Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 20:52

Кытайдагы кыргыз-казактын даты


Шинжаң-уйгур автоном районунун чыгышындагы Хотан шаары.

Кытайда жакындары камалган кыргызстандыктар 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарына чогулду.

Депутат Дастан Бекешев Кытайдын Шинжаң аймагында кармалгандар тууралуу маалыматтарды текшерүүнү сурап, Тышкы иштер министрлигине кайрылды.

Бишкек шаарынын тургуну Муслихиддин Салимов эки жылдан бери кыргыз досу, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Улуу-Чат ооданында туулуп-өскөн Турдакун Абылет менен кабарлаша албай жатат.

Анын Алматыдагы маалымат жыйынында айтканына караганда, Турдакун Абылет 2015-жылы апрелде Кыргызстанга келип, кыргыз жарандыгын алган. Бирок туугандарына кысым жасалгандыктан Кытайга барууга аргасыз болгон:

- Кыргыз жарандыгын алгандан кийин Кытай тараптан чакыруулар келип, үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлгөн жана атасы туткунга алынган. Ага "качан балаң келгенде гана бошотуласың?" деген шарттарды коюшкан. Ошентип Абылет Турдакунду кайра Кытайга барууга аргасыз кылышкан. Бирок ал жакка барганда эле кармалган. Азыр атасы да, өзү да камакта.

Досунун тагдырына кызыккан Муслихиддин Салимов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жана Кытайдын Бишкектеги элчилигине кайрылып, Турдакун Аблет кыргыз жарандыгын алган учурда Кытайдагы каттоосунан чыккан эмес деген жоопту алган:

- Кыргыз бийлиги расмий түрдө кайрылса, "кыргыз жарандыгын алып жатканда Кытайдагы каттоосунан чыккан эмес, ошон үчүн камалган" деп айтыптыр Кытай өкмөтү. Андан башка жооп болгон жок. Бирок ал чыныгы себеп эмес. Анткени бул кылмышка жатса, ал кыргыз жарандыгын алмак эмес.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму уюштурган Алматыдагы жыйынга Кыргызстандан жети адам барган. Ошондой эле Кытайдагы туугандарынын дайынын билбей жаткан элүүдөй казакстандык чогулду. Алар ушул маселени чагылдыруу үчүн атайын Батыш мамлекеттеринен, Англиядан, Германиядан келген журналисттерге маалымат беришти.

"Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш чет элдик журналисттерге Кыргызстандан келгендерди да тааныштырды:

- Бул жети киши Кыргызстандан келди. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары же достору Кытайда кармалышкан. Кытай өкмөтү абдан көп казак, монгол жана кыргыздарды кармап жатат.

Серикжан Билаш туугандары Кытайда камалган казактар менен. Алматы шаары.
Серикжан Билаш туугандары Кытайда камалган казактар менен. Алматы шаары.

Активист Серикжан Билаштын буга чейин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, алардын эсебинде, Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашык, казактардын саны беш жүз миңден жети жүз миңге чейин жетиши мүмкүн:

- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналдардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим. Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Кызыл-Сууда 1980-жылдан баштап "Кызыл-Суу кыргыз адабияты", "Шинжаң кыргыз адабияты" деген журналдар чыккан. Өздөрүнүн кыргызча телеканалы да бар болчу. Үрүмчүдөн чыккан "Шинжаң" телеканалынын ичинде казактар менен кыргыздардын да телеканалдары бар эле. Эми ошол жерлерде иштегендердин, 80-жылдардан тартып китеп чыгаргандардын баарын "чыпкадан" өткөрүп, улуттук тарых, улуттук маданият тууралуу макала жазгандарды тегиз кармап жатат деп уктум.

Акыркы кезде Кытайдан көчүп келген кыргыз кайрылмандар ал жакта калган жакындарынан кабарсыз экенин, алар камакта отурганын айтып көп кайрылышууда.

Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча кандайдыр бир дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Кытайда кармалып жаткан кыргыздар тууралуу маалыматтарды текшерүүнү өтүнүп, Тышкы иштер министрлигине кайрылды:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Маалымат каражаттарына ар кандай сандар боюнча кабарлар чыгып жатат. Ошондуктан ал жакта эмне болуп жатканын билгиле деп сурандым. Эгер ошол маалыматтар чын болуп чыкса, анда Тышкы иштер министрлиги да нота жиберип, өз позициясын расмий билдириши керек дедим. Алар, албетте, Кытайдын жарандары, бирок кыргыздар. Биздин этникалык кыргыздар тууралуу Түркия менен, Ооганстан менен сүйлөшүүлөрүбүз бар. Эгер азыр Кытайда алар жаман абалга калып жатса, аны да айтышыбыз керек. Казакстан дагы нота жиберип жатат. Чындыгында бул орчундуу маселе. Аны Кытай менен талашып-тартышпай эле, дипломатиялык жол менен сүйлөшүп, чечсек болот.

Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бийликтин жана жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, буга чейин казак жарандыгын алгандары Казакстанга келген.

- Бүгүн эртең менен жыйын башталардан мурун бир казак жигит келип, кубанычтуу кабар айтты. Анын 78 жаштагы майып энеси тогуз айдан бери түрмөдө отурган экен. Ошол кечээ түрмөдөн бошоп чыгыптыр, - деди 23-ноябрда "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун өкүлү Серикжан Билаш.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашуун.

Кайрылманды кайгырткан Кытай саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:37 0:00

Ар кайсы маалыматтарга ылайык, "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жаткандардын эң көбү - уйгурлар. Ушул ай башындагы БУУнун Женевадагы кеңсесинде Кытайдын улуттук азчылыктар саясатына каршы нааразылык акциясы өтүп, анда Дүйнөлүк уйгур Конгресси деген уюмдун президенти Долкун Иса Шинжаңда кармалгандардын саны боюнча буларды белгилеген:

- Бүгүн концлагерлерде 1 миллиондон 3 миллионго чейин адам отурат. Алар жабыр тартышууда. Биз үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен көрүшө албайбыз, алар менен байланыша да албай турабыз. Мен куугунтукта жүргөн уйгурлардын 99 пайызынын үй-бүлөлөрү менен байланышы үзүлгөн деп айта алам. Биз бул жерге Кытай өкмөтүнүн Чыгыш Түркстан, уйгур, тибет элдерине каршы катаал саясатын токтотууну суранып чогулдук. Биз Бириккен Улуттар Уюмунан кытай бийлигин жоопкерчиликке тартуу боюнча конкреттүү чара көрүшүн суранабыз.

Кытайдын Шинжаңда миңдеген мусулмандардын жана азчылык улуттардын өкүлдөрүнүн "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат.

Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет. Акыркы кезде Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары "саясий тарбия берүүчү лагерлерден" кесип үйрөнүп, көз карашы өзгөрүп чыккан адамдар, анын ичинде жаштар тууралуу тасмаларды көрсөтүүдө. Анда алар “экстремизм оорусунан” айыкканын белгилешкен.

Кытай: массалык кармоо, тарбиялоо саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:20 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG