Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:02

Кытайда дайыны чыкпаган кыргыздар көбөйдү


Асемгүл Алтынбек кызы үй-бүлөсү менен. Сүрөт кайнежеси Айымгүл Турдакун кызынын уруксаты менен жарыяланды.

Кытайлык казакка турмушка чыккан кыргыз келин Асемгүл Алтынбек кызы үч баласы менен дайынсыз болууда. Кайнежесинин айтымында, иниси түрмөдө калып, аны менен кошо камалган келини бир ай мурда бошотулган. Ошондон бери андан кабар жок.

Шинжаңда уйгурлар менен кошо казактар жана кыргыздар да куугунтукка кабылып жатканы тууралуу маалыматтар акыркы кезде көп айтыла баштады. Казак бийлигинин өз улутташтарына карата мамилесин мисалга тарткан кыргызстандык кайрылмандар да ал жактагы окуяларга кабатыр экенин "Азаттыкка" билдирип келишет. Кыргыз тарап кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишпей турганын айтуу менен чектелип жатат.

Кытайдын Шиңжаң-уйгур автоном районунда жашап, казак улутундагы Аяз Матай уулуна турмушка чыккан кыргыз тектүү Асемгүл Алтынбек кызынын дайыны бир айдан бери билинбей жатат. Бул тууралуу кайнежеси, он эки жыл мурда Кытайдан Казакстанга көчүп келген Айымгүл Турдакун кызы билдирди. Анын "Азаттыкка" айтып бергенине караганда, иниси менен келини 2017-жылдын башында диндар үй-бүлөгө конокко барганы үчүн камалган экен:

- Булар молдонун баласынын туулган күнүнө барышкан. Ошол жерден "силер дин таратуучусуңар" деп милиция кармап кеткен. Иним өзү намаз окучу эмес. Бирок дин тууралуу четин чыгарып айтып калчу. Келинимде такыр диний түшүнүк жок эле.

Айымгүл Турдакун кызы туугандарын Кытайдан чыгарууга казак, кыргыз бийликтери жардам берсе деген үмүттө. Мындан мурда Казакстандагы кайрылмандар менен иш алып барган “Ата Журттун ыктыярдуу жаштары” уюму аркылуу да жакындарын издеп көргөн. Туура бир ай мурда келини Асемгүл абактан чыгып, балдарына келгенин билип, телефондон сүйлөшкөн экен. Ошондон бери байланыш үзүлүп, азыр алардын дайын-дарегин биле албай отурат. Иниси түрмөдөн чыккан эмес.

Буга чейин Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген. Расмий Астана ал жактагы казактардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде аракеттерди көрүп жатканы байкалууда. Бирок Шиңжаң-уйгур автоном районунан Кыргызстанга көчүп келип жашап калган кайрылмандар кыргыз бийлиги тараптан бул маселеге "көңүл бурулбай жатат" деп нааразы. Алар басым күчөп, тууган-уруктары камалып жатканын билгени менен коопсуздуктан улам аны ачык айтып берүүгө көнүшпөйт. Биз анонимдүү түрдө маалымат берүүгө макул болгон кайрылманды кепке тарттык:

- Лагерлер тууралуу маалыматтар 2016-жылдын этегинен баштап чыга баштаган. Азыр керек болсо ар бир айылга чейин чоң-чоң лагерлер курулган. Кармалгандардан тирүү чыккандар жокко эсе. Өлүгү чыккандар бар. Кытайча "кызыл ырлар" деп коюшат. Компартияны жактаган ырларды зордук менен жаттатат. Эки маал тамак берет. Сабайт. Тартип өтө эле катуу болгондуктан, өз жанын кыюуга аракет кылгандар көп экен. Көбүнчө бетон дубалды сүзгүлөп өлүп алышат. Болбосо куралчан аскерлер 24 саат күзөтүп, өлгөнгө да уруксат беришпейт экен. Бул лагерлерде мусулмандар - уйгур, казак, кыргыздар эле кармалууда. Эми буларды кантип токтотуу мүмкүн дегенге башым жетпейт. Бирок бүткүл дүйнө жүзүндө Кытайга каршы басым күчөсө алар аргасыз лагерлерди жаба башташы мүмкүн. Лагерлер азыр эл арасында сыр деле болбой калды. Бирок Кытай ар бир адамдын оозун жабууга жана "лагерлер жок" деп ишендирүүгө бар-күчүн жумшап атат.

Кытай: массалык кармоо, тарбиялоо саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:20 0:00

Кыргызстанда иштеп жүргөн кытайлыкка турмушка чыккандардын дагы бири - Бишкектин тургуну Асипа. Ал казак улутундагы кытайлык жаран Шайырбек Долитханга баш кошуп, уулдуу болгон. Жолдошу Кытайга 2016-жылы иштери менен кеткен бойдон дайынсыз. Асипа ошондон бери аны таппай беймаза:

- Өзү Үрүмчүдө жашачу. Бир тууган, ата-энеси, эч кимиси жок. Мурда иштери менен ал жакка барып-келип турчу. "WeChat" менен байланышып, сүйлөшүп турчубуз. 2016-жылы акыркы жолу барганда "бул жакта телефон менен сүйлөшүү кыйын болуп жатат, эч нерсе жөнөтпө, мен телефондорумду тазалатып араң жүрөм" деп айтты. 2017-жылы байланыш такыр үзүлүп калды. Быйыл октябрда дайынсыз болгонуна туура бир жыл болду. Азыр лагердеби же жокпу, эмне болду билбейм. Ал Кыргызстандагы кытайлык компаниялардын биринде иштечү. Кабары жок болгондон кийин ошол кытайлардан сурасам, лагерде деп айтуу менен чектелишти. Жолдошум Кыргызстандын жарандыгын алууга аракет кылып жүргөн.

Кытайга кеткен курдашынын кабарын биле албай бушайман болгондордун арасында Бишкектин тургуну Муслихидин Салимов да бар. Анын теңтушу Турдакун Абылет Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунун мурдагы тургуну. Салимов Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин Кытайга кеткен досу бейкүнөө камалып кеткенин айтууда:

- Досумдун Кызыл-Суудагы туугандарына чалып жүрдүм. Алар сүйлөшкөндөн коркушат. Мен да аны сезип, "кабар барбы" деп сурасам, "кабар жок" дегенден башка сөз чыкпайт. Ошого аларды да беймаза кылбайын деп, көп чалбай калдым. Дагы бир жолу чалып көрсөм, телефондору өчүк экен. Кыргызстандын тиешелүү мекемелерине канча кайрылдым, эч бир натыйжа чыкпады. Турдакун Кыргызстандын жарандыгын алган да. Кетип атканда кокус камап сала турган болсо, сурап тургула деп ал жактагы туугандарынын номерлерин берип кеткен. Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине да айлап чалдым, телефонго эч ким жооп берди. Бул жактан да жооп болгон жок.

Турдакун Абылеттин тагдыры тууралуу макала "Азаттыкта" былтыр августта жарыяланган. Анын курдашы Муслихидин Салимов "кыргыз бийлиги өз жаранын коргоодо чабал болуп жатат" деп эсептейт. Буга чейин Абылеттин тагдыры тууралуу сураганыбызда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ал кыргыз паспортун алганга чейин кытай атуулдугунан чыгуу жараянынан өтпөгөнүн, андыктан ал өлкөнүн жараны болуп эсептелээрин, коңшу мамлекеттин ички ишине кийлигише албастыгын расмий маалымдаган. Ошол эле кезде ага паспорт берүүдө Кытай жарандыгынан чыкпаганы эмнеге эске алынган эмес деген суроо ачык бойдон калган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен ал жактагы кыргыздардын укуктарын коргоо багытындагы аракеттерин билүүгө мүмкүн боло элек.

Ошол эле учурда Кытайда кыргыздарга жакшы шарттар түзүлүп жатканын айткандар да бар. Маселен, доцент Гүлзада Абдалиева тарыхый-илимий изилдөө иштери менен 2015-жылы Кытайдагы кыргыздар жашаган аймактардын дээрлик баарын кыдырып келген:

- Мен кыргыздарга кысым болуп атат деген сөздөргө көп деле кошула албайм. Анткени биз алардын жашоосун көрүп келдик. Башка аз сандуу улуттарга караганда кыргыздарга жакшы шарт түзүлгөн. Кыргыз мектептери бар.

Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тарта белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө" деп атаса, Кытайдын бийлиги жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районун 160 миңге жакын кыргыз байырлайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG