Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:25

Шинжаңдагы уйгурлардын убайымы


Шинжаңдын Хотан шаарындагы базар.

БУУнун адам укуктары боюнча адистери Кытайдын Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде миллионго чукул этникалык уйгурлар кармалып турганын айтышууда. Кытай мындай кабарларды фактыга негизделбеген маалымат деп мүнөздөп жатат.

Августтун аягында Женевадагы маалымат жыйынында Кытайдын дарегине катуу сын айтылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Расалык басмырлоого каршы комитетинин адистери Кытайдагы уйгурларга "саясий тарбия берүүчү лагерлер" боюнча камтамачылыгын билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Шинжаң районундагы "экстремизмге каршы борборлордо" жана "кайра тарбиялоочу лагерлерде" кармалып турган этникалык уйгурлардын саны 1 миллионго жетиши мүмкүн.

БУУнун аталган комитетинин мүчөсү Николас Маруган Шинжаңдагы мындай лагерлерде укуктук эрежелер сакталбай жатканын айтты:

- Көп сандагы этникалык уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктарынын узак убакыттан бери айып тагылбастан же соттолбостон, диний экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш деген жүйө менен кармалып турганы тууралуу кабарлар комитетти тынчыздандырып жатат. Узак мөөнөттөн бери камакта жаткандар боюнча комитеттин колунда расмий маалыматтын жок болгону өкүндүрөт.

Үрүмчү шаары, 2010-жылдын июль айы.
Үрүмчү шаары, 2010-жылдын июль айы.

Шинжаңдагы уйгурлардын маселеси төрт жума мурда Кытайдын улуттук азчылыктарга карата саясаты талкууланган Женевадагы жыйында да көтөрүлгөн.

10-августтагы ал талкууда БУУнун Расалык басмырлоого каршы комитетинин дагы бир мүчөсү Гай Макдугалл чет өлкөдөн Шинжаңга кайткан жүздөн ашык студенттин окуясын айтып берип, алардын айрымдары дайынсыз жоголгонун, кайсы бири камакка алынып, бир бөлүгү абакта каза тапканын билдирген.

Талкуу учурунда Шинжаң туткундар эң көп кармалган аймакка айланып баратканы, уйгурлар диний жана этникалык өзгөчүлүгү үчүн да куугунтукталышы мүмкүндүгү белгиленген.

Ал талкуунун жыйынтыгы менен 30-августта маалымат жыйынын курган Расалык басмырлоого каршы комитеттин мүчөсү Николас Маруган Кытай тарапка бир топ суроо жолдонгонун айтты:

- Биз бир катар адамдар тууралуу жана алар кандай шартта, эмне үчүн кармалып турганы боюнча Кытайдан маалымат сурап, адвокаттарга алар менен жолугууга уруксат берүүнү өтүнүп жатабыз. Адамдарды жакындары менен кездештирбей койгон учурлар жана кыйноолор тууралуу да маалымат сурадык.

Кытайдын жообу

Кытайдын Шинжаң-уйгур автономдук районунун 20 миллиондон ашык калкынын басымдуу бөлүгүн этникалык уйгурлар жана хань кытайлары түзөт. Ошондой эле бул аймакты казактар жана кыргыздар сыяктуу башка бир нече этникалык топтор байырлашат.

Расмий Бээжин 2009-жылы Шинжаңдын борбору Үрүмчүдө жергиликтүү кытайларды бутага алган тополоңдон кийин аймакта көзөмөлдү жана текшерүүлөрдү күчөткөн.

2013-жылы Бээжиндеги борбордук аянттагы кеминде беш адамдын өмүрүн алган чабуулга уйгур тектүүлөрдүн тиешеси бар экени кабарлангандан кийин антитеррордук деп мүнөздөлгөн операциялар да ого бетер көбөйгөн.

Баш кеңсеси Гонконгдо жайгашкан "Кытайдагы адам укуктарын коргоочулар" уюмунун маалыматына ылайык, 2017-жылы Кытайда кармалган адамдардын бештен бири Шинжаң-уйгур автономдук районуна туура келген.

Үрүмчүдөгү базар, 2010-жыл.
Үрүмчүдөгү базар, 2010-жыл.

Ошол эле учурда соңку он жылда Шинжаңдын аймактарында бир нече жолу жардыруу жана чабуулдар болгон.

Расмий Бээжин Шинжаңда этникалык уйгурлар кысымга кабылганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, аймактагы коопсуздук чараларын террорчул аракеттерин алдын алуу максаты менен түшүндүрүп жүрөт. Ошондой эле Шинжаңда жергиликтүү уйгурлар менен кытайлардын ортосуна от жагууну көздөгөн исламчыл согушкерлердин жана жикчилдердин коркунучу күч экенин билдирип келет.

Өткөн аптада Женевада айтылган билдирүүлөргө Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин 31-августтагы басма сөз жыйынында мындайча жооп кайтарды.

- Мындай сөздөр жана комментарийлер тастыкталбаган маалыматка негизделген. Шинжаңга баргансызбы, билбейм, бирок бул аймактын эли узакка созулган туруктуулукка кызыкдар. Ал жерде көрүлгөн чаралар өнүгүүнү жана элдин жыргалчылыгы менен биримдигин камсыз кылууга багытталган жана өлкөнүн коопсуздугун сактоо үчүн террорчулук менен сепаратизмге каршы күрөшүүнү көздөйт. Шинжаңдын коопсуздугу менен туруктуулугу элди канааттандырып жатканын баары эле билип турат.

Уйгурлардын маселеси август айынын башында Женевада алгач талкууланганда Кытайдын "Global Times" мамлекеттик гезити эл аралык укук коргоочулардын тынчсызданууларын сынга алган маалымат тараткан. Басылма Шинжаң аймагында уйгур азчылыгынын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тескерисинче, коопсуздук күчтөрү аймакта "чоң трагедиянын" алдын алганын жазып чыккан.

"Шинжаң аймагы "Кытайдын Сириясы" же "Кытайдын Ливиясы" болуп калуудан кутулду", - деп белгиленген мамлекеттик гезиттин 13-августтагы макаласында.

Бээжинге чара көрүү демилгеси

Кантсе да Кытай Шиңжандагы уйгурлардын абалы тууралуу кабарлардан улам жыл башынан бери эле бир нече жолу расмий Бээжинге чара көрүү чакырыктары көтөрүлдү.​

Шинжаңдагы коопсуздук күчтөрү, 2014-жыл.
Шинжаңдагы коопсуздук күчтөрү, 2014-жыл.

Маселен 29-августта АКШда Марк Рубио баштаган бир нече сенаторлор мамлекеттик катчы Майк Помпеого жана Каржы министрлигине кат жолдоп, Шинжаң аймагы "жогорку технология менен жабдылган полиция мамлекетине" айланып калганын белгилеп, Кытайга санкция киргизүүнү сунушташкан.

Апрель айында Брюсселде ондогон этникалык уйгурлар жана аларга колдоо көрсөткөн топтор демонстрацияга чыгышып, Евробиримдикти Кытайга кысым көрсөтүүгө үндөшкөн. Алар ошондой эле расмий Бээжинден камактагы уйгурларды бошотууну, эл аралык иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышкан.

- Учурда 1 миллионго чукул мекендештерибиз, алардын ичинде менин ата-энем, байке-эжелерим Кытайдын ачык абактарында кармалып турушат. Биз үй-бүлөлөрүбүз менен эки жылдан бери байланыша албай калдык, - деп билдирген митингге чыккан, учурда Лондондо жашаган этникалык уйгур Махмут Турди.

Расмий Бээжин Шинжаңда "кайра тарбия берүүчү түрмөлөр" бар экенин расмий түрдө эч качан тастыктаган эмес. Мындай жайларда казактар же кыргыздар сыяктуу башка улуттук азчылыктар бар же жок экени тууралуу да так маалымат жокко эсе.

Жакында Кытайдан Казакстанга качып келип, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн шарттуу кесилген этникалык казак Сайрагүл Сауытбайдын соттук ишинде бул маселе көтөрүлгөн. Сауытбай өзү саясий тарбия берүүчү лагерде иштегенин, лагерь деген менен алар кадимки эле түрмө экенин, ал жерде этникалык казактар да бар экенин айтып берген.

Буга чейин Кытайдан Кыргызстанга көчүп келип жашап калган бир катар кыргыздардын арасында Шинжаңда калган туугандары камалып жатканын айткандары болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG