Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

Атамбаев ардактуу наамынан эмнеге ажырады?


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наам-сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттик администрация бул чечимди соттун өкүмүн аткаруу аракети катары мүнөздөдү. Атамбаевдин уулу Сеидбек атасы үчүн "сыйлык маанилүү эмес" деп айтты.

Президент Жапаров 2017-жылы бийликтен кеткен Атамбаевди наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, соттун чечиминин негизинде президенттин жарлыгы менен Атамбаев 2017-жылы алган Кыргыз эл баатыры жогорку артыкчылык даражасы, 2011-жылы алган экинчи даражадагы "Манас" ордени, 2007-жылдагы "Данакер" ордени жана 1999-жылы алган "Даңк" медалынан ажыратылды.

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына бул сыйлыктарды мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп алуу тапшырылганы айтылат маалыматта. Президенттик администрация бул аракет соттун өкүмүн аткаруу үчүн жасалганын белгиледи.

Атамбаевди сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүмдү быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Анда сот мурдагы президентти "Кой-Таш иши" боюнча 11 жыл 6 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылган. Дал ушул чечимде аны мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу да көрсөтүлгөн эле.

Мындай жол менен соңку учурда Испанияда жашап жүргөнү айтылган Атамбаев бардык сыйлыктарынан ажыратылды.

Алмазбек Атамбаев буга байланыштуу үн ката элек. Анын уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Facebook баракчасына билдирүү таратып, атасы сыйлыктарга муктаж эмес экенин жазды.

"Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды - ага кудай, андан кийин эл тараза. Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес. Керек болсо убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган. Элден кечирим сураганы эң маанилүү", - деп жазды Сеидбек Атамбаев.

Кыргызстанды 2017-жылга чейин башкарган Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаган соң бийликтен кеткен учурда өзү сүрөгөн Сооронбай Жээнбеков президенттик шайланган соң ант берүү аземи учурунда алгачкы жарлыгы катары Атамбаевге Кыргыз эл баатыры деген наамды ыйгарарын жар салган. Бирок бул сыйлык Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө тапшырылган эмес. Ага чейин эле анын Жээнбеков менен мамилеси начарлап, 2019-жылы Кой-Таш окуясынан соң мурдагы президент камакка алынган эле.

Ага “Манас” ордени 2011-жылы Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына карата Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен бирге ал кездеги президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен тапшырылса, “Данакер” орденин 2007-жылы Курманбек Бакиев Атамбаевди премьер-министрликтен бошоткон учурда берген. Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхында кезектеги мурдагы президент сыйлыктарынан ажыратылды.

Буга чейин Апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевге сот өкүмү чыкканда экс-президент деген макамынан да ажыраган.

Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктан ажырытылышы социалдык медиада талкууларга жем таштады. Андагы башкы маселе бул жарлыкта канчалык саясий негиз бар деген суроо болууда.

Юрист Канат Хасанов соңку жарлыкты соттун чечими аткаруу катары сыпаттайт. Ал бул кадамды саясатташтыруу калпыс болот деген баа берди:

Канат Хасанов
Канат Хасанов

"Бул жерде саясий чечим жок. Соттун гана чечими бар. Президенттин жарлыгы соттун чечимине негизделген. Бул жерде саясий боёк жок".

Ал эми активист Адил Турдукулов Атамбаевдин сыйлыктарынан ажыратылышы саясий өңүттө экенин белгилейт:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

"Бул саясий чечим болду деп эсептейм. Азыркы саясий талаада Атамбаев жана анын командасы, партиясы бийликке ачык сын айтып келген жалгыз күч болчу. Бул бийлик үчүн кандайдыр бир коркунуч жараткан. Ошондуктан анын позициясын алсыздандыруу, репутациясын төмөндөтүү аракети болду деп ойлойм".

Чынында эле бир ай мурун Атамбаев менен Жапаровдун соцмедиа жана маалымат каражаттары аркылуу кайым айтышкан эле. Тагыраагы, мурдагы жана азыркы президенттердин кайым айтышуусу 9-ноябрда Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетиканын абалы тууралуу Фейсбукта жазган билдирүүлөрүнөн кийин башталган. Анда Жапаров ушул жагдайдын жаралышына мурдагы жетекчиликтин түздөн-түз жооптуу экенин айткан.

17-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасына чыккан билдирүүдө өлкөдө биринчи оор энергетикалык кризис Курманбек Бакиевдин тушунда болгону, ошол учурдагы бул тармакты ушундай абалга алып келгендер азыр кызматта отурганы айтылган. Мурдагы президент андан тышкары Кыргызстанда кымбатчылык болуп, жеке менчикке болгон укук бузулуп, сөз эркиндиги басымга кабылганын кошумчалаган.

Мындан көп өтпөй парламенттик шайлоонун алдында Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев жана "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон бир нече тарапташы камакка алынган. Алар "массалык башаламандык уюштурууну пландоого шектелип жатат. Муну кармалгандар саясий куугунтук катары баалап жатышат. Күч органдары болсо кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда бир нече далил буюмдар, акча табылганын жүйө келтирүүдө. Улуу жана тарапташтарынын кармалышы боюнча Алмазбек Атамбаев комментарий бере элек.

Ошол эле учурда анын тун улуу Сеидбек Атамбаев Аламүдүн округунан депутаттыкка шайланып, мандат алды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.

Кой-Таш окуясы: бийлик кумары, офицердин өлүмү, созулган сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:24 0:00

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. Ошол маалда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Самат Курманкулов 42 жашында Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынан оор жараат алып, 40 күн эс-учуна келе албай жаткан, бир канча жолу операция жасалган жана майып болуп калган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG