыздар. Айрым америкалык сенаторлор Кытайга бул маселе боюнча санкция киргизүү демилгесин көтөрүшкөнү маалым. Сиздин оюңузча, Кытайдагы мындай укук бузууларды токтотуу үчүн эмне кылуу керек?

Софи Ричардсон: Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары Мишель Бачелет жакында эле Шинжаңдагы укук бузуулар тууралуу коңгуроо кагуу менен маанилүү кадам таштады. Бул жагдай Улуттар уюму териштирүүлөрдү баштап, жоопкерчиликтүү тарапты аныктоого аракет кылат дегенди каңкуулайт.

Ошондой эле биз АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн айткандарына кошулабыз. Санкция салууга, виза берүүгө чектөөгө киргизүүгө, эл аралык иликтөө баштоого убакыт келди. Тынчсызданган өлкөлөр да күчүн бириктирип, Бээжинди бул лагерлерди жабууга мажбурлашы керек.

Биздин оюбузча, соңку он жылда бул маселенин эл аралык коомчулуктун көз жаздымында калганы Шинжаңдагы кырдаалдын курчушуна негиз берген факторлордун бири болуп калды. Үрөй учурган окуялар Шинжаң региону менен гана чектелбейт. Биз Кытайдан чыгып кеткен адамдар да эртеңкисинен коркуп жашап жатканын көрүп жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG