Өрөөндү бөлө жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын тактала элек чек аралары дал ушул аймакка мүнөздүү болчу. Ошондуктан чек аралардын такталып, тынчтык жолу менен чечилиши жалпы Борбор Азия үчүн ири тарыхый окуя болду.
Алмашылган үйлөр, жаңы түптөлгөн конуш
2025-жылдын соңуна барып Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын тактоодо алмашылган турак жайларды өткөрүп берүү жараяны соңуна чыкты. Бул тууралуу “Азатыкка” курган маегинде президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев билдирди. Үйлөрү алмашууга туш болгон же көчүрүлгөн жарандарга турак жайлар толугу менен курулуп берилди жана кенемте төлөндү деди ал.
“Чек араны тактоодо алмашууга туш болгон участоктор боюнча эки тараптуу инвентаризация кылуу комиссиясы иш алып барды. Анын негизинде алмашкан участоктордон көчүп чыккандарды жайгаштыруу боюнча Баткен районунда Жаңы Достук айылы түптөлдү. Ал жерге баардык шарттары менен заманбап 181 үй курулуп, жол, суу, бала бакча, электр энергиясы, медициналык тейлөө дегендей жашоого керектүү бардык маселелерге каражат бөлүнүп, жашоочулардын сунуштары да эске алынып чечилди. Кээ бир жумуштары дагы деле уланууда. Ар бир кожолуктун мурда жашап жаткан үйлөрүндөгү чарбалык жана башка короо сарайлары эсептелип 500 миң сомдон 2 млн сомго чейин кенемте да төлөнүп берилди. Ар бир үй орточо эсеп менен 3 млн 300 мин сомдон курулду, андан тышкары инфраструктура толук жасалды. Толугу менен алмашууга туш болгон үйлөрдү көчүрүп чыктык. Ушундай эле Лейлек районунда да 76 үй курулду. Ал жерде да заманбап, бардык шарты менен жасалды. Социалдык жана тейлөө мекемелери курулду. Ал жакта да жашоочуларга компенсация төлөндү, көчүрүп чыктык”, - деди Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев.
Тажикстан тараптан Кыргызстанга 259 турак үйлөр жана социалдык объектилер өттү. Ошону менен чек араны тактоодогу алмашууга туш болгон участоктор боюнча жумуштар толугу менен жыйынтыкталды. Эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин сентябрда аягына чыгарды.
Үйлөрү, короо-сарайлары алмашууга туш болгон жарандар үчүн кыргыз бийлиги Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында 257 үй куруп берди. Күз айында тургундар толугу менен жаңы конушуна көчүрүлдү. Лейлекте Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет курган үйлөргө, Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашты.
Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген Достук айылынын тургундары Баткен шаарында курулган үйлөргө көчүрүлдү.
Ошол учурда соцтармактарга Достук айылындагылар ата конушу менен ыйлап коштошуп жаткан тасмалар тараган. Айыл тургундары “Азаттыкка” тынч жана бейпил жашоо үчүн чек аранын чечилгенин кубаттап, жаңы конушунда жаңыча жашоо баштаганын айтып беришкен.
“Айылыбыз чек ара такталганда Тажикстанга өткөнүнө байланыштуу бизге мындай жаңы конуш түптөп, үйлөрдү салып беришти. Эми көчүп келип жайгашып баштадык. Бул жаңы үйлөр деле мурдагы үйүбүздөй эле абдан жакшы экен. Баары көңүлдөгүдөй”, -деген Жаңы-Достук айылына көчүп келген тургундардын бири Исраил Кунназаров.
2025-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан - Тажикстан мамлекеттик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуунун долбоорун депутаттардын талкуусуна сунуштап жатып, алмашылган жана эки тараптан бири-бирине өткөн тилкелер тууралуу кеңири маалымат берген эле.
Ташиев Достук айылы боюнча бир катар талкуулар болгонун, жыйынтыгында Достук айылындагы жаңы салынган үйлөргө компенсация катарында 30 га суулуу жер Лаккон участогунан алынганын кошумчалаган.
"Биз Достук айылын жаңыдан куруп чыкканбыз, Достук айылында биздин жаңыдан курулган үйлөр бар, чек ара бекетибиз бар, аны да кошуп берип атабыз, ушуга компенсация кылып бересиңер” деп шарт коюп, 30 га жер алдык. Менимче, үйлөрдү бузса, курса боло берет, бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 га жерди суулуу жерден, Кара-Бак айылынын жанынан алдык. Ошол элди ал жерге көчүрүп, мамлекет тарабынан Достук айылынын элине ар бирине кайрадан үй салып беребиз", - деген УКМК төрагасы.
Чек араны тактоодо ким утту деген маселенин өзү коюлбашы керектигин, жалпы чөлкөм үчүн чоң утуш болгонун бир катар эксперттер белгилеп жатышты. Бир катар өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр-чатак токтоп, соода-сатык жанданып, чек аралардын ачылышын кубатташкан.
"Чек арадагы акыркы макулдашуу, талаш-тартышка чекит койгон чечим элдин көнүлүн тынчытты. Буга чейин канча жылдар “чек арада эмне болот” экен деп кооптонуп жашап келдик да. Албетте, адам өмүрүн алган окуялар болбой туруп чечилгенде жакшы болмок. Бирок чечилбей келди да. Ошол окуяда курман болгон мекендештерибиз унутулбайт. Бирок мындан ары да жашоо керек, балдардын келечеги бар дегендей. Тынчтык болушу үчүн коңшулар менен мамиле кылышыбыз керек", - деген “Азаттыктын” кабарчысына Баткендин Самаркандек айылынын тургуну Өсканалы.
Эл аралык реакциялар
2025-жылы 15-майда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке келип кеткен. Ал президент Жапаров менен жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча тарыхый макулдашууга жетишүүгө өзгөчө көңүл буруп, аны бүткүл регион үчүн маанилүү жана шыктандыруучу мисал деп атаган.
Түрк тилдүү мамлекеттер уюму (ТМУ) Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын кубаттаган.
Билдирүүдө уюм эки өлкөнүн дипломатиялык жол менен жана конструктивдүү диалог аркылуу келишимге жетишкендиктерин жогору баалай турганы айтылган эле. Бул макулдашуу Борбор Азияда жана анын чегинен тышкары тынчтыкты, туруктуулукту өнүктүрүүгө негиз болору белгиленген.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин колдогон. Андан сырткары ШКУ, КМШ сыяктуу ири уюмдар дагы кубатташты. Андан сырткары бир нече мамлекеттер реакция кылып, колдоосун билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл 21-мартта Нооруз майрамына карата президент Жапаров жана Кыргызстандын элине жолдогон куттуктоосунда Тажикстан менен чек ара маселесине чекит коюлганы маанилүү экенин белгилеген.
"АКШ Кыргызстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Тажикстан менен чек аранын делимитацияланышы экономикалык пайда алып келген маанилүү жетишкендик, эки мамлекеттин тең коопсуздугун бекемдейт", - деп жазылган анда.
Жыл соңунда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн лидерине - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиеевге Тынчтык сыйлыгын тапшырды. Аталган сыйлык аларга Борбор Азиядагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн берилген.
Айжигитовдун окуясы
2025-жылдын 5-мартындагы Жогорку Кеңештин жыйынында 67 жаштагы депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди сындаган билдирүү жасагандан кийин алгач “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылган. 28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Айжигитовго мурда чыккан сот өкүмүнүн негизинде анын депутаттык мандатын алган.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров Чүйдүн Сокулук райондук соту 2020-жылдын 14-февралында Султанбай Айжигитовду денеге жеңил жаракат келтирүүгө байланыштуу күнөөлүү деп тапканын, Чүй облустук соту 2021-жылдын 10-июнунда райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырганын билдирген. Шайназаров Айжигитов бул маалыматты шайлоо алдында жашырып койгонун айткан.
Султанбай Айжигитов “баланы сабаганы тууралуу далил жок экенин, ушунун негизинде “мөөнөтү өтүп кетти” деген жүйө менен сот ал ишти жапканын жана соттуулугу жок экенин” айткан. Ал ошондон улам өзүнүн мандаты саясий негизде алынганын билдирген.
29-апрелде саясатчы өзү жана анын аялы суракка чакырылган. 30-апрелде УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошовага башка фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирип, суракка алган. Тагыраагы 2021-жылы депутат болуп шайланган аялын башка бир депутаттын жардамчысы катары жумушка мыйзамсыз орноштурган деген айып тагылган.
Айжигитовду жана анын жубайын кармоо учурунда алар атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып чыгышкан. Кийин мунун сүрөттөрү да жарыяланган. УКМК мындай билдирүүнү четке каккан. Сот аларды үй камагына алган. Иштин материалдары сотко өткөн соң саясатчыга дагы бир айып коюлганы белгилүү болгон. Анда Айжигитов 2005-2008-жылдары Баткендин губернатору болуп турган маалда аялын мамлекеттик мейманканага директор кылып мыйзамсыз дайындаганы кошулган. Султанбай Айжигитов коюлган эки айыптоону тең четке каккан эле. Сот ишине чекит коюла элек.
Чек ара бекеттеринин ачылышы
2025-жылдын 13-мартында Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылган.
Калган чек ара бекеттери июлдун башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбү сапарында ачылды.
Эки өлкө ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель соңундагы чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
“Мен Тажикстандын Кыргыз-Кыштак айылында туулгам. Азыр айылдын аталышы өзгөрүп кетти, Хушобод болуп калган. Ошол айылда туулуп, мектепти аяктагам. Кийин Тажикстанда жогорку билим алдым. Кыргызстанга турмушка чыкканыма 15 жыл болду. Акыркы 4-5 жылдан бери туугандарым менен телефондон байланышып турдук, барды-келди каттам үзүлгөн эле. Ковид, андан кийинки чек ара жаңжалынан баралбай калдык да. Ата-энем, бир туугандарым баары айылда Тажикстанда калган. Биз сегиз бир тууганбыз. Жалгыз мен Кыргызстанга турмушка чыккам, калганы Тажикстанда турушат. Чек ара ачылып, карым-катнаш калыбына келгенине абдан кубандык”, -деп айтып берген чек ара бекеттери ачылганда Баткен районунун тургуну Феруза Туйгунова.
“Карамык” жана “Бор-Дөбө” чек ара бекеттери Кыргызстанды Тажикстандагы этностук кыргыздар жашаган аймактар менен байланыштырат.
Журналист Жолдош Турдубаев соңку чечим эң ири этностук кыргыздар үчүн маанилүү экенин белгилеген.
"Эл үчүн, айрыкча этностук кыргыздар үчүн бул өтө маанилүү жол. Себеби, ошол Жерге-Талда жашап жаткан кыргыздардын кыйласы Кыргызстанга көчкөн. Айрыкча акыркы эки жолку кагылышуудан кийин көчүүлөр өтө көп болду. Там-ташын калтырган адам бул жакка келип убактылуу жашап жаткандар да бар арасында. Алар сөзсүз түрдө кайра ошол ата-бабасы, туугандары жашап жаткан жерге баргысы келет. Туугандары менен катышуу, тойлор болот, кайтыш болгон туугандарына барып куран окутуш керек. Катышуу тынымсыз болуп турат. Чек ара жабыкта аргасыз Кожент тараптагы жол ачылганда айланып-тегеренип Дүйшөмбү аркылуу, Чоң-Алай жолунан 4-5 эсе ашыкча чыгым менен каттап жаткандар болду. Аргасыз да, зарыл болгон үчүн каттайт да. Дарылануу үчүн каттагандар бар. Жаштардын окуп, билим алуусу үчүн бул жакка каттагандар бар. Кыскасы, бул жолдун ачылышы бардык жагынан эң туура болду".
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык алака 2021-жылдан тарта кескин муздап отуруп, 2024-жылга карай дээрлик жокко эсе болуп калган. Чек ара такталгандан кийин соода кайра жандана баштады.
Чек арага тартылган зым
Кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация жумуштары үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен жерден – Төрт-Гүл айыл аймагынан башталып, Кара-Бак айыл өкмөтүндө, Аксай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак тилкесинде уланган. “Азаттыкка” президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Токсонбаев учурда 150 чакырымга зым тартылганын ырастады.
“Учурда Тажикстан менен чек аранын 150 чакырымына зым тартылды. Көпчүлүк бөлүгү Баткен районунда, калганы Лейлек районунда. Тосмолонгон бөлүктөр негизинен маанилүү бөлүктөр, мурда талаш-тартышка себепчи болгон участоктор. Иш дагы да уланып жатат”, - деди Токсонбаев.
Зым тартуу иштерине жергиликтүү бийлик менен эл дагы кол кабыш кылып, аларга жардам берип, тамак-ашына каралашып, айрым мекеме-ишканалар дагы барып кабарлашып турганы соцтармактарга тарап жатты.
Чыр-чатактардан жүрөкзаада болуп калган жергиликтүү тургундар чек арага зым тартылгандан кийин өздөрүн коопсуз сезип калышканын айтып беришкен.
“Чек арабыз тосулганга чейин кандай кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Кабарыңар бар, 2019-2020-жылдары тополоң болуп, ошондо менин үйүм өрттөнгөн. Коркуп жашайт элек да, мал-жандыгыбыз өтүп кетсе да артка кайтарып келүү мүмкүн болбой калган. Азыр эми зым тартылып, Кудайга шүгүр тынч болуп калды. Чек арабызды тактап, тосуп, зым тартып бергиле деп келгенбиз да мурда. Мурда түндөсү жатсаң уйкуң качат эле. “Эмне болуп кетет, кандай таң атат” деген санаа менен жашадык”, - дейт Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоонун тарыхы
Чек ара тактоо маселеси совет доорунда - өткөн кылымдын 20-жылдарынын орто ченинен башталган. Совет бийлиги 1924-жылдан тарта Борбордук Азияда улуттук-аймактык бөлүштүрүүнү жүргүзгөн.
Чек арага байланыштуу келишпестиктер совет мезгилинде эле жарала баштаган. Маселен, 1982-1989-жылдары Ворух анклавынын айланасындагы кыргыз-тажик айылдары ортосунда жаңжал болгон. Анда дагы жер жана сууга байланыштуу маселеден чыр чыккан. СССР ыдырап, советтик республикалар өз алдынчалыкка ээ болгондон кийин чек ара маселеси чөлкөмдөгү курч көйгөй болуп чыга келди. Совет мезгилинде чек аралар шарттуу гана белгиленип, карым-катышка эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Өрөөндөгү эл жайытты, сууну орток пайдаланылып келген.
Эгемендик алгандан кийин бул маселе эки өлкөнүн чек ара чырынын булагына айланды. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тактоо боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр 2002-жылдын аягында Бишкекте башталган. Андан кийин 2003-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөн. Мында негизинен чек ара сызыгын кайсы документтердин негизинде такташуу жагы каралган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсыл юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикир таба албай, иш алдыга жылган эмес. Кыргызстан сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылган.
Ал тапта 2000-жылдардын орто ченинен тарта чек ара чатактары тутана баштады. Маселен, 2012-жылы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги айылдарда 18 чатакташуу катталган болсо, кийинки жылдарда жаңжалдар улам өөрчүп, мүнөзү дагы өзгөрө берген. Башында таш ыргытылса, кийин курал колдонула баштады. Айталы, 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 чыр-чатак катталып, бирок алдыдагы жылдарга салыштырмалуу чыңалуу күчөп, ок атышуудан жараат алгандар, каза тапкандар көп болгонун расмий маалыматтар ырастап турат. Ошентип чыр-чатактар күчөп олтуруп, 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында куралдуу кагылышууларга алып келди. Ушул окуялардан кийин кыргыз бийлиги чек араны тактоо иштерин жандантып, саясий чечим кабыл алды. Анын арты менен кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2025-жылы толук аягына чыкты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын жана мурдагы эки ача пикирлер боюнча мунаса табылганын билдирген.
"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталгандан тартып тажик тарап чек араны тактоодо 1924-1927-жылдагы материалдар менен иштөөнү карманып келген. Ал эми кыргыз тарап 1991-жылдын 8-декабрындагы “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түзүү жөнүндө” келишимдин, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алматы декларациясынын жана “КМШ мамлекеттеринин эгемендүүлүктү сактоо, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги тууралуу” Москва декларациясына негиз кылып, кыргыз-тажик чек арасын жазууну сунуштаган. Башкача айтканда, эки мамлекет эки түрдүү документтер менен тактоону сунуштап келишкен. Мындан улам тараптар чек аранын калган бөлүгүн тактоодо бирдиктүү чечимге келе албастан, сүйлөшүүлөрдүн кийинки 10 жыл аралыгында, 2011-2021-жылга чейин бир да метр чек ара тилкесин тактай алышкан эмес. 2021-жылдан тартып эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны тактоо иштерин жигердүү улантып, талаа-изилдөө жана камералдык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыкка жетиштик".
2025-жылдын 31-мартында Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшту. Алар үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышкан.
Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдире турганы айтылды.
2025-жылдын соңундагы IV Элдик курултайда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чек ара маселесинин чечилиши менен жалпы эле Борбор Азиянын коопсуздугу камсыздады деп айтты.
“Кыргызстан үчүн эң оор жана көп жылдык сыноолордун бири – бул мамлекеттик чек аралардын так аныкталбай келиши эле. Чек арасы такталбаган өлкө юридикалык жактан толук калыптанбаган, өз мамлекеттүүлүгүн коргоодо алсыз өлкө болуп саналат. Мамлекеттик чек арабыздын өз учурунда толук такталбагандыгынан, узак жылдар бою элдин тынчын алган татаал мезгилдерди, ал түгүл кандуу окуяларды башыбыздан кечирдик. Чек ара маселесинин толук чечилиши, жөн гана жетишкендик эмес, бул – өлкөнүн коопсуздугу жана толук көз карандысыздыгы үчүн кепилдик. Бул жерде мен Камчыбек Кыдыршаевич баштаган өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдире кетем. Чек ара маселесинин толук чечилиши менен, биз жаңы тынчтык, ынтымак жана ишеним дооруна кадам таштадык. Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен болгон чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши аркылуу Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук камсыздалды”, - деп айтты.
Чөлкөмдөгү коопсуздук
Ошентип узак жылдар бою чыр-чатактын булагы болуп келген чек ара маселесине быйыл чекит коюлду. Кыргызстан өткөн жылы Өзбекстан менен чек арасын тактаган. Ага чейин кыргыз-өзбек чек арасында келишпестиктер такай орун алып турчу. Ар кандай келишпестиктерден улам 2000-жылдардын орто ченинен тартып Өзбекстан Кыргызстан менен байланыштырган бир канча чек ара өтмөктөрүн жаап салган эле. 2017-жылдан кийин гана мамиле жакшырып, чек ара бекеттери ачыла баштаган.
Борбор Азия өлкөлөрүндө чек арадан өтүп карым-катнаш кылуу дайыма тоскоолдуктар менен коштолуп келген. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баарында баңги бизнеси, диний радикализм маселеси дайыма көңүл борборунда турат. Ошентсе дагы жыл аяктап баратканда Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “келечекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек аралар ачылат” деп айтканы быйылкы окуяларды жакшы нотада жыйынтыктаган ниет болуп калды. Ташиев бул тууралуу расмий билдирүү жасаган жок. Бирок 30-октябрда Манас шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешине келген Өзбекстандын жана Тажикстандын чек ара мекемелеринин башчылары менен сүйлөшүп турган маалда айткан.
"Жакында биздин чек араларда чек арачы аскерлерге муктаждык жок болот. Биз өзүбүз, элибиз чогуу аракеттенип, чек араны бекемдейбиз", - деген Ташиев.
УКМК төрагасынын бул сөзүн "Борбор Азия Шенгени сыяктуу болот" деп баалаганга да үлгүрүштү. “Мындай аракеттер азыр болуп кетпесе дагы келечекте ушундай эле болушу мүмкүн” дегендер чыкты. Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков УКМК төрагасынын оюн кубаттай турганын, бирок азырынча коопсуздукту биргелешип бекемдөө зарылчылыгы бар экенин айткан.
"Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын ортосунда чек ара, саясий-экономикалык мамилелер позитивдүү жагына өзгөрүп жатат. Коопсуздук кызматынын төрагасы да ошого негиздеп айткан болсо керек. Европадагы Шенген аймагында өлкөлөрдүн бири-бирине ишеничинен улам, чек арачынын жоктугунан, элдердин достугунан жакшы кызматташтык оң жемиштерин гана алып келет. Бирок бизде учурда кандай жакшылыктарга умтулсак да, ага жолтоо болуучу, тобокелге сала турган коркунучтарды унутпашыбыз керек. Анын ичинде наркотрафик, аткезчилик деген кылмыштуу схемалар бар. Себеби Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, Өзбекстан, Тажикстан ага кирбейт. Ошондуктан аткезчилик коркунучу бар. Экинчиден, Ооганстандын түндүгүндө, Пакистан менен чек арасында террордук уюмдар бар. Бүгүнкү күнү ал жерде 30 миңдей согушкери бар террордук уюмдар Борбор Азияда динди колдонуп, жаңжал чыгарып, бийлигин орнотуу максатын көздөп жатканы белгилүү. Андан тышкары мыйзамсыз миграция күч алат, бул дагы түрдүү чагымдарга, улут аралык түрдүү чатактарга алып келиши мүмкүн. Бул дагы мамлекеттер ортосунда чыңалууну пайда кылышы мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери келечекте мунун баарын минималдаштырып, бир чечимге келип, балким, бир валюта иштеп чыгып, паритеттүү экономикалык жумуштардын, саясий туруктуулуктун негизинде буга умтула турган болсо, анда каралса болот", -деген Артур Медетбеков.
УКМКнын мурдагы төрагасы Токон Мамытовдун деле пикири ушундай. Азыркы кездеги ар кандай чакырыктарга чөлкөмдөгү өлкөлөр биргелешип күрөшүүсү керек деп эсептейт.
"Борбор Азиядагы беш өлкө каалайбы, каалабайбы, азыркы дүйнөдөгү глобалдык саясий, экономикалык, гуманитардык процесстер сөзсүз Ташиев мырза айткан жыйынтыкка алып келет. Анткени ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ, Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги деген сыяктуу уюмдарга биригип жатабыз. "Борбор Азия+" деген жаңы саясий-экономикалык аянтча пайда болгон соң сөзсүз түрдө ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Дүйнөдөгү ири өлкөлөр биригип иштеп атышат. Биздин аймактагы беш мамлекет да муну түшүндү. Ошондуктан көп жылдан берки чечилбеген маселелерин тынч чечип жатат. Бул мамлекеттердин жер, суу, энергия байлыктары, адам ресурстары бар, келечеги бар экенин баамдап, Борбор Азия түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты байлаган геостратегиялык чекит экенин түшүнүп жатат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, буга барабыз, турмуш ушуга алып келип, бизди бириктирет. Ташиев мырза айткандай, келечекте биз ички чек ара эмес, сырткы чек ара жөнүндө ойлонушубуз керек. Ар бирибиз өзүбүздүн чек араны кайтарып отура берсек, сырткы чек арабыз бузулса, андан пайда жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы чек арасын бекемдеп алсак, ошондо гана сиз айтып жаткан баңгизат, терроризм, аткезчилик, мыйзамсыз миграция, адам сатуу жана башка коркунучтарга каршы туруп, токтото алабыз. УКМК төрагасы мына ушуну эске алып туруп айткан деп түшүнүү керек".
Ошентип мындан 4-5 жыл мурун эле чек арадагы жаңжалдардан улам ар кимиси колунда болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, бири-бирине кыр көрсөткөн коңшу өлкөлөр СССРден калган эң талылуу көйгөйүн чечип алды.
- Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Шерине