Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:15

ЕАЭБ эки саясатчыны айтыштырды


Машина базар. Бишкек

Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин талашы кайым айтышууга чейин жетти.

Алтынбек Сулайманов макулдашуунун шарттарын иштеп чыгууда мамлекеттин кызыкчылыгына доо кеткенин иликтөөнү сунуш кылды. Ал сырттан ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү боюнча берилген жеңилдик мөөнөтүн колдонуудан баш тартуу мамлекетке чыккынчылык болгон деп эсептейт.

Бирок Темир Сариев коюлган доомат негизсиз экенин айтып, анын баарын четке какты. Азыркы өкмөт жеңилдик мөөнөтүн колдонуу жөнүндө чечимди кайрып келүү менен автоунаалардын бажы төлөмү көбөйгөнүн жарыялаган. Ага чейин парламентте ЕАЭБдин алкагында түшчү бажы төлөмү азайганы боюнча маселе көтөрүлгөн.

Жоголгон төрт жыл...

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 2014-жылы Кыргызстан Бажы Биримдигине киргенде, Европадан, Жапониядан жана АКШдан ташылып келчү автоунаалардын бажы төлөмү негизсиз көтөрүлүп, каралган беш жылдык жеңилдик колдонулбай калганын айтып чыккан.

Анын бажынын отчетуна таянган маалыматына караганда, 2013-жылы 91 миң, 2014-жылы 110 миң автоунаа Кыргызстанга киргизилип, жарымынан көбү Казакстан жана Тажикстан сыяктуу бажы тарифи жогору коюлган өлкөлөргө кайра сатылып турган. 2015-жылдан тартып сырттан ташылган машинелер кескин азайган.

"Бир Бол" фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов ошол кездеги өкмөттүн жеңилдик мөөнөтүнөн баш тартып, чектөө койгонун мамлекетке чыккынчылык катары айыптап, бул боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой, алардын койгон шарттарына гана макул болуп, ЕАЭБ уюмуна өтө шашылыш кирүү - бул чыккынчылык. Муну билип жасаган же билбей жасаган. Бирок билбеген адам андай жерде отурбашы керек эле. Сиздер азыр Темир Аргенбаевичтин өкмөтү жетектеп турганда кетирилген кемчиликтерди оңдошуңуздар зарыл. Биздин ошол жеңилдик мөөнөтүбүздү өткөрүп жиберген төрт жыл аралыгындагы мамлекет тарткан зыянды Эсеп палатасы, Финансы полициясы жана Башкы прокуратура иликтеши керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суроого жооп берип жатып, өкмөт автоунаалардын бажы төлөмү боюнча 2020-жылга чейинки жеңилдик мөөнөтүн колдонууга кайрадан кайрылууга аргасыз болгонун белгиледи. Абылгазиев эки жыл убакыт калса да баштапкы чечимди жокко чыгаруунун натыйжасында өлкө үчүн утуш болгон жагдайга токтолду:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- 2014-жылы бажы төлөмү көбөйтүлгөн. Биз эми ошолорду карап отурсак, былтыр 2017-жылы болгону 61 автоунаа Кыргызстанга киргизилиптир. Бул эми сырттан машине киргизүүдөн дээрлик бажы төлөмү жок деген кеп да. Быйыл июль айында мурдагы тарифти кайтарганыбыздын натыйжасында өткөн беш ай аралыгында эле 150-170 миллион сом акча каражаты келип түштү. Мындан сырткары, биздин жарандар арзан автоунаа сатып алып, автопаркын жаңылап жатышат.

Сариевдин жүйөлөрү

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин коюлган дооматка карата жообу көп күттүргөн жок. Темир Сариев сырттан эски автоунааларды ташууга чектөө коюу саясатынын алкагында жеңилдик мөөнөтүнөн баш тартууга туура келгенин түшүндүрдү. Анын айтымында, автоунаалар боюнча ички тарифти бекитүү менен өкмөт абаны бузулуудан сактоону ойлогон жана жаңы машинелердин киришине өбөлгө түзгөн. Темир Сариев азыркы өкмөттүн мурдагы тарифке кайтуу боюнча чечимине карата төмөндөгүдөй комментарий берди:

- 2014-жылдагы тариф боюнча, мисалы, жаран кыймылдаткычы 2 куб болгон 12 жылдык эски машинени алып келсе, 600 доллар бажы төлөмү чыкса, ошондой эле жаңы машинени алып киргенде 2800 доллар төлөнөт. Анан албетте, биздин жарандар аны арзан көрүп, “бажы төлөмү дагы аз чыгат экен” деген ишенимде эски машинелерди алып келе баштайт. Бирок ошонун айынан эски машинелер базарга толуп кетип, алардан чыккан түтүндөн аба бузулуп жатканы маалым. Биз ошого бөгөт коёлу дегенбиз. Анан дагы азыркы өкмөт “азыр сырттан машине көбүрөөк кирип, бажы төлөмүнүн көлөмү дагы көбөйдү” деп ишендирип жатат. Бирок Бажы Биримдигинин эрежеси боюнча ошол түшкөн бажы төлөмү Москвага түшөт. Анан ал жактан кайра бөлүнүп, ошол 150 миллион сом бажы төлөмү деген акчанын 1,9 пайызы гана биздин мамлекеттик бюджетке келет. Ушуну эске албай жатабыз.

Эски менен өтө эскинин айырмасы

Темир Сариевдин түшүндүрмөсү Интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга түштү. Жарандык активист Дамир Жуманаев “жеңилдик мөөнөтүнөн баш тартуу менен эски машинелердин кириши чектелди” деген түшүндүрмөгө карата оюн ортого салды:

- “Европадан келген эски машинелер базарга толуп кеткен, ошону чектеш керек болчу” деген жүйөнү угуп таң калдым. Кийин ал машинелердин киришине чектөө коюп койгондон кийин Европа менен АКШдан келген унаалардын ордуна Орусиянын эски машинелери кирип жатпадыбы! Анын өндүрүшүнөн чыккан калдыраган эски машинелер өлкөгө кирип, толуп калбадыбы. Аларга караганда Европадан кирген эски машинелер жакшы эмес беле?

Ошол эле кезде Темир Сариев Бажы Биримдигине кирүү тарыхый туура чечим болгонун азыр убакыт тастыктап жатканын билдирген. Мурдагы өкмөт башчы макулдашууну иштеп чыгууда Кыргызстан үчүн утуш болгон жагдайларды төмөндөгүчө чечмеледи:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Бажы Биримдигине киргенибизде биз үчүн ыңгайлуу шарттарды алууга аракет кылдык. Алардын көпчүлүгүн алууга да жетиштик. 500 миллион доллар каражаты менен Орус-кыргыз фонду түзүлдү. Орусиядан 200 миллион доллар кайтарымсыз грант алдык. Дагы бир топ жеңилдиктерди алдык. Алардын арасында биздин Орусияда иштеген эмгек мигранттары үчүн жакшы шарттарды караган жеңилдектерди атасак болот.

Ал эми "Бир Бол" фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов тескерисинче, Кыргызстанды Бажы Биримдигине киришинен жыйынтык чыгарууга эрте экенин билдирди. Алтынбек Сулайманов “Кыргызстан бул биримдикке кирүүдөн эмнени утту?” деген суроону койду:

- Темир Аргенбаевич “Бажы Биримдигине кирип, көп ийгиликтерге жетиштик” деп айтып жатат. Орус-кыргыз фондунун насыялары ири өндүрүшкө же башкача айтканда жалаң гана байларга багытталып, чакан жана орто ишкердикти каржылоого жеткен жок. Экинчиден, 200 миллион доллар гранттын баш-аягы жок. Ал каражат негизинен "Крокус" деген орусиялык компанияга Бажы Биримдигинин чек араларын жабдууга жана лабораторияларды курууга берилген экен. Бул иштердин баары аягына чыккан эмес. Анан ал кайсы баш айландырган ийгиликтер жөнүндө айтып жатканын мен түшүнгөн жокмун.

Бажы төлөмүнүн көрсөткүчү түштү

Өткөндө парламент жыйынында бажы төлөмдөрүн чогултуунун абалын караган учурда Кыргызстандын ЕАЭБ ичинде чектелген бажы төлөмүнүн 1,9 пайыз үлүшүн акчалай эсептөөгө байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков тышкы фактордун таасиринен улам, 2018-жылдын тогуз айында бажы төлөмү мерчемделгенден 1 миллиард 550 миллион сом аз түшкөнүн айткан эле.

Парламенттин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев муну Бажы Биримдигине киргенге чейинки көрсөткүчтөр менен салыштырууну сурап, бирок жоопко канааттанган жок:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Евразиялык Экономикалык Биримдигине киргенге чейин канча эле? Жоготтукпу же жокпу? Ошону салыштырып айтып бериңизчи. А эмне үчүн бажы төлөмдөрү азайып жатат? Жыл башында эле мурдагы премьер-министр менен бажынын мурдагы башчысы товарларды ташуу бир канча эсе көбөйгөнүн айтпады беле. Мен өзү ЕАЭБге кирүүнү дайыма колдоп келгем. Бирок сиз ыкшоо тарткан түшүнүксүз, ынанымсыз жообуңуз менен “биз ушул Бажы Биримдигине бекер кирген экенбиз” деген ойго түртүп жатасыз.

Кыргызстан 2014-жылы Орусия баш болгон, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык Экономикалык Биримдигине кошулган.

Бул келишим биримдик аймагында товарлардын жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүнү камсыз кылат. Бирдиктүү бажы төлөмү бир жерге чогулуп, андан ары ар бир мүчө мамлекетке чектелген үлүшүнө ылайык, бөлүштүрүү жагы каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG