Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Өкмөткө "моралдык сокку" урган пара чыры


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.

Ошол эле учурда өкмөт башчы транспорт министри менен сүйлөшкөнүн жана ал бул ишке тиешеси жок экенин айтканын билдирди. Өкмөттүн мындай позициясы коомчулукта бир топ адамдарды нааразы кылып, "өкмөт башчы министрди калкалап жатат" деген пикирлерге жем таштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин паракорлукка байланыштуу кармалышы боюнча үн катпай отурган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кескин сынга алды. Эл өкүлү министрдин моралдык жоопкерчилигине байланыштуу өкмөт башчыга собол таштады:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Өлкө боюнча "орун басар 520 миң доллар менен кармалды" деп кеп кылып жатышат. Демократиялык мамлекетте министр ошол жерден кызматтан кетет. Өкмөт башчы чыгып түшүндүрмө берет. Улуттук банк болсо 4 миллион сомду кечип салып унчукпай отурат. Биз эмне деген мамлекетпиз? Туура, тергөө болот. Бирок моралдык жоопкерчилик бар да. Министр уялганынан эртеси кетиш керек да негизи, уят болсо.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаминердин кармалышы өзүнө, министрге моралдык жактан сокку болгонун белгиледи. Ошол эле учурда өкмөт башчы министр бул ишке тиешеси жоктугун айтып жатканын билдирип, аны калкалагандай болду.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Туура эмес иш болду. Азыр тергөө жүрүп жатат. Өкмөт башчы катары мага, министрге моралдык жактан сокку болду. Министр менен сүйлөшкөн учурда тиешеси жок экенин айтып жатат. Биз ушул иштерде кемчиликтер бар экенин айтып, тапшырма бергенбиз. Андан кийинки жыйынтык ушул болду. Министр да өзү келип “ушундай күмөнүм бар” деп айткан.

Министр Жамшитбек Калилов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип жатып, орун басарынын пара менен кармалышы ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирген.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев 13-декабрда парламент жыйынында коррупцияга каршы күрөш боюнча кайрылуу жасап, айрым аткаминерлер эч кимден коркпой, өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес-аянтчага айландырып алышканын сындап чыкты:

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

- Аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен пара алып жатышат. Мурдатан келаткан 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок. Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен. Ал эми бизде канчалаган жолдор курулууда? Демек, алардан миллиондогон доллар каражаттар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатпайбы.

Ири суммадагы каражаттар айланган Транспорт жана жолдор министрлиги коррупциялашкан органдардын бири катары айтылып келет. Четтен келген каражаттардын басымдуу бөлүгү да ушул тармакка, жол курууга жумшалат. Бакыт Төрөбаев 2010-жылдан бери Кыргызстандын аймагында бир катар жолдор курулганын эске салып, ага жалпы суммасы 1 млрд. 200 млн. доллардан ашуун каражат жумшалганын билдирди. Ал бул акчанын 1,5 пайызы, башкача айтканда 19 млн. доллары аткаминерлердин чөнтөгүнө кетиши ыктымал экенин кошумчалады.

Жапония, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүндө өзү жетектеген мекемедеги мүчүлүштүктөр үчүн министрлер кызматтан кеткен, элден кечирим сураган учурлар кездешет. Саясий эксперт Чынара Эсенгул Кыргызстанда намыскөй, жоопкерчиликти ала алган саясий элита калыптана элек деп эсептейт.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

- Муну саясий-системалуу коррупция деп коёт, - деди ал. - Бул жерде баары бири-бири менен байланышып калган. Карап келсең саясатчылар да бир топ жылдан бери саясий жоопкерчиликти алганга кандайдыр пайдубалы жок болуп калган. Анткени тарыхый жактан деле, союз убагында чечим башка жерде кабыл алынчу. Азыр чечимди кабыл алып, ага жооп бере тургандай саясий маданият калыптана элек. Эми мурда, кечээ эле жасай турган иштерди бүгүн деле жасасак кеч эмес. Болгону ошол нукка багыт алыш керек.

Жарандык активист Адил Турдукулов бардык ири жолдор боюнча өткөрүлгөн тендерлер кайра каралып, анда коррупциялык аракеттердин бар-жогун депутаттардан, жарандык коом өкүлдөрүнөн турган комиссия текшериши зарыл деп эсептейт. Ошондой эле ал айрым ири долбоорлорду токтотуп турууну сунуш кылды:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бул жерде министрдин, премьер-министрдин саясий жоопкерчилиги бар. Министр бул иштер боюнча иликтөө жүрүп жаткан учурда ишинен четтетилиши керек. Ал эми өкмөт башчы түздөн-түз орун басардын ишин көзөмөлдөйт, буйрук берүүгө укуктуу. Ошондуктан премьер-министр өзү кызматтан кетпесе да ушул тармакты жетектеген, кураторлук кылган орун басары, вице-

Бул тармакты биринчи-премьер-министр Кубатбек Боронов тейлейт.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен өткөн аптада кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алганын, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланганын кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү буга чейин ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган. Паракорлукка шектелген аткаминер УКМКнын тергөө абагында камакка алынган.

Орун басарынын кармалышы боюнча министр Жамшитбек Калиловдун эки башка жооп кайтарганы 13-декабрдагы парламент жыйынында да айтылды. Депутаттардын арасынан министрдин өзүн да текшерүүнү талап кылгандар болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG