Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Журтташтардын үнү Бишкекте жаңырды


Кыргыз жарандыгын алган журтташтар Кытайдагы жакындарын издеп жатышат.
Кыргыз жарандыгын алган журтташтар Кытайдагы жакындарын издеп жатышат.

Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды коргоо” комитети түзүлдү. Алар коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү үчүн 29-ноябрда жыйын өткөрүштү.

Коомдук ишмерлер, активисттер катышкан бул жыйын​га Жусуп Малик уулу Кытайдагы туугандарынын сүрөтүн көтөрүп келди.

Анын айтымында, атасы Малик, агасы Амантур жана жеңеси бир жылдан бери абакта жатат. Кытай бийлиги алгач атасы менен байкесин кармап кетип, кийин жеңесин камашкан экен. Айласы куруган Жусуп алар жөнүндө жакындан тарта эле ачык айтууга өткөн.

- Менин атам ошол жакта. Кытайда туулган, 72 жашка чыгып калды. 1988-жылы туулган агам Амантур, 1991-жылкы жеңем дагы лагерде кармалып турат. Акыркы жолу жеңем менен "вичаттан" байланышкам. “Лагерге алып кетти, эмне себептен, качан чыгат билбейбиз, байланыша албай жатабыз деген. Биз карапайым эле үй-бүлөбүз. Атам дыйкан, агам шоопур, жеңем болсо үй кожойкеси эле. Интернетте "биринчи чет өлкөгө чыгып келгендерди, динге байланышы барларды кармаптыр" деп жазып жатышат. Биз мурдатан эле мусулманчылыкты карманып келгенбиз, аксакалдар намаз окуйт. Башка эч нерсеге байланышыбыз жок.

​Жусуп 2013-жылы Бишкекке билим алууга келип, 2016-жылы тарыхый мекенинде калууну чечкен. Кыргыз паспортун алган. Ал Кытайдын Кызыл-Суу районундагы Ак-Чий айылына жакын Пычанкент кыштагында жашап жүргөн учурда кыргыздарга эч кандай кысым болбогонун, "саясий лагерь" тууралуу укпаганын айтууда.

Жусуп жакындарынын кармалганын кыргыз жарандыгын алганы менен байланыштырды.

- Бул жактагы бардык кыргыздардын жакыны камакта жатат. Коркуп, ачыкка чыкпай жаткандар толтура. Атамдын камакта экенин айтып чыксам, энемди дагы камайт деп чочулашат. Мен бир жарым жылдан бери жакшы эле сабыр кылдым. Жакындарым чыгып калат деген үмүт менен жашадым. Ата-энем мен камалып кетсем, дароо айтып чыгышмак эле... Акыры жүрөгүм чыдаган жок, атамды сагындым, кусалык жаман экен... Түпкү мекеним деп келгеним менен ата-эненин орду башка экен, - деди Жусуп.

Жусуп абактагы атасын, туугандарын, жашы өтүп калган апасынын жалгыз калган абалын эстегенде жанын коерго жер таппай турган чагы.

Жыйында кыргыз жарандыгынын алган ондон ашык кайрылмандар Кытайда дайыны чыкпай жаткан туугандары жөнүндө айтып, кыргыз бийлигинен алардын абалын билип берүүнү суранышты.

Көздөрүнө жаш алган боордоштор бир жылдан бери ооз ачпай, күйүтүн ичине катып келгенин, мындан ары ачык айтып, бир боорлордон жардам суроо үчүн чогулушканын билдиришти.

Бири бир тууганынын, экинчиси ата-энесинин, кээ бири күйөөсүнүн, айрымдары аялынын үнүн угууга зар. Азыр дагы Кыргызстанда Кытайдагы туугандарынан кабар ала албай, аны ачык айтып чыгуудан коркуп жаткандар арбын экенин белгилешти.

Кытайдан келип, кыргыз жарандыгын алган Алмамбет Осмон уулу бул маселени көтөргөндөрдүн өмүрү коркунучта экенин кошумчалады:

- Бул жерде турган жигиттерди мафиялык жолдор менен же башка күчтөр менен уурдатып кетпейби деп чочулап атабыз. Ушул жерде күч органдарынын өкүлдөрү болсо кайрылып кетебиз. Кыргызстанга корголоп келип жатабыз. Бизди көз салып туруңуздар. Бул жерде Токон Мамытов мырза сыяктуу таанымал кишилерден суранабыз. Айланайын туугандар, мекендештер жардам бергиле!

Кайрылмандар жакындары Кытай мамлекеттиндеги "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып турат деп божомолдошот.

Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга акыйкатчы Токон Мамытов ​да катышты. Ал маселе боюнча тастыкталган маалыматтарга таянып жооп бере турганын айтты. Ал үчүн акыйкатчы Кытайга барып келүүгө убада берди.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Эртеңден баштап Кытайда дайыны чыкпай жаткандардын жакындарынан кабыл алам. Паспортуңар менен келгиле. Тигил жактан жооп келгенден кийин силерге жооп берем. Өзүм дагы Кытайга барып келүүгө аракет кылам.

Акыйкатчы ошондой эле фактыларды абайлап сүйлөөгө чакырды. Ал "эки өлкө ортосундагы ынтымакка от коюп алышыбыз мүмкүн" деп эскертти.

Анткен менен мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун адам укугун коргоодогу негизги органдын бүгүнкү күнгө чейин маалыматы жоктугун сынга алды.

- Акыйкатчы буга чейин эле иштеши керек болчу. Кытайга барып келсе болот. Акыйкатчынын ролу чоң. Бул чоң кемчилик, эми мындан кийин аракет кылат деп ойлойм.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов кыргыз бийлиги бул көйгөйгө көңүл буруп, кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүшү керек деп эсептейт.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Мен Кытай жетекчилиги мындай кылмышка бармак эмес деп ойлойм. Мунун баарын уюштуруп жаткан Үрүмчүдөгү биринчи катчы. Үрүмчү менен биз ушул маселеде жооп алмайынча, соода, маданий, экономикалык делегацияларды токтотуу керек. Бээжинге, Шанхайга бара беребиз. Ал эми Үрүмчү, Кашкардын алаамат болуп жаткан жерлерине барбашыбыз керек.

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнгөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган. 27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

“Кытайдагы кыргыздарды коргоо” комитетинин маалыматында Кытайдагы кыргыздарды 2016-жылдын аягынан баштап кармай баштаган. Алардын маалыматы боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат. Камактагылардын арасында интеллигенция өкүлдөрүнөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун, тарыхчы Аскар Жунус ж.б. бар.

"Атам менен агам кытай түрмөсүндө жатат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:49 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG