Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Казак карыя кытай лагеринде көз жумду


Өмүрбек Бегалы Кытайдагы лагерде кармалып турган ата-энесинин сүрөтүн көрсөтүп жатат.
Өмүрбек Бегалы Кытайдагы лагерде кармалып турган ата-энесинин сүрөтүн көрсөтүп жатат.

Кытайдагы тарбия лагерлеринин биринде 80 жаштагы казак карыя көз жумганы белгилүү болду. Атасы бир ай мурда каза тапканын бул аптада гана билгенин учурда Түркияда жашап жаткан этникалык казак Өмүрбек Бегалы “Азаттыкка” билдирди.

Өмүрбек 80 жаштагы атасы Бегалы Ибгаримдин Шинжаңдагы саясий лагерде каза тапканын “Азаттыктын” казак кызматына жума күнү билдирди. Карыянын көзү мындай бир ай мурда эле өтүп кетсе да, аны Өмүрбек Бегалы бир-эки күн мурда гана билген экен.

Азыр анын 70тен ашкан апасы Амина, агасы Абдрахман жана карындашы Адила саясий лагерде кала берүүдө. Суук кабарды анын карындашы Интернеттеги “Вичат” программасы аркылуу тастыктаган.

- Кечээ жүрөгүм ооруп, бүгүн дагы жаздым. Тогузунчу айдын 18инде көмдү деди. Мен качан жерге берилгенин сурагам, - деген Өмүрбек атасы кандай жагдайда каза тапканын биле албай убара.

48 жаштагы Өмүрбек Бегалы Кытайдын Турпан калаасында туулуп-өскөн. Ал 2006-жылы Алматыга келип, эки жылдан кийин казак жарандыгын алган. 2017-жылы жазында Турпандагы ата-энесин көрүп келейин деп Кытайга барганда камакка алынган. Сегиз айдан кийин гана боштондукка чыгып, Казакстанга келгенден кийин Кытайдагы саясий тарбия берүү лагерлер тууралуу журналисттерге айтып берген.

Болотбек Ракымбайдын 78 жаштагы апасы саясий лагерде экени кабарланууда.
Болотбек Ракымбайдын 78 жаштагы апасы саясий лагерде экени кабарланууда.

Шинжаңдагы мындай лагерлерде карыялар көп экенин Кытайдан келген кайрылмандар Казакстандагы маалымат жыйындарында байма-бай билдирип келишет. Маселен Кытайдан көчүп келген Болатбек Ракымбай уулу Шинжаңдагы апасы Гүлсимхан Базарбек кызынан кабар ала албай жүргөнүн өткөн аптада айтып берген.

Ал апасы менен 2007-жылы Кытайдын Тарбагатай аймагынан Казакстанга келип, 2009-жылы экөө тең казак жарандыгын алышкан. 80ге таяп калган апасы апасы 2017-жылы документтерин тууралап келүү максатында Кытайга кеткен боюнча артка кайткан эмес.

- 2017-жылы декабрь айында чек арадан өткөн болчу. Андан бери апам менен жакшы эле кабарлашып жаткам. 2018-жылы экинчи айдын 21и күнү байланышканымда апам Кытай полициясы чакырганын, ал жакка бара жатканын айткан. Ошондон бери кабарлашпай калды. Апам 1940-жылы Кытайда туулган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур азчылыктары менен кошо казактар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган. Быйыл Кытайдан Казакстанга качып келип, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн шарттуу кесилген Сайрагүл Сауытбайдын окуясынан кийин Шинжаңдагы казактардын маселеси ого бетер коомчулуктун көңүл борборуна чыккан.

Сайрагүл соттук териштирүүлөрдүн биринде кезинде Кытайдагы саясий лагерде мугалим болуп иштегенин, ал лагерлер кадимки түрмөгө эле окшош экенин айтып берген.

Шинжаңдын Кашкар шаарындагы полиция кызматкерлери.
Шинжаңдын Кашкар шаарындагы полиция кызматкерлери.

Казакстандын бийлиги Кытайдын Шинжаң аймагындагы массалык камоолорду ачык айыптоодон карманып келет. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги этникалык казактардын маселеси боюнча 600дөн ашуун арыз келип түшкөнүн, алар боюнча иш жүрүп жатканын билдирүү менен чектелген.

Сентябрь айында “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайда уйгурлар менен казактар негизсиз саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалып турганын, алардын ичинде кыргыздар да бар экенин кабарлаган.

Ага чейин Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоого каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Шинжаң аймагындагы мындай лагерлердеги уйгурлардын саны 1 миллионго чукулдаганы айтылган.

Жакында Кытай бийлигинин өкүлдөрү Шинжаңдагы тарбия лагерлери бар экенин моюнуна алып, бирок мындай жайлар абак эмес экенин, ал борборлордо адамдар кесипти жана кытай тилин үйрөнө турганын билдиришкен.

Расмий Бээжин Шинжаңда адам укуктары бузулду деген дооматтарды четке кагып, бул чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын диний экстремизмге каршы күрөшүү аракети менен түшүндүрүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG