Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 02:51

Астана эки миң кайрылманды кабыл алат


Шинжаңдагы "окутуп-тарбиялоочу борбордун" окуучулары, 5-январь, 2019-жыл.

Астана Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсүндө айтылгандай, кайрылмандар тарыхый журтуна келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат ала алышат.

Ак Ордонун мындай көңүл көтөргөн кабарына удаа эле бейшембиде Алматыда бир топ киши жыйынга чогулду. Ага катышкан коомдук активисттер менен Кытайда туугандары барлар Шинжаңдагы саясий тарбиялоочу лагерлерде мажбурлап кармалган боордошторго колдоо көрсөтүүнү улантууга үндөштү.

Саясий ишмер Расул Жумалы борбор азиялык активисттерге биригип, кытайлык боордоштордун маселесин байма-бай көтөрүп, талкуулап турууну сунуш кылды. "Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын коомдук ишмерлери Кытайдагы аз улуттардын абалы тууралуу биргелешкен билдирүү менен чыгышы керек деген" оюн ортого салды.

Жыйынга катышкан Кайрат Даутхан эки жылдан бери жубайын Кытайдан чыгара албай жатканын айтып даттанды. Анын эки баласы тең казак жараны. Сегиз айлык уулу Шинжаңда аялы менен калса, төрт жаштагы кызы өзү менен Казакстанда жашайт. Даутхан Казакстандын президенти менен ар кыл мекемелерге буга чейин бир нече жолу жардам сурап кайрылганын дагы айтты.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

Бишкекте түзүлгөн "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин эсебинде, жабык жайларда 50 миңдей кыргыз бар.

Мындай жайга отуруп чыккандар аларды бийлик өз маданиятынан жана ишенимдеринен баш тартууга мажбурлап, идеологиялык сабактарды окутканын айтып беришкен.

28-30-декабрга чейин 12 өлкөнүн дипломаттары Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан.

Казакстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Манарбек Кабазиев адамдар “окутуп-тарбиялоочу борборлордо” кошумча кесипке ээ болуп жатканын, кытай өз жарандарына "жакшы шарт" түзүп бергенин белгиледи.

- Кытай өкмөтүнүн бул студенттерге түзүп берген шарты – Кытай өз жарандарына олуттуу кам көрүп жатканын көрсөтөт деп айтууга негиз берет. Кытай өкмөтү, Шинжаң уйгур автоном районунун бийлиги өз жарандарынын жаңы кесипке ээ болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзүп жатканын белгилегим келет, - деди казакстандык консул лагерлерди кыдырып жүргөн кезде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Кытай эки миң казакты чыгарат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:13 0:00

Шинжаңга Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин дипломаты дагы барганын тышкы иштер мекемеси бышыктады.

Кытай бийлиги “окутуп-тарбиялоочу” борборлорду көрсөтүүгө Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошкон жок.

«Хьюман Райтс Уотч» уюму дипломаттардын Шинжаңга сапарынан кийин билдирүү таратып, кытай бийлиги уюштурган бул иш-чараны «тыкыр көзөмөл алдында болгон сапар» деп баалады.

Эл аралык уюм кытай бийлиги көз карандысыз эксперттер менен дипломаттарды саясий тарбиялоочу лагерлерге тоскоолдуксуз киргизиши керек деп санайт.

Шинжаң: "тарбиялоочу лагердеги" жашоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:50 0:00

Өткөн аптада кытай бийлиги эл аралык журналисттердин чакан тобуна Кашкар, Каракаш жана Хотандагы лагерлерди көрүп чыгууга уруксат берген. Ал жерде тарбиялангандар журналисттерге бир ооздон “өз ыктыяры” менен келгенин айтып беришкен. Бийлик өкүлдөрү кабарчыларды карыш бастырбай, коштоп жүрүшкөн.

Шинжаңга барган «Казинформ» агенттигинин журналистинин жазганына караганда, лагердегилердин бири дагы арыз-муңу тууралуу ооз ачкан эмес. Алар бир ооздон «экстремизм идеялогиясын жуктуруп алганын», андан арылган соң кытай тилин, мыйзамдарды үйрөнүп үйлөрүнө кайтышарын айтып беришкен.

Казакстандык кабарчы белгилегендей, журналисттер кытай бийлигинин өкүлдөрүнүн гана катышуусунда лагердегилер менен сүйлөшө алышкан, бирөө-жарым менен ээн-эркин маектешүүгө уруксат берилген эмес.

Кытай – Казакстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири. Коңшу өлкөнүн бийлиги көзөмөлдөгөн медиа каражаттары лагерлерде кармалган казактар тууралуу маалыматты көңүл сыртында калтырышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсү декабрь айында медиа каражаттарына чыгып кеткен маалыматты бышыктады. Анда Бээжин эки миң казакка Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат бергени айтылган. Астана ырастагандай, кайрылмандар Казакстанга келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат ала алышат.

Былтыр Казакстандын тышкы иштер мекемесине камактагы казактардын туугандарынан 915 арыз түшкөн. Коңшу өлкөнүн бийлиги 2018-жылдан бери кытай тарап эки миңдей казакка Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат бергенин маалымдаган. Анын ичинде "кош жарандыгы бар" деп шектелген 20 казактын 15и дагы боштондукка чыкканы айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG