Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Баткенде дыйкандын эмгеги "күйүп" жатат


Күрүч оруу. Баткен.
Күрүч оруу. Баткен.

Аймакта айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктардын дээрлик 90 пайызы кайра иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.

Баткенде өндүрүлгөн айыл чарба азыктары кайра иштетилбей сатылып, дыйкандын эмгеги акталбай жатат. Буга атайын адистердин жаз алды менен пландоо, кайсыл эгинди айдап, кантип сатуу боюнча кеп-кеңеш бербегени да себеп болууда.

Баткен облусунун ички дүң өндүрүмүнүн 40 пайыздан ашыгын айыл чарбасы түзөт.

Учурда облуста өндүрүш тармагы алсыз. Жер иштетүү боюнча системалуу пландоо да жок. Анын айынан ар ким өзү каалагандай дыйканчылык кылып, алган түшүмүн сата албай кыйналып жатканын көрүүгө болот. Адистер жердин пайдаланылбай калганы да миграция агымын күчөтүп жатат дешет.

Өткөн жылы аймакта картошканын килограммы орточо 25 сомго сатылса, быйыл 12-13 сом турат.

Мурдагы жылы 500 сомго чейин бааланган өрүктүн килограммы 150-200 сомго чейин бааланып жатат. Дыйкандар үчүн атайын пландоо, багыттоо, кеп-кеңеш берген киши жоктугунан ушундай болуп жатканын жер иштетип жан баккан Назиржан айтып берди:

- Союз мезгилинде колхоз-совхоздорго тапшырма берилип, ким эмне айдай турганы пландалчу да. Азыр андай жок, ар ким каалаганын айдап, бир жыл алма кымбаттаса элдин баары алма тигип, анан эле алча, кийинки жылы тамеки кымбаттады деп тамеки айдап жатабыз. Анан сата албай пайдасы чыкпай калып, жерди таштап Чүйгө же Орусияга кетип жатышат. Анча-мынча жерлер айдалбай да калып кетет.

Аймакта ири дыйкан-фермердик чарбалар деле жокко эсе. Көпчүлүк дыйкандар өз арабасын өзү тартып, тапкан үрөнүн айдап, дыйканчылыктын пайда-зыянын деле эсептешпейт.

Баткен районунун тургуну, жер айдап, дыйканчылыгын өзү билгениндей оңдоого аракет кылып жүргөн Акылбек болсо дыйкандар кайсыл эгин канча айдалышы керек, аны кимге, кантип сатуу жол-жобосун айтпагандыктан базарда сата албай отурабыз деди:

- Эрте жазда же күздө айыл аймак жетекчилиги, айыл чарба кызматкерлери дыйкандар менен жолугуп, кайсыл эгин кайсыл аймакта көп айдалды, биз эмне айдашыбыз керек, аны кантип кимге сатабыз дегендей божомолдорун айтышпайт. Баарыбыз бир эгинди айдап алып анан күзүндө сата албай отура беребиз. Мындай боло берсе жер иштеткендер азайып кетет. Адистер атайын иликтеп, анализ жүргүзүп дыйкандарга кеп-кеңеш бериши керек.

Баткендин өрүгү.
Баткендин өрүгү.

​Айыл чарбасында алектенгендер менен мамлекеттин байланышы жок, ар бири өз алдынча калганына ушундай абалга жеттик дейт экономист Чагылган Юсупов.

- Атайын айыл чарбасы боюнча билими жок ар бир киши дыйканчылык менен алектенип калды. Бир эле Баткенде эмес, бардык жерде ушундай. Мамлекеттик айыл чарбасы менен иш алып барган кызматтар менен дыйкандардын байланышы жолго коюлган эмес. Ар бири өз алдынча иш алып барып жатат. Жыйынтыгы ушундай болуп, бирөө ашыкча сугарса, дагы бири химиялык жер семирткичин көп берип жерди деградацияга тушуктуруп жатабыз.

Аймакта айыл чарбасынан өндүрүлгөн азыктардын дээрлик 90 пайызы кайра иштетилбей, чийки бойдон сатылганынан улам кирешеси арбыбай жатат дешет адистер.

Баткендеги эң көп киреше алып келген өрүктү кайра иштетпей сатуу багбандардын капчыгына түшчү акчанын кыскарышын шарттайт деди облустун тургуну Абдинаби Кадыров:

- Бизде айыл чарба продуктуларынын дээрлик көпчүлүгүн, анан да көп киреше алып келчү өрүктү кайра иштетип сатпаганыбыздан улам киреше аз болуп жатат. Эгер кайра иштетип, товардын көп түрдүүлүгүн жаратсак, чет өлкөгө түз экспорттосок жакшы да. Жумуш орундары түзүлмөк, казынага да акча түшмөк.

Баткенде өткөн жылы картошка 25 сомдон сатылса быйыл 12 сом, 100 сомдон сатылган сарымсак 20 сом, 200дөн 500 сомго чейин бааланган өрүк 150-200 сом сатылып жатат.

"Азаттыктын" апта түрмөгүндө айыл чарба азыктарын өндүрүү жана аны сатуудагы кыйынчылыктар тууралуу сөз болот. Берүүнү толугу менен аудиодон уга аласыз.

Дыйкандын акталбаган мээнети
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:54 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG