Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Кытайдын Шинжаң аймагында "он миңдеген адам" кармалган


Кытайдын Шинжаң аймагы.
Кытайдын Шинжаң аймагы.

Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктоодон улам он миңдеген адам кармалган. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун Бээжиндеги жыйында билдирди. Анын сөзүнө караганда, "саясий тарбия берүү" деп аталган борборлорго жапырт камоо "үрөй учурган абалды элестетет".

Дипломат кытай бийлигин азыркыдан ачык-айкыныраак жана жоопкерчиликтүү система түзүүгө чакырды.

- Биз Шинжаңдагы уйгурлардын жана мусулман азчылыктарынын укуктарын чектөө күчөгөнүнө тынчсызданып турабыз, - деди Лаура Стоун.

Ал “бул маселени Кытай өкмөтү менен сүйлөшкөндө көтөро беребиз жана аны өз жарандарын кармоонун мыйзамдуу жараяндарын жүргүзүүгө чакырабыз” деген. Стоун Шинжаңдан алынган маалыматтардын аздыгы кармалгандардын так санын билүүгө жолтоо болуп жатканын, бирок алар жок эле дегенде “он миңдеген адамдар" экенин белгиледи.

Жергиликтүү бийлик акыркы эки жылда Шинжаңды борборлоштуруу жана “ислам жикчилдеринин” кол салууларын азайтуу үчүн көзөмөлдү абдан күчөткөн.

Укук коргоочулар жана дисиденттер динге, маданиятка, эркин жер которуу укугуна көзөмөл буга чейин болуп көрбөгөндөй күчөгөнүн белгилеп жатышат.

Шинжаңда адамдар чет өлкөгө чыкканы жана өтө динчил деп табылганы үчүн да кармалганы тууралуу маалыматтар бар. “Эркин Азия” үналгысынын маалыматына караганда, быйыл январь айында Кашкардын өзүндө эле 120 миңдей адам кайра тарбиялоо борборлорунда болгон.

Стоундун билдирүүсүнө комментарий берген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шинжаңдагы бардык калктар тынчтыкта жана өз жашоосуна ыраазы болуп жашап, иштеп жүргөнүн билдирди. Ал АКШга Кытайдын ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын да эскертти.

XS
SM
MD
LG