Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Кытай кыргыздарынын кыжаалат кылган абалы


Кытайдагы кыргыздардын Кыргызстандагы өкүлдөрү Бээжиндин “саясий тарбиялоочу борборунда” кармалып турган туугандарынын чоо-жайын билүүгө жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

Кыргыз бийлиги чет элдеги улутташтарына кандай жардам көрсөтө алат? Ал башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болбойбу? Эл аралык укуктук эрежелерде мындай маселелерди кандай чечсе болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин катышты.

"Азаттык": Таабалды мырза, Кыргызстандагы кытайлык улутташтарыбыз бийлик кысым көрсөтүп жатканын айтып, кармалып кеткен туугандарынын чоо-жайын билүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп, президент Жээнбековго кат жазышты. Бул маселеге кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү канчалык жөндүү? Башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп калбайбы? Эл аралык нормаларда кандай?

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Таабалды Тиллаев: Биздин бийлик, өкмөт сөзсүз түрдө бул маселени чечүүгө көңүл бурушу керек. Биз Жогорку Кеңештин комитетинде атайын бул суроону карап, Тышкы иштер министрлигинин малыматын уктук. Кыргызстанда, Бириккен Улуттар Уюмунда, башка эл аралык уюмдарда болобу, дүйнөдөгү эң негизги баалуулук – бул адам укуктары, аны коргоо болуп эсептелерин баарыбыз жакшы билебиз. Кыргыз бийлиги ошол эл аралык принциптерге таянып, бул маселени чечүүгө аракет кылышы зарыл. Ага эл аралык көптөгөн документтер, өзүбүздүн мыйзамдарыбыз жол берет.

Кытай – Кыргызстанга эң жакын кошуна, өнөктөш, жакшы санаалаш өлкө. Биздин боордош туугандарыбыз президент Жээнбековго кайрылгандан кийин эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүп, макулдашып, маселени чечүүгө, жок эле дегенде жеңилдеткенге мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм. Албетте, Кытай өз алдынча чоң мамлекет, анын өзүнүн ички иши, ички саясаты, идеологиясы бар, ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Бирок эң негизги маселе адам укуктары жөнүндө, биздин боордош кыргыздардын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатканда биздин бийлик кандайдыр бир сунуштар менен кайрылууга милдеттүү. Биздин кошуна Казакстандын бийлиги Кытай мамлекетине кайрылып, нота жөнөтүп бир топ суроолорду чечип жатканын угуп, окуп жатабыз…

"Азаттык": Аскар мырза, Шинжаңдагы аз улуттарга байланыштуу маселелер чыкканына бир жылдай болуп калды. Кыргыздарга байланыштуу фактылар айтылды эле, ошондон бери кыргыз бийлиги үн катпаганын кандай түшүнсөк болот? Кандайдыр бир дипломатиялык ишарат кылыш керек беле?

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Аскар Бешимов: Кайрылуу болору менен Жогорку Кеңеште бул суроонун талкууланганы абдан туура. Маселе чыгып жаткандан кийин биздин бийлик кайдыгер болбошу керек. Биздин өкмөт эки өлкө ортосундагы бул убакка чейинки түзүлгөн макулдашууларыбызга, келишимдерибизге, ишенимдүү жүрүп жаткан кызматташтыгыбызга таянып, Кытай тарапка расмий түрдө кайрылып, расмий түрдө маалымат алышы керек.

Европадагы адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар, дегеле дүйнөнүн прогрессивдүү коомчулугу Кытайдагы “саясий тарбиялоо борборлору” жөнүндө ачык билдирип, талкуулап жатышат. Биз да Кытай тараптан ошол борборлордогу биздин улутташтар, жарандар тууралуу маалыматтарды берүүнү суранышыбыз керек. Кыргызстандын Үрүмчүдө төрт дипломаты отурат, алар да маалымат жыйнасын, аларды угушубуз керек. Ошондо кырдаал кандай экендиги, маселенин өзөгү эмне экендиги белгилүү болот. Анан ошого жараша кийинки кадамдарды жасашыбыз керек.

"Азаттык": Тынчтыкбек мырза, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык да жакшы жолго коюлуп, кыргыз-кытай окумуштуулары өзгөчө тарых тармагында үзүрлүү иштеп жатышты эле. Кармалган кытайлык кыргыз илимпоздоруна кандайдыр бир кине коюлганбы, “Кытай саясатына каршы, көзү түз эмес, же туура эмес сүйлөгөн, ырдаган” деген сыяктуу?

Тынчтыкбек Чоротегин.
Тынчтыкбек Чоротегин.

Тынчтыкбек Чоротегин: Мен жогоруда айтылган депутат, дипломат мырзалардын айткандарына кошулам. Бийлик, кыргыздын маданий, адабий коомчулугу да өз сөзүбүздү айтышыбыз керек. 2016-жылдагы Кытайдын расмий маалыматтарына таянсак азыркы учурда Кытай мамлекетинде 202 миң кыргыз жашайт. Алардын арасынан суурулуп чыгып, илим-билимдин эл аралык бийик сересине чыгып, таанылгандары саналуу эле. Биз адамдын тагдыры дегенде кайдыгер болбошубуз керек. Алар Кыргызстанга келген сайын эки өлкө ортосундагы данакерлик, көпүрөлүк милдетти аткарган сөздөрдү сүйлөгөнүн эле укчумун. Билимдүү адамдар болгондуктан алар кайсы жерде кандай сүйлөш керек экенин мыкты билген адамдар деп түшүнөм. Алар дайыма террорчулукту, диний экстремизмди, радикал аракеттерди сындап келишкен. Ушундай шылтоо менен аларды кармап, күнөөлөгөнгө жүйө жок. Алар кайсы жерде болбосун Кытай мамлекетинин бөлүнбөстүгүн, биримдигин айтып, баса белгилеп келишкен. “Кытай өзүнчө, Кыргызстан өзүнчө мамлекеттер, алардын эгемендүүлүгүн сыйлашыбыз керек” деп айткандарын көп уктум.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кытай кыргыздарынын кыжаалат кылган абалы (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:09 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG