Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

"Кыргыз чоролорунун" талабы


Бишкектеги митинг. 20-декабрь, 2018-жыл.
Бишкектеги митинг. 20-декабрь, 2018-жыл.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди отуз күн ичинде мамлекеттен чыгарууну бийликтен талап кылды.

Бирикменин активисттери Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акцияга чыгып, Шинжаң аймагында "тарбиялоочу лагерлердеги" ар бир кыргыздын камалган себебин ачык айтууну суранып элчиликке кат тапшырышты. Мындан сырткары акцияда акыркы он жылда чет элдиктерге кыргыз паспортунун мыйзамдуу берилгенин текшериш үчүн комиссия түзүү талабы коюлду.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Кубаныч Дүйшеев негизги талаптарды атады:

- Кытайдагы аз улуттарга, анын ичинде кыргыздарга зордук-зомбулук болуп жатканын маалымат каражаттарынан билип жатабыз. "Алардын камалган себебин коомчулукка ачык-айкын айтсын" деп Кытай элчилигине келдик. Өзүбүздүн бийликке "30 күндүн ичинде мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мамлекеттен чыгарылсын" деген талап бар. Азыр канчалаган чет өлкөлүктөр мыйзам бузуу менен жарандык алып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан "коомчулук менен мамлекеттик органдар чогуу комиссия түзсүн" деген талапты коёбуз.

"Кыргыз чоролору" уюуштурган акцияга алар көтөргөн идеяны колдогондор, Кытайдагы жакындарын издегендер болуп жалпысынан 100дөн ашуун киши катышты. Бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев бир айдын ичинде бийликтен реакция болбосо, өздөрү рейд өткөрүп, мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктай турганын белгиледи.

- Азыр "мыйзамсыз жүргөндөр жок" деп айтып жатышпайбы. "34 миң келсе, ошончосу чыгып кетти" деп жатышат. Мен ага ишенбейм. Бүгүн Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар абдан көп. Алар өз каалоосу менен Кыргызстандан чыгып кетсин, болбосо биз, "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси ар бир ишканага рейд жасайбыз. Албетте, мамлекеттик органдардан суранабыз, эгер алар макул болбосо биз өзүбүз барабыз. Азыр “Казакстанда бийликтин аракети менен эки миңдей казакстандык лагерден чыкты” деп жатышат. Биздикилер эмнеге аракет кылбай отурат?

"Кыргыз чоролору" бийликке талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкө аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда таркаган маалыматтарга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда 2018-жылы Кыргызстанга 35 215 (2017-жылы 41 307) кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде бул аралыкта 34 436 (2017-жылы 40 690) кытай жараны чыгып кеткени Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык айтылган.

Мында Кыргызстанга кирген жана чыккан кытай жарандарынын көрсөткүчтөрүндөгү айырма тууралуу маалымат айтылган жок.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 21 17 кытай жараны Кыргызстандын визасын алган. Мунун ичинен 14 492 электрондук виза. Былтыр кытайлыктарга 12 310 виза берилген. Мамлекеттик каттоо кызматы болсо Кыргызстанда убактылуу жашаганга 11 966 (2017-жылы 18 312) кытай жараны уруксат алганын, алардын ичинен 9 498и (2017-жылы 11 593) убактылуу иштөөгө укук алганын кабарлайт.

Мындан тышкары, 2010-2018-жылдары Кыргызстандын 60 жараны Кытай Эл Республикасынын жарандары менен расмий үй-бүлө курган. Соңку сегиз жылда ошондой эле 268 кытай жарандары Кыргызстандын жарандыгын алган. Алардын ичинен 171 кыргыз, 72 уйгур, тогуз өзбек, алты кытай, тогуз дунган жана бир казак улутундагы адам бар.

Мунун алдында Кытайдын жарандары Кыргызстанга кириш үчүн ири суммада акча берип жатканы, мыйзамсыз жүргөн кытайлар көбөйгөнү айтылган телефон сүйлөшүүлөр социалдык тармактарга чыгып кеткен.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктыгын чыгарган басма сөз жыйынында да Кытайдагы кыргыздар боюнча маселе көтөрүлүп, мамлекет башчы буга этият мамиле кылыш керек экенин белгиледи:

- "Алыскы туугандан жакынкы кошуна" деп ата-бабаларыбыз бекеринен айткан эмес. Анан буга дипломатиянын эң жогорку чеберчилиги керек. Азыр бизде түрмөдө он кытайлык жаран соттолуп, бешөө түрмөдө отурат.​ Алар бакырган жок да? Ал жердеги биздин туугандарыбыз - Кытай мамлекетинин жараны, ал мамлекеттин мыйзамдарына баш ийет. Ачык айтпаганыбыз менен биз буга байланыштуу тиешелүү иш-аракетибизди жүргүзүп жатабыз. Мунун өзүнүн эрежеси бар. Эки тараптуу келишимдер бар, ошонун негизинде иштеп жатабыз. Коңшулар менен жакшы мамиледе болуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечиш керек.

Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтар такталып жатканын айтуу менен гана чектелип келет.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков акцияда айтылган талаптар жөнөкөй маселе эмес экенин билдирүүдө.

- Бул маселени чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал - саясий жана дипломатиялык жол менен сүйлөшүү. Өкмөттө атайын ошол маселелер жүктөлгөн Тышкы иштер министрлиги бар жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги, Кытайдын Бишкектеги элчилиги бар. Ошол жол менен сүйлөшөт деген үмүттө турам.

Кытайдын Шинжаң аймагында "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" башка улуттун миңдеген өкүлдөрү кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

УКМК, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен "чоролор" биргеликте 2014-жылы рейд уюштуруп, Кытайдын жарандары мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган. Бирок жарандык активисттер булардын ишмердигин мыйзамсыз деп баалап, нааразылыгын билдирип келишет. Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев мындай акциялар өкмөттүн, укук коргоо органдарынын ишине ишенбегенден улам уюштурулуп жатат деп эсептейт.

- Эң негизгиси укук коргоо органдары, бийликтин өкүлдөрү өзүнүн миссиясын аткарыш керек. Мисалы, “мыйзамсыз жүргөн мынча кытай бар экен, мынчасын таап чыктык, мынчасын депортация кылдык, эскертүү бердик” деп айтыш керек да. “Кыргыз чоролорунун” "мындай кылабыз" дегени албетте, мыйзамсыз, ал түшүнүктүү. Бирок бул бийликке коңгуроо, ошондон тыянак чыгарыш керек. Алар деле жөн эле, көйгөй жок жерден чыга калышкан жок да, - деди ал.

Буга чейин Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны көбөйгөнүн, алардын саны 100 миңге жеткенин Жогорку Кеңеште эл өкүлү Таабалды Тиллаев көтөрүп чыккан. Миграция кызматы жана Ички иштер министрлиги ал маалыматтарды төгүндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG