Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:48

Кытай адал тамак-ашка тыюу салдыбы?


Шинжаңдагы базар.

Кытайдын Шинжаң аймагынан түшкөн соңку кабарларга караганда, бийлик эми бул чөлкөмдө адал тамак-аштын жайылышына каршы өнөктүк баштады.

Мындай чара аймакта “исламдын байистүү коомго киришине, экстремизмдин күчөшүнө "бөгөт коюу" деген жүйө менен жүрүп жатат.

"Reuters" агенттиги кабарлагандай, Компартиянын Шинжаңдын борбору - Үрүмчүдөгү лидери 8-октябрда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууда аларды динден баш тартууга, марксисттик идеологияга гана таянууга, коомдук жыйындарда кытай тилинде гана сүйлөөгө үндөп келген.

Ал эми шаардык бийликтин жергиликтүү "We Chat" социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасында жарыяланган документте мамлекеттик кызматкерлер тамактанууда кандайдыр бир диеталык чектөөнү карманбашы керек экендиги, мамлекеттик мекемелердин ашканалары эми аткаминерлер “ар түрдүү тамакты иче алгыдай” болуп уюштурулары көргөзүлөт.

“Associated Press” агенттигинин маалыматында Шинжаңдын бийлиги аймактагы “тарбия лагерлери” үчүн укуктук негиз берген мыйзамдык базага толуктоо киргизгени да кабарланды.

Жаңы жобого ылайык, эми Кытай тарап расмий “окуу борборлору” деп атаган лагерлерди “экстремизмдин таасири астында калган адамдарды” реформалоо үчүн да колдонулат.

Ал “окутуу борборлору” карамагындагыларга кытай тилин үйрөтүүгө, кесиптик, укуктук, идеологиялык билим берүүгө, психологиялык жактан реабилитациялап, жүрүм-турумун оңдоого да милдеттендирилет.

Кытай бийлигинин мындай жаңы көрсөтмөлөрү Шинжаңдагы тарбия лагерлеринде бир миллиондой мусулман, көбүнесе уйгурлар мажбурланып кармалып турганы боюнча тынчсыздануу эл аралык деңгээлде айтылып жаткан кезде чыгууда:

- Биз азыр Чыгыш Түркстанда күбө болуп жаткандар репрессиядан да чоң нерсе. Бул кытай өкмөтүнүн уйгурлардын өздүгүнө каршы багытталган, аларды атайлап ассимиляциялоо өнөктүгү. Бизди башкалардан айырмалаган тилибиз, динибиз, маданиятыбыз сокку астында калды. Бул баарыбызга тиешелүү мүшкүл. Диаспорадан ар бир үй-бүлөнүн кеминде бирден өкүлү лагерлерде камакта отурат. Бир миллиондон ашуун адамды массалык түрдө камоону эч актоого болбойт, - деген эле өткөн айда Женевада, БУУнун кеңсесиндеги басма сөз жыйынында сүргүндө жүргөн Дүйнөлүк уйгур конгрессинин президенти Долкун Иса.

Ал эми Кытайдын улуттук азчылыктар саясаты боюнча батыштык эксперттер жандоочтон алынган сүрөттөргө таянуу менен Шинжаңдын аймагында адамдар жапырт кармалган 1000-1200дөй жай бар деп божолдошкон. Ал жайларда бир миллиондой киши кармалып турат деген эсептерге Улуттар Уюму да кошулган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Шинжаңда уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам аймакка алардын байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму Шинжаңдагы кырдаал үчүн Кытайды кескин сындаган. АКШда уйгурлардын абалынан улам Бээжинге каршы санкция киргизүү чакырыктары айтылган.

Кытай бийлиги жогорудагыдай сындарды такай теригүү менен кабыл алат:

- Шинжаңда көрүлгөн чаралар менен жүргүзүлгөн саясат аймактын туруктуулугуна, өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган. Ошол эле учурда алар терроризм, улуттук сепаратизм менен мыйзамга ылайык күрөшүүгө, Улуттук коопсуздукту, адамдардын өмүрүн жана мүлкүн коргоого жардам берет. Шинжаңда азыр социалдык туруктуулук, экономикалык өсүш бар. Бардык этникалык тайпалар ынтымакта жашап, толугу менен дин жана ишеним эркиндигине ээ, - деди Кытайдын ТИМнин өкүлү Генг Шуанг.

Аз улуттар демекчи, коңшу Казакстанда Кытайдан көчүп келген казактар Шинжаңда камакта калган туугандарын бошотууга расмий Астанадан, БУУдан, Европа өлкөлөрүнөн жардам сураган акцияларды жыл башынан бери утур-утур өткөрүп келишүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG