Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Жарым жылда мигранттар Кыргызстанга 1,2 млрд. доллар которду


Орусияда курулушта иштеген кыргызстандыктар. Воронеж. Архивдик сүрөт. Анын жаңылыкка тиешеси жок.
Орусияда курулушта иштеген кыргызстандыктар. Воронеж. Архивдик сүрөт. Анын жаңылыкка тиешеси жок.

2018-жылдын жарым жылында чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 1 млрд. 200 млн. доллардан ашуун каражат которду. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 110 млн. долларга көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

2017-жылы чет жакта жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которгон. Кыргызстанга келген бул сумманын 90% Орусияда жүргөн мигранттар жөнөткөн.

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 млрд. 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 млрд. 991 миллион долларды түзгөн.

Кийинки күндөрү Орусияда, Казакстанда жана Түркияда улуттук валютанын куну түшүп, эмгек мигранттарынын маянасына таасирин тийгизип жатканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG