Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?


Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартиянын курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.
Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартиянын курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.

Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. "Эркин Азия" радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады.

Ал арада "Твиттерде" Шинжаң-уйгур автоном районунда камалгандардын арасында кытайлык кыргыз окумуштуулары да бар экени тууралуу маалымат тарады. Кытайда туугандары четинен камалып, расмий Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда отурганын Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмей эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилеп жатышат.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы Кайыз айылында жашаган 1500дөй кыргыздын 300ү камакка алынганын өткөн аптада "Эркин Азия" радиосу кабарлады. Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда. 17-ноябрда кыргызстандык активист Эдил Байсалов "интеллигенция өкүлдөрү кармалып жатат" деген тизмени "Твиттерге" жарыялады.

Кытайда калган туугандары абакта экенин айтып, Кыргызстандагы кайрылмандар да "Азаттыкка" көп кайрылып жатышат. Алардын бири - беш жыл мурда тарыхый мекенине келип, жарандык алып, учурда Караколдо жашап жаткан Турсунаалы аттуу адам. Ал Казакстан кытайлык кыргыздардын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатканын айтып, бирок Кыргызстандын бийлиги аларды "көз жаздымда калтырууда" деп кабатыр.

Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен.

- Кулжадагы Шаты айылынан келгем, - дейт Турсунаалы. - Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр. Ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алар камалган жок. Башка туугандарым бүт камакта. Менден кийинки бир тууган иним бар эле, аны эч жүйөсүз 25 жылга кесишиптир. Булардын эч күнөөсү жок. Тек гана кыргыз, мусулман болгону үчүн азап чегип атышат. Айылыбызда эч ким деле калбаптыр. Куда-сөөктөрдүн баары эле камалыптыр деп уктум. Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен. "Тарбия берүүчү лагерь" деп айтылганы менен түрмө эле. Түрмөдөн жаман кыйноо болуп жатыптыр. Абалы өтө оор, өлгөн киши андан көп дешет. Казакстанда казактарга жардам берүү боюнча көп иш жүрүп атат. Кыргызстанда андай болбой жатат. Биз кыргыз бийлигине баралы деп, кантип барып, жолугуунун жол-жобосун билбей атабыз. Кытайдан жүрөк өйүткөн кабарларды угуп атабыз. “Эркектерди бүт камакка алып, ал үйлөргө бирден кытай жаранын алып келип аралаштырып жатат” деп атышпайбы.

Кыргызстандык бир топ кайрылмандар бийлик тараптан расмий жооп болбой жаткандыктан, жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. Уюмдун активисти, кайрылмандар менен иш алып барган Серикжан Билаш Үрүмчү аркылуу келген кабарларга таянып "Азаттыкка" Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин билдирди. Бул эки ай мурдагы маалымат. Андан берки кармалгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн.

Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим, - деди Серикжан Билаш. - Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Кызыл-Сууда 1980-жылдан баштап "Кызыл-Суу кыргыз адабияты", "Шинжаң кыргыз адабияты" деген журналдар чыккан. Өздөрүнүн кыргызча телеканалы да бар болчу. Үрүмчүдөн чыккан "Шинжаң" телеканалынын ичинде казактар менен кыргыздардын да телеканалдары бар эле. Эми ошол жерлерде иштегендердин, 80-жылдардан тартып китеп чыгаргандардын баарын "чыпкадан" өткөрүп, улуттук тарых, улуттук маданият тууралуу макала жазгандарды тегиз кармап жатат деп уктум. Бул жерде кыргыздар менен казактарды кармоодо башка улуттарды кармоого окшобогон бир жагдай бар. Дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттары бир нерсени катуу жазып атышат. Алар казактарга келип маектешет. Алматыга келишсе, “100 факты” десе жүздү, “200 факты” десе эки жүздү видео, аудио, жазуу, сүрөт, кармалган адамдардын паспортун кошуп, баарын беребиз. Алар барат дагы, "Шинжаңда мусулмандар кармалып атат" деп жазат. Күйүп кетесиң да. “Казак” деген сөздү өтө аз колдонушат. Алар Шинжаңда уйгурлар гана жашайт деп ойлошот. Бул - чоң ката. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда. "Экстремизм, терроризм" деген жалааны жаап, уйгурларды түрмөгө тыгып отурат. Дин жагынан анчалык фанат эмес, Кытайдагы кыргыз менен казактын дини бизге белгилүү го. Кыргыз менен казактын дини кытайларды тынчсыздандыра тургандай фанаттык деңгээлге жеткен жок. Мисалы, кыргыз менен казактын бир айылын алалы. Жүз кыргыз, жүз казак болсо жума күнү мечитке баргандардын саны беш кишиге жетпейт. Анын да бир-экөө ишемби күнү арак ичип коет.

Серикжан Билаштын айтымында, Кытайда камалган казактар жети жүз миңге чукулдады. Активист Кытайда диний фанатизмден алыс болгон кыргыздарга жана казактарга карата куугунтук Бээжиндин жер саясаты менен байланыштуу деп эсептейт.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Буга чейин Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген. Жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, Казакстанга келген. Алардын бир тобу Кытайдын бийлиги "саясий тарбия берүүчү лагерь" деп атаган жайлар шарты катаал түрмө экенин, ал жерде кыйноонун оор түрлөрү колдонулуп жатканын айтып чыгышкан.

"Азаттык" буга чейин кытайлык кыргыздардын, окумуштуулардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо аракеттери тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Ал катка эмгиче жооп келе элек. Активист Эдил Байсалов Кыргызстан дипломатиялык жол менен кытайлык кыргыздарга жардам бериши керек деген пикирде.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Биз Кытай менен түбөлүк доспуз, ишенимдүү өнөктөшпүз, коңшубуз, - деди ал. - Ушул жерден ишенимдүү бир туугандык мамиледен пайдаланып, өзүбүздүн элибизге, бир туугандарыбызга болушуп, айтышыбыз керек. Бул жерде эч кандай күнөөсүз окумуштуулар кармалып жатат. Аларда эмне айып? Алар Кыргызстанга келген сайын Кытай элин даңазалап, Кытайдын жетишкендигине мактанып жүргөн инсандар. Алардын эмнеси динчил? Буга ишенүүгө болбойт. Ошондуктан тез арада аларды бошотууну, башка боордошторубуздун тынчтыгын камсыздоону суранышыбыз керек. Биздин укугубуз бар. Анткени, чектеш мамлекетте тынчтык болбосо, коңшу катары биз да сурап коюшубуз керек. Мисалы, Казакстан бир жыл ичинде бир нече жолу дипломатиялык нота жиберди. Казакстандын тышкы иштер министри жакында эле Астанада Кытайдын элчисин чакыртып алып, ушул маселелерди кабыргасынан койду. Кыргызстан да эгемендүү мамлекет болгондон кийин буга укуктуу. Жада калса милдеттүү деген ойдомун. Себеби, ал жакта биздин бир тууган боордош кыргыздар запкы көрүп атса, аларга ким болушат? Акыркы учурда Канада, Австралия жана Батыш мамлекеттеринин элчилери Бээжинде бул маселени катуу козгошту. Бирок Казакстандан тышкары бир да мусулман мамлекети муну көтөрө албай атат. Кыргызстан да ушул маселелерди эске алып, кабыргасынан коюуга тийиш.

Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG