Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Өзбекстан Кыргызстандын картөшкөсү кымбат болгондуктан баш тарткан


Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картөшкө.
Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картөшкө.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Айыл жана суу чарба министрлигинин басма сөз катчысы Гүлчехра Садыкова билдирди. Анын айтымында, былтыр Кыргызстандан 145 миң тонна картөшкө сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Өзбекстандын 73 ишканасы билдирген. Бирок өткөн жылы ноябрь айында өзбекстандык ишкерлер менен Кыргызстандын картөшкөсүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок тараптар келишимге жетише алган эмес:

- Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар келишимге жетише алышкан жок. Буга "кыргыз картөшкөсү кымбат" деген жүйө айтылган. Ошентсе да учурда Өзбекстанга картөшкө сатууга эч кандай чек жок. Биздин министрликтин жана экспорт менен алектенген ишканалардын колдоосунда учурда Кыргызстандын 66 миң тонна картөшкөсүн Түркмөнстанга сатуу боюнча келишимге жетишилди. Алгачкы партиясы - 24 тонна картөшкө Түркмөнстанга жеткирилди. Учурда Өзбекстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга аз көлөмдө картөшкө экспорттолуп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 1-февралга карата экспортко даярдалган 70 миң тонна картөшкө калды. 2018-жылы Кыргызстанда 144 миң тонна картөшкө өндүрүлгөн. Айыл жана суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы "бул мурунку жылга салыштырмалуу отуз тоннага көп" деп маалымдады.

Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын билдирген.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып нааразы болуп жатышат. Былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сомдон сатылууда. Акыркы кездери айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин дарегине сын күчөгөн. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG