Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

"Кытайда казак-кыргыз катаал түрмөдө кармалууда"


Серикжан Билаш.
Серикжан Билаш.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунда Кытайда 50 миңдей кыргыз улутундагы жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар. Аталган уюм бир нече жылдан бери Кытайда камакка алынган казактарды бошотууга аракеттенип келет.

Камакка алынган жакындарын издеп кайрылгандар көп. Алардын арасынан кыргыздарды да табууга болот. Уюмдун активисти Серикжан Билаш Кытайдагы камоо өнөктүгү тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кытайдагы уйгур, казак жана кыргыз улутундагы жарандар Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайлардын катаал шарттагы түрмө экенин айтып жатышат. "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму иштей баштагандан бери бул жайлардан казак улутундагы канча киши бошоду?

Серикжан Билаш: "Мен түрмөдөн чыктым, паспортумду алдым" деген кишилердин саны 200дөн ашты. Анын ичинде кээ бири түрмөдөн чыкканы менен азыр Кытайда. Алардын паспортторун колго беришкен эмес. Мисалы, абактан чыгып, Кытайдын өзүнөн чыга албай тургандар көп. Иле-Казак автоном облусунун Күнөс ооданынан бир күндө эки жолу эки жүздөн казак абактан бошоду. Кулжа ооданынан бир күндө 30-50 чакты, Тогуз-Торо ооданынан 50гө жакын казак бошотулду. Булардын арасында Кытайдын түрмөсүнөн бошоп, Казакстанга келгендер бар. Так санын айтуу кыйын. Маселен, Казакстандын жарандыгын алса да түрмөдө 125 күн отурган Орунбек Көксебек деген жигит бар. Казакстандын жарандыгын алганына 15 жыл болгонуна карабай Кытайга барган кезде кармап, Шинжаңга алып барып түрмөгө камаган Аманжан Сейит деген киши бар. Аманжан Сейит ноябрдын башында БУУнун Женевада өткөн жыйынына расмий түрдө катышып, өзүнүн Кытай түрмөсүндө көргөн күнүн, адам укуктары тебеленип жатканын айтып берди.

"Азаттык": Ал эми Кытайдагы кыргыздар тууралуу кандай маалыматтарды билесиз?

Серикжан Билаш: Бизде Кытайдын түрмөлөрүндө отурган 20дан ашык кыргыздын тизмеси бар. Кытайда кыргыздар негизинен эки аймакта жашайт да - Кызыл-Суу Кыргыз автоном округу менен Иле-Казак автоном аймагынын Текес ооданында. Иле-Казак автоном округунда жашаган кыргыздардын ичинен камакка алынгандар тууралуу айтсам, Бекен Үсүп, Тураалы Үсүп, Токтомуш Казакбай, Амантур Апсалам, Кудайберген Турдакун, Камза деген киши жана анын кызы Макпал, Абдигаппас Абдигапар, Ыдырыс Касий, Мүсүралы Үсөн, Бейшалы Өпкөлөң менен анын аялы Нургүл, Нурдун Бектурган, Сатыбалды Иса, Акыйкат деген жигит да бар, фамилиясын таба албадым. Мындан тышкары Каратай Качкынбай, анын бир тууганы Бектурган Качкынбай, Айтжан Акылман, Турганбай Тунияз, Токтогул Шамшы уулу, Мукур Мужаң, Жумагүл Шейшенбек кызы, Батима Асан кызы деген адамдардын тизмесин билебиз. Ошондой эле кыргыздар менен кошо кармалган жана кыргыздашып кеткен дунган улутундагы жаран да бар экен. Анын аты-жөнү Карыбай Мужаң уулу. Казак улутундагы Садык Кудайберген, Асей Кудайберген, мугалим болуп пенсияга чыккан Бакдөөлөт жана Нурдөөлөт деген кишилер да камакта, алардын фамилиясын таба алган жокпуз. Булардын баары Иле-Казак автоном округундагы Муңгул-Күрө ооданындагы Шаты-Кыргыз айылынын тургундары. Бул айылда казак, кыргыз, дунган улутундагы жарандар жашаган да. Камактагылардын көбү мал багып, дыйканчылык менен тиричилик кылгандар. Арасында мугалим болуп иштегендер да бар.

Биз үч жылдан бери иштеп жатабыз. Интернетте "Youtube" аркылуу тынбай чыгып келебиз. Башында жакындары камалып кеткендер алар тууралуу коркуп эч нерсе айтчу эмес. Кийинчерээк арызданып, тууган-туушкандарын издегендердин катары көбөйдү. Азыр маалыматтар казактардан да, кыргыздардан да келип жатат.

"Азаттык": Кытайда кыргыздардын арасынан чыккан интеллигенция өкүлдөрү да кармалып жатканы айтылууда. Ушул кабардын чын-төгүнүн уккан жоксузбу?

Серижан Билаш: Кызыл-Суу Кыргыз автоном округундагы кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редакторлору камалганын уктум. Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Кызыл-Сууда 1980-жылдан баштап "Кызыл-Суу кыргыз адабияты", "Шинжаң кыргыз адабияты" деген журналдар чыккан да. Өздөрүнүн кыргызча телеканалы да бар болчу. Үрүмчүдөн чыккан "Шинжаң" телеканалынын ичинде казактар менен кыргыздардын да телеканалдары бар эле. Эми ошол жерлерде иштегендердин, 80-жылдардан тартып китеп чыгаргандардын баарын "чыпкадан" өткөрүп, улуттук тарых, улуттук маданият тууралуу макала жазгандарды тегиз кармап жатат деп эшиттим.

"Азаттык": Кытайдагы бул көрүнүштү эмне менен байланыштырасыз?

Серикжан Билаш: Бул жерде кыргыздар менен казактарды кармоодо башка улуттарды кармоого окшобогон бир жагдай бар. Дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттары бир нерсени катуу жазып атышат. Алар казактарга келип маектешет. Алматыга келишсе, “100 факты” десе жүздү, “200 факты” десе эки жүздү видео, аудио, жазуу, сүрөт, кармалган адамдардын паспортун кошуп, баарын беребиз. Алар барат дагы, "Шинжаңда мусулмандар кармалып атат" деп жазат. Күйүп кетесиң да! “Казак” деген сөздү өтө аз колдонушат. Алар Шинжаңда уйгурлар гана жашайт деп ойлошот. Бул - чоң ката. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда. "Экстремизм, терроризм" деген жалаа менен уйгурларды түрмөгө тыгып отурат. Дин жагынан анчалык фанат эмес, Кытайдагы кыргыз менен казактын дини бизге белгилүү го. Кыргыз менен казактын дини кытайларды тынчсыздандыра тургандай фанаттык деңгээлге жеткен жок. Мисалы, кыргыз менен казактын бир айылын алалы. Жүз кыргыз, жүз казактын ичинен төрт кыргыз, төрт казак жума күнү мечитке барып койгон болсо, анын да бир-экөө ишемби күнү арак ичип коет. Кыргыз-казак айылдарында 2005-2010-жылдары гана мечиттер пайда болду. Ага чейин дурусураак мечит да болгон эмес. Мисалы, Үрүмчүдө казактардын да, кыргыздардын да мечити жок. Уйгур менен дунгандардын мечиттери бар. Уйгурлардын "Ислам маданияты" аттуу кытайча журналынын котормосу чыгат. Алардын "Жүңгө мусулмандары" деген журналы бар, казактарга журнал чыгарууга тыюу салып койду.

Үрүмчүдө уйгурлардын бир нече мечити бар, казактарга мечит курууга уруксат жок. Кытайлар кыргыз-казактын диний фанат эмес экенин эң сонун билет. Бирок эч кандай уруксат бербейт. Башында алар 1911-жылы манчжурларды, андан кийин кытайлык монголдорду ассимиляция кылды. Эми кыргыз менен казакка карата да ушундай саясат баштады. Анткени, кыргыз менен казак динге анчалык бериле электигин билип, "ушундайында имерип алабыз" деп атышат. Көп адам бир нерсени түшүнбөй жатат. Былтыр 500 миң казак кармалганы тууралуу чет элдик маалымат каражаттарынан укканбыз. Биз азыр жети жүз миң казак кармалды деп ойлойбуз.

"Азаттык": Камактагы кыргыздар тууралуу да ар кандай кабарлар чыгууда. Силердин уюмга келген маалыматтар боюнча, кармалган кыргыздардын саны канча?

Серикжан Билаш: Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунан келген маалыматтарга караганда, 50 миң кыргыз түрмөдө отурат. Бул эки ай мурдагы кабар. Бул дагы болжолдуу сан. А чынында канча адам камакта экенин эч ким санай албайт, так билбейт. Кыргыздар жашаган аймак өтө чоң. Кызыл-суу Кыргыз автоном округу, Улуу-Чат деген оодан бар. Тирелип турган бийик тоолуу аймактардын баарында кыргыздар жашайт. Атактуу манасчы Жусуп Мамай жашап өткөн Кызыл-Суудагы Ак-Чий менен Артыш деген шаарынын ортосунда эле автобус менен 22 сааттык жол. 2010-жылы казак жазуучулары болуп Жусуп Мамайга барып учурашып, конок болуп кайтканбыз. Кыргыздар ушундай чоң аймакта турат. Бирок кытайлар, өкмөттүк статистика менен алардын саны 200 миңдей деп жалган маалымат берген. Мен Кытайдагы кыргыздар кеминде 400 миң деп ойлойм.

"Азаттык": Сиз айтып жаткандай Кытайдын саясатынын динге тиешеси жок болсо, анда эмне менен байланыштуу?

Серикжан Билаш: Кыргыз, казак, монголдор көчмөндөр. Алардын саны аз болгону менен ээлеген аймагы чоң. Кармалган малчылардын дээрлик баарынын ээлигинде 20 гектардан 100 гектарга чейин жайлоо, кыштоо, айдоо аянттары бар. Менин малчы туугандарымдын тың чыкмаларынын миң гектар жери бар. Алар мал багып, көчүп-конуп жүрөт. Кезинде Кытай өкмөтү аларга бул жерлерди менчиктештирип берген. Тактап айтканда, "35-40 жылга чейин сенин ээлигиңде болот" деп, колдоруна күбөлүк, документ берип койгон. Малчылар жайытты талашып калат эмеспи. Ошонун баарын мыйзамдаштырып, жандоочтон GPS менен өлчөп, "бул жер сеники, биягы тигиники" деп, атайын мамлекеттик комиссия түзүп туруп, 1985-90-жылдарда "35-40 жылга" деп документ берип таштаган. Эми кытайлар бул жерлерди тартып алуунун эки жолун тапты. Биринчиси - күч менен тартып ала баштады. Үрүмчүнүн айланасындагы Даван, Балдар бакчасы деп аталган жерлердин баары казактардын кыштоолору болгон. 35 жыл мурда казактардын баарын тоого кубалап, ал жерлерди калаага кошуп алган. Үрүмчүдөн алыс эмес жерде, тоо арасында Швейцариядай кооз көл бар. Кийин ошол жерлердин баарын казактардан тартып алып, колдорундагы документтерди алып, өкмөттүк менчикке өткөрүп, Гонконгдогу туристтик компанияга берип, "туризмди өнүктүрөбүз" дешти. Ал эми казактарды айылдарга түшүрүп, аз-аздан жер бөлүп бере баштаганда буга казактар көнгөн эмес. Жүздөгөн казак Компартиянын Үрүмчүдөгү комитетинин алдына митингге чыгып, ачкачылык жарыялады. Ошондо жүздөгөн кишинин баары соттолуп, бала-чакасы куугунтукта калды. Ошентип, кыргыз-менен казак жайлоолорун күчтөп тартып алууга макул болгон жок. Алар арызданды, сотко кайрылышты. Мисалы, мен Кытайда иштеп жүргөн кезде казак-кыргыз катарлаш отурган Кара-Жон деген атактуу жайлоодо Кытай күчтөрү менен казактардын ортосунда катуу тиреш болуп, бир нече казак өлгөн. Ал боюнча сот иштери акыйкат каралган эмес. Ошондо ушул окуя тууралуу Америкадагы "Эркин Азия" радиосуна чыгарып жүргөм. Ошентип, Бээжин мал баккан көчмөндөрдү "жайлоонун экологиясы бузулду" деген шылтоо менен күчтөп айылдарга отурукташтырган. Алгач ал айылдарга үй салып берүүгө убада берип, андан кийин ар бир үй-бүлөнү 50 миң, 100 миң юанга өкмөткө насыяга байлап койду. Ошентип алар насыяларынан кутула албай, колундагы кырк жылга алган жайлоонун документин өкмөткө берүүгө мажбур болушту. Элди өзүнүн жайлоосуна, кыштоосуна өзүн чыгарбайт. Ага кошумча аларга өкмөт "экологияны коргоо үчүн акы" деп ай сайын акча төлөп турду. "Жайлоого мал чыгарсаң акча төлөбөйбүз, чыгарбасаң төлөйбүз" дешти.

"Экология бузулбай эле, чөп адам боюнан бийик өсүп турат, эми жайлоого чыгалы" дегендерге "жайлоого чыксаң беш жыл бою өкмөттөн алган акчаны кайтар" деп айтат. Ал акчаны болсо малчылар жок кылып койгон. Башында ал каражатты берген кезде кийин кайтарыла турганын эскертишкен эмес. Өкмөттүн "экологияны коргоо үчүн" деген акчасын малчыларга гектарына жараша ай сайын бөлүп берип отурган. Кыскасы, аягында ушундай саясат менен элдин айласын кетирип, "жайлоону же акчаны танда" деп, шантаж кылып отурат го. Бул саясат 90-жылдарда, 2000-жылдарда жүрдү. Атайын кыргыз, казак, монголдорго багытталган. Алардын жерин тартып ала баштаган кезде уйгурларга карата эч кандай саясат жок болчу. Аларга эч ким тийишкен эмес. Көчмөндөр туристтерди кызыктыра турган кооз жерлерде жашап турган.

Кийинчерээк саясаттын экинчи ыкмасына өтүштү. Ал 2009-2010-жылы башталды. Үрүмчүнүн жанында Санжы деген жер бар. Ал жерде калың казак жашайт. Ар биринде миң гектардан жайлоо-кыштоо бар. Ошол жерлерди өкмөт сатып ала баштады. Темир жол, шаар курула турганы айтылды. Көрсө, ошол Санжыда бир миллион адам бата турган түрмө курулган экен. Аны биз эми, он жылдан кийин билип отурабыз. Кыскасы, бийлик жерди тартып алды. Кээ бир казак, кыргыз, монголдор буга көнбөй койгондон кийин жүз миңдеп түрмөгө тыкты. Абакта коркутуп-үркүтүп, күнү-түнү Компартиянын ырын ырдатып, кыйнап, тамак бербей, дааратканага баргызбай жүрөк үшүн алып жатат. Түрмөдөн чыгаргандан кийин ал кишилер маңкурт болуп калат. Түрмөдө дарыларды берип, нечен түрдүү вакциналарды сайышат экен. Кытайдын түрмөсүнөн чыккан жигиттер эмне дары экенин айтпай, зордоп ичире турганын айтышты. Дары ичкениңди камерага тартып турат экен. Белгисиз дарыны күч менен билекке саят экен. "Ал дарыны бербесе кийин өзүң ичкиң келип турат" дейт. "Үй-бүлө, жакындарыңды ойлоп, кыйноодон өзүңдү-өзүң өлтүргүң келип отурасың, бирок ал дарыны ичкенден кийин башыңдагы кайгы бүт унутулат" дешет.

Казак, кыргыз, монголдордун жерлерин тартып алганы тууралуу маалыматты мен Голландиянын журналисттерине да айттым. Алар "дүйнө боюнча Шинжаңга байланыштуу биринчи жаңылык болду, буга чейин камоо динге байланыштуу деп ойлоп жүргөнбүз" деп билдиришти. Ооба, уйгурларды динге байланыштуу кармап атышат. Ал эми Кытай менен дини бир тибеттиктерчи? Кайсы динди тутканын өздөрү жакшы билбеген монголдорчу? Эгер динге байланыштуу болсо Кытай саясатынын аларга кандай катышы бар?

"Азаттык": Сиз мүчө болгон уюм камактагылардын чыгышына жардам берүүдө кандай ыкмаларды колдонуп жатат?

Серикжан Билаш: Башында чет элдик маалымат каражаттары менен маектешип, маалымат берип келдик. Камактагылар тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду, алардын кай жактан кармалганы тууралуу маалыматтарды тынымсыз жарыялай бердик. Мунун баары Кытайга карата эл аралык маалыматтык кысым пайда болушуна түрткү берди. Буга чейин Кытайдын Казакстандагы элчиси, Европадагы элчилери "бизде лагерь жок" деп айтып келишкен. Бирок жакындары камакта жаткан миңдеген казактын видео кайрылуулары Интернетке чыкты. Ошондон кийин кытайлар "бизде саясий тарбия берүүчү жайлар бар, биз аларга кийим тиккенди, нан бышырганды үйрөтүп жатабыз" дешти. Ошондо эл аралык коомчулук: "Эгер үйрөтүү жайлары болсо, анда эмнеге түнкү саат 3тө бала-чакасын ыйлатып туруп, башына мүшөк кийгизип, кишен салып кармап кетти? Эмнеге аларга жылына бир жолу бала-чакасы менен көрүшүүгө уруксат берилбейт?" деп суроо салды.

Кийинчерээк Шинжаңга Бээжиндеги телеканалдын журналисттери келип, лагердин ичинде өзбекче ыр коюп, казак менен кыргызды бийлетип элге жарыялады. Элестетиңиз, бүт баары темир тор менен курчалган жерде бийлеп атышат. Баары бирдей, түрмөдөгүдөй форма кийген аялдар мас болуп бийлеп жатканын көрсөтүштү.

Экинчи темир тордун ичинде теннис ойноп жаткандар көрсөтүлдү. Бирок айлананын баарында камера. Кытай тилин үйрөтүп аткан класстарды да көргөздү, алдында да, артында да бир нече камера. Ошол видео жарыялангандан кийин чет элдиктер: "Чын эле үйрөтүү жайлары болсо, эмнеге мынча жабык?" деп суроо коюшту. Ошондо кытайлар айласы жок лагерлер бар экенин моюнга алды.

"Азаттык": Кытайдагы адам укуктарынын сакталышына кантип жетишүүгө болот деп ойлойсуз?

Серикжан Билаш: Кытайлык кыргыздардын маселесин Кыргызстан эмнеге ушул убакытка чейин көтөрбөдү, түшүнбөй жатам. Менде Кыргызстандын милициясын кытайлар сатып алганы тууралуу аудио, фотолор бар. Кытайдан көчүп келип, Кыргызстандын жарандыгын алган уйгурлар бар го? Ошолорду беш миң долларга сатып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Кытайлар буюртма берет, ал эми күч органдарынын өкүлдөрү аны аткарышат экен. Эң арзаны 5 миң доллар турат экен. Ал Кыргызстандын жараныбы же башка өлкөнүн жараныбы, карашпайт. Жашыруун алып барып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан өткөрүп берет. Бир гана милиция эмес, криминалдык топ да ушуну менен алектенет деген кабарлар бар. Андай маалыматтарды мен Сайрагүл Сауытбайдын (Ред: Сайрагүл Сауытбай Кытайдан Казакстанга качып келип, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн шарттуу кесилген. Казакстанга келгенден кийин Кытайда казактар жапырт камалып жатканын, өзү алар кармалган түрмөлөрдүн биринде иштегенин, анда 2 миңден ашык казак камакта отурганын айтып берген) окуясы талкууланып жатканда жарыя кылгам. Казактын полицияларында да ушул көрүнүш бар да. Алар абактан чыккандан кийин Сайрагүлдү кармап, полиция бөлүмүнө эмес, башка жакка камаганда анын кайниси бизге келип, бул маалыматты бүт дүйнөгө жарыяладык. Кытайлар Кыргызстан менен Казакстанда жүргөн кыргызды да, казакты да алдап чакырат, документке кол коюп кетишин өтүнөт, андан кийин тууган-туушканын опузалап чакыртат. Ал эми барбай койгондорун жанагыдай жол менен кармап кетет экен.

- Маегиңизге ырахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG