Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Жемкорлук тууралуу билдирген адамды коргоочу мыйзам долбоору талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо уланат. Бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин талкуусуна мыйзамдын макулдашылган варианты чыгарылат.

Эки жыл мурда парламент кабыл алып, бирок ошол кездеги президент кол коюудан баш тарткан мыйзам долбоорунун негизги автору Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова болгон.

Документтин долбоорунда айрым карама-каршылыктар бар экени айтылып, ал алымча-кошумчаларды киргизиш үчүн кайра парламентке кайтарылган. Бирок Салянова президенттин жүйөсүнө макул эмес экенин билдирген.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коррупция болгону сот аркылуу далилденип, мамлекетке акча өндүрүлсө, ал сумманын 30% ошол факт тууралуу айтып чыккан кызматкерге сыйлык иретинде берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG