Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:00

Кыйноого түшкөн кытайлык келиндин баяны


Мехригүл Турсун Конгресстин өкүлдөрүнө башынан өткөндөрүн айтып берип атат. 28-ноябрь, 2018-жыл.

Кытайлык уйгур Мехригүл Турсундун окуясы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, Бээжиндин "саясий тарбия лагерлеринин" маселесине коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурдурду. Шинжаңдагы лагерде баш-аягы үч ай отурган Мехригүл өз башынан өткөргөнүн 28-ноябрда АКШ Конгрессинин өкүлдөрүнө айтып берди.

29 жаштагы Мехригүл Турсун Кытайдагы лагерде көргөн кордуктары тууралуу айтып берип жатканда көз жашын токтото албай турду:

- Акыркы жолу алар мени аябай катуу сабап салышты. Аларга “мени өлтүрүп эле салгылачы” деп жалбардым.

Мехригүл 2010-жылы Египеттеги Британ университетине окуганы барып, турмушка чыгып, ошол жерде калып калган. Беш жылдан кийин үч эм балалуу болгон. Андан көп өтпөй балдарын алып Кытайга төркүндөрүнө барат. Ал учуп барары менен эле Үрүмчү аэропортунан кармалып, суракка алынган. Мехригүлдү Кытайдын бийлик өкүлдөрү балдарынан ажыратып, лагерге үч айга камап салышкан. Ошентип ал үч жыл ичинде үч жолу камакка алынган.

- Алар мени экинчи жолу кармаганда атайын бөлмөгө алып барып, бийик отургучка отургузушту. Бир нече адам колу-бутумду бекем кармап турду. Аскерлер менин такыр башыма туулга (шлем) кийгизип, ток урдуруп кыйнашты. Ар бир жолу токту баскан сайын денем титиреп, тамырларым зыркырап жатканын сезип турдум.

Мехригүлдүн айтымында, ал лагердеги жертөлөдөгү бөлмөгө камалган. Ал жакта алтымыштай аял болгон. Бөлмөнүн бардык бурчтарына видеокамералар орнотулган. Бөлмө абдан тар болгондуктан, аялдардан баары бирдей жатып уктаганга орун жетчү эмес. Мехригүл ошол себептен алар сыз жерге эки сааттан кезектешип укташканын кошумчалады:

- Эртең мененки тамакка суу жана бир аз күрүч берилчү, биз Коммунисттик партияны даңазалаган ырларды ырдачубуз. Андан кийин "Жашасын Си Цзинпин!" деп бир нече жолу кайталачу элек. Алар бизди белгисиз дары-дармектерди жана ак суюктукту ичүүгө мажбурлашты. Ал ак суюктукту ичкенден кийин кээ бир аялдардын этек кири келбей калса, башкалар тескерисинче кансырап бул жашоодон өтүп кетишти. Мен үч айдын ичинде биздин камерадан эле тогуз киши көз жумганына күбө болдум.

​Акыры Кытай бийлиги былтыр жайында Мехригүлгө “кайра кайтып келесиң” деген шарт менен Египетке барып балдарын таштап келүүгө уруксат берген. Каирге жеткенде уйгур келин дароо америкалык дипломаттар менен байланышып, алар Мехригүлдү Америкага чыгарып кетишкен. Сенаттын Кытай иштери боюнча комитети Мехригүлдүн айткандарынан кандай жыйынтык чыгарып, кандай чара көрөрү азырынча белгисиз.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери тарай баштаган. Быйыл жыл башынан тартыып Шинжаң-уйгур автоном районунда жашаган тууган-туушкандарынын дайыны чыкпаганын айтып Казакстандагы жарандар бийликке кайрылышкан. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат. "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

Расмий Бээжин тарбия лагерлерин кесип жана тил үйрөтүүчү кадыресе билим берүү борборлор катары мүнөздөп жатат.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин белгилешинче, учурда Кытай мамлекетинде 202 миң кыргыз жашайт.

Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашары айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG