Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Шинжаң: Батыштын каты Бээжинге жакпады


Шинжаң-уйгур автном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартия курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.
Шинжаң-уйгур автном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартия курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.

Кытай Батыш мамлекеттери алардын ички ишине кийлигишпеши керектигин кайрадан айтып чыкты.

Расмий Бээжинден мындай билдирүү бул ирет Кытайдагы батыш элчилери аймактагы абал менен таанышуу үчүн Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчилигине кат жолдогону маалымдалган соң жасалды.

Шинжаңда мусулмандар басым-кысымга, куугунтукка кабылганы боюнча камтамачылыктар Батышта азыр күчөп, бери дегенде Шинжаңдын бийлигине санкция салуу демилгелери көтөрүлүп жатат.

Батыш өлкөлөрүнүн Кытайдагы элчилери Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчилигине кат жолдогону расмий Бээжинге жакпаганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньиндин сөздөрү ырастагансыды:

Хуа Чуньин.
Хуа Чуньин.

- Биз Кытайдагы элчилерди, эгер алар Шинжаңга кырдаалды түшүнүү үчүн баргысы келсе, кубаттайбыз. Бирок биз азыр көргөндөй жана медиа кабарлагандай, алар Шинжаңдын өкмөтүнө басым жасоо ниети менен баргысы келсе, бул албетте көйгөй жаратат. Менимче, алардын аракети дипломатиялык мамилелер боюна Вена конвенциясында каралган чектен да чыгууда. Шинжаң - ачык аймак. Анткен менен биз жергиликтүү бийлик органдарыбыздын ички ишине абийирсиздик менен кийлигишүү, Кытайды анын ички иштери үчүн алаңгазарлык менен сындоо аракеттерине каршы турабыз, -деди Кытайдын тышкы саясий мекемесинин өкүлү 15-ноябрда.

Батыш элчилери Шинжаңдын бийлигине жолдогон деген каттын мазмунун ачык жарыяланган жок. ​"Рейтер" агенттигинин маалыматына караганда, катка Батыш өлкөлөрүнүн он беш, анын ичинде Канада, Британия, Франция, Швейцария, Германия, Австралиянын элчилери кол койгон.

Батыш мамлекеттеринен Шинжаңда мусулмандар, басым-кысымга, куугунтукка кабылганы боюнча тынчсыздануулар өзгөчө акыркы үч айдан бери утур-утур айтылып жатат. Маселен, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 15-ноябрда Сингапурда, АСЕАН өлкөлөрүнүн саммитинде жүргөн жеринен билдиргендей, алар бул маселеге Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен кездешкенде көңүл бурушту.

Ал эми АКШда, Вашингтондон түшкөн маалыматтарга караганда, Конгрессте эки партиянын тең өкүлдөрүн атайы мыйзам долбоорун сунуш кылган жатышат.

Демократ конгрессмен Крис Смитс, демократ сенатор Боб Менендез, республикачыл сенатор Марко Рубио демилгечи болгон мыйзам президент Дональд Трамптын администрациясын Кытайдын Шинжаңдагы куугунтуктар үчүн жоопкер кызмат адамдарына, анын ичинде Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык биринчи жетекчиси Чэнь Цюаньгого каршы адам укуктарын бузганы үчүн санкция киргизүүгө чакырат.

АКШ администрациясында Бээжиндин “диний тайпаларды”, анын ичинде мусулмандарды “репрессиялоосуна” байланыштуу тынчсыздануу бардыгын 9-ноябрда Вашинтондо кытайлык кызмат адамдар менен жолукканда мамлекеттик катчы Майк Помпео да айткан.

БУУнун Женевадагы кеңсеси алдындагы нааразылык акциясы. 6-ноябрь, 2018-жыл.
БУУнун Женевадагы кеңсеси алдындагы нааразылык акциясы. 6-ноябрь, 2018-жыл.

Анын алдында, 6-ноябрда БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кытайдын баяндамасы каралганда АКШнын өкүлү Марк Кассайре буларга токтолгон:

- Бизди Кытай өкмөтүнүн Шинжаң-уйгур автоном районунда уйгурларды, казактарды, башка мусулмандарды куугунтуктоону күчөткөнү камтамага салууда. Кытайга эч негизсиз эле кармоолордун кандай формасы болбосун жоюуну, бул лагерлерде кармалган жүз миңдеген, балким миллиондогон адамдарды тезинен бошотууну сунуштайбыз.

Кытай расмийлери мындай чакырыктарга жооп кылып, адамдардын алар “окуу борборлору”, “тарбия лагерлери” деп атаган жайларга жөнөтүлүшүн “терроризмди, экстремизмди” алдын алуу деп түшүндүрүшкөн.

БУУнун Адам укуктары кеңешинде өткөн аптада Кытайдын баяндамасы угулушуна тушташ уюмдун Женевадагы кеңсесинде Кытайдын улуттук азчылыктар саясатына каршы нааразылык акциясы өтүп, анда Дүйнөлүк уйгур Конгресси деген уюмдун президенти Долкун Иса Шинжаңда кармалгандардын саны боюнча буларды белгилеген:

Долкун Иса. Женева, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Долкун Иса. Женева, 6-ноябрь, 2018-жыл.

- Бүгүн концентрациялык лагерлерде бир миллиондон үч миллионго чейинки сандагы адамдар отурат. Алар азап чегүүдө. Биз үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен байланыша албай жатабыз. Мен бозгунда жашаган уйгурлардын 99% үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышын жоготту деп айта алам.

Быйыл сентябрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Шинжаңда уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам кытай бийлигин аймакка алардын байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.

Коңшу Казакстанда болсо Кытайдан көчүп келген казактар Шинжаңда камакта калган туугандарын бошотууга расмий Астанадан, БУУдан, Европа өлкөлөрүнөн жардам сураган акцияларды жыл башынан бери утур-утур өткөрүп келишет.

Бул арада расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын дагы катаалдаштыра турганын ишара кылууда. Маселен өкмөттүн “Шинжаңдын маданиятын коргоо жана өнүктүрүү” деген ат менен ушул бейшемби күнү жарыяланган баяндамасында кытай улутундагыларды аймактагы этникалык топтордун арасына кабыл алуунун маанилүүлүгү баса көргөзүлгөн, Шинжаң “динди социалисттик коомго активдүү адаптациялап” жатканы айтылган.

Буга чейин өткөн айда бийлик Шинжаңда адал тамак-аштын жайылышына каршы өнөктүк баштаганы кабарланган.

Анда Үрүмчүдөгү шаардык бийликтин жергиликтүү "We Chat" социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасында жарыяланган документте мамлекеттик кызматкерлер тамактанууда кандайдыр бир диеталык чектөөнү карманбашы керек экендиги, мамлекеттик мекемелердин ашканалары эми аткаминерлер “ар түрдүү тамакты иче алгыдай” болуп уюштурулары көргөзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG