Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Тышкы карыздын 44 пайыздан ашыгы Кытайга таандык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайыздан ашыгы Кытайга таандык. Бул тууралуу парламенттин 17-майдагы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан маселени иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, Кытайга карызды кайтаруу мөөнөтү 2024-2027-жылдарга туура келет. Примов чет мамлекеттерден ЖЭБ сыяктуу ири долбоорлорго насыя алууну катуу көзөмөлдөөнү сунуш кылды.

ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алынган. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз калгандан кийин Кытайдан алынган насыянын максаттуу сарпталышы күмөн жараткан. (NT)

XS
SM
MD
LG