Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Өкмөттүн өтүнүчү ЕАЭБде четке кагылды


Кыргызстандагы автоунаа базары.
Кыргызстандагы автоунаа базары.

18-ноябрда Москва шаарында Евразия Экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйыны болду. Жыйында кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранган. Бирок союздаштар бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Евразия экономикалык комиссиясынын Москвада өткөн жыйынына Кыргызстандын атынан экономика министринин орун басары Элдар Алишеров катышкан. Анын айтымында, жаңы эреже 1-январдан тарта күчүнө кирет.

- Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымын алуунун эки түрү бар эле. Жеңилдетилген түрүндө бажы алымы Кыргызстандын мурдагы мыйзамдарына ылайык алынчу. Ал эми жалпы түрү - бул автоунаа баасынын 20% бажы алымы, ага нарк салыгы кошулат. 2020-жылдын 1-январынан тарта ушул түрү ишке кирет.

Элдар Алишеровдун кошумчалаганы боюнча, жаңы тарифтерге ылайык, автоунаа жети жылдан мурда чыгарылган болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Буга байланыштуу 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

Бишкек шаарынын тургуну Жеңишбек Абдразаков Грузиядан автоунаа алып келип сатат. Евразия экономикалык комиссиясы өткөргөн ушул жыйындын жыйынтыгын күтүп жатканын айтты:

- Азыр Кореядан автоунаа алып келүү кооптуу болуп калды. Грузиядан 2020-жылга чейин ташып турсак болот. Мен кийинки жумада жолго чыкканы жатам. Жаңы жылга чейин үлгүрөм. Анткени азыр Кыргызстанда Грузиядан келген автоунааларга талап күч.

Ушу тапта жаңы жылдан кийин машинанын баасы “асмандайт” деген кабар желдей тарап, элди дүрбөлөңгө салган чагы. Нарын шаарынын тургуну Бексултан Жакшылыков колдогу акчаны жоготпой январга чейин автоунаа алууга ашыгып жатканын айтты:

- Машина алайын деп аракет кылып жатам. Жаңы жылдан кийин алганга акчам жетпей калчудай. Банктан насыя алууга арыз бергем. Ошол акча тийип калса, дароо автоунаа базарына барам.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөм менен ташылган.

2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматка ылайык, аталган ведомство 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген.

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен күчүнө кирген.

2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмүн салыштыруу.

Азыркы бааЖаңы жылдан кийинки баа
1 250$13 600$

Эксперт Азамат Аттокуров Кыргызстан ЕАЭБга даярдыгы жок эле кирип алганы үчүн эл ашыкча түйшүк тартып жатат деп эсептейт.

- Эл орустун "Lada" жана башка автоунааларын айдагысы келбейт. Жапондун автоунаалары Орусиядан куралып чыкканы менен анын сапаты начар болот. Кыргызстан бул биримдикке кирбей туруш керек эле. Эми биз ЕАЭБ кыйрай турган күндү күтүшүбүз керек. Анткени азыр Беларус менен Казакстандын эли бул биримдикке каршы. Менин оюмча жакынкы он жылда биримдик урайт.

Жыл башынан бери Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн 17 миңден ашык автоунаа кирген. Булардан мамлекетке түшкөн каражаттын суммасы 1,5 млрд. сомдон ашык.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG