Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Арзан машинеге жол ачкан токтом


Кыргызстандагы автоунаа базары.
Кыргызстандагы автоунаа базары.

Кыргызстанга чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмү азайтылып, электромобилдерге нөлдүк төлөм коюлду.

Кыргыз өкмөтү муну менен эскирген автотранспорт каражаттарын азайтып, өлкөнүн автоунаа паркын жаңыртууну максат кылууда. Буга чейинки өкмөт Евразия Экономикалык Биримдигинин шартына ылайык келтириш үчүн сырттан ташылган автоунааларга бажы төлөмүн 2014-жылы көтөргөн.

Бирок биримдиктин талабын аткаруудагы өкмөттүн кадамдары суроо жаратууда. Маселен, "Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укуктуу болсо, эмне үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдонгон эмес?" деген суроолор пайда болду.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Өкмөттүн токтому менен Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын чендик (ставка) өлчөмү азайтылды. Муну менен өкмөт эскирген автотранспорт каражаттарын азайтууну жана Кыргызстанга электр, гибриддик кыймылдаткычтуу машиналарды ташып келүүгө шарт түзүп, өлкөдөгү автоунаа паркын жаңыртууну максат кылууда. Эми бензин жана дизелдик автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейинки деңгээлде төмөндөтүлөт.

Экономика министрлигинин эксперт-консультанты Айдарбек Самыкбаевдин айтымында, бажы төлөмдөрү азыркыга салыштырмалуу 70% азят:

- Бажы төлөмдөрү дээрлик эки эсе азайды деп айта алабыз. 2014-жылы заводдон чыкканына жети жыл болгон машинеге 1 куб см. 2,8 доллар болчу. 2018-жылы 4,2 доллар төлөнчү. Мындан сырткары гибриддик автоунааларды ташып келиш үчүн жеке жактарга кескин түрдө жеңилдик берип жатабыз. Мурда мындай машинелер жалпы негизде каралып келсе, азыр ал өзүнчө категорияга киргиздик. Азыр гибрид машинелердин бажы алымдарынын чени 1 куб.см үчүн 0,6 доллар болду. Мындан тышкары, электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи. Муну менен экологиялык жагдай да оңдолот деген ойдобуз.

Жөнөкөй тил менен айтканда бажы алымы заводдон 10 жыл мурда чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2 куб сантиметр автоунаанын бажы төлөмү 1000 доллар болот. Учурда иштеп жаткан бажы тарифи боюнча бажы төлөмү 8 200 долларды түзөт.

Буга чейин Экономика министрлиги бул токтом ЕАЭБдин эрежелерине каршы келбей турганын кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар. Учурда бир катар эксперттер менен саясатчылар "Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укуктуу болсо, эмнеге ошол кездеги өкмөт бул мүмкүнчүлүктү колдонгон эмес?" деген суроону узатып жатышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбеков мындай дейт:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Муну биздин ошол убактагы бийлик - Атамбаев менен Сариев кылган. Орустарга ушунчалык жагынгысы келип, балким алар сурабаса деле кошомат кылган болушу ыктымал. Орусия деле бизге окшогон коррупциялашкан мамлекет. Алар менен сүйлөшүп алып, кайсы бир компаниялардын же кайсы бир адамдардын кызыкчылыгын коргоп бизге эбегейсиз тарифти киргизиши мүмкүн. Биз машине өндүргөн өлкө эмеспиз, биздин ички рынокту коргой турган максатыбыз жок. Ошондуктан элди кыйнап эле ушундай кылышкан.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмүн 2014-жылы жогорулаткан. Бажы төлөмдөрү унаа көлөмүнө жараша 10 центке, 2015-жылдан тартып дагы 50 центке көбөйгөн. Муну менен бажы төлөмдөрү кыймылдаткычтын күчүнө карап 500 доллардан 10 миң долларга чейин кымбаттаган.

Ошол кездеги өкмөт муну ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү жана эски машиналардан арылуу максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирген болчу. Бажы төлөмдөрү 2019-жылга чейин беш баскыч менен көтөрүлөрү айтылган. Натыйжада Кыргызстанга сырттан ташылып келген машиналардын саны кескин азайган. Буга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынышы да себеп болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөгө сырттан 70 миңден ашык, 2013-жылы 108 миң, 2014-жылы 119 миң, 2015-жылы 35 миң, 2016-жылы 21 миң гана машине ташылып келген. Ал эми 2017-жылы Кыргызстанга ЕАЭБ аймагынан жалпы 18 миңден ашуун автоунаа кирген.

Аталган кызматтын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, үчүнчү мамлекеттерден (Жапония, Германия, Пакистан, Прибалтика өлкөлөрүнөн) 10 миңден ашуун унаа кирген.

Мелис Эржигитов.
Мелис Эржигитов.

- Үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды колунда бар, байлар алып келип жатат. Ал эми ЕАЭБ аймагынан эң начар, таштандыга таштала турган "Жигули", "Москвичтер" келип калды. Ошолор басып кетти. 18 миң автоунаанын ичинде жаңылары деле бар, Петербургдан чыккан жаңы "Toyota​", "Nissan", "Toyota Land Cruiser" бар. Ошону менен бирге 20-30 миң рублге сатылып алынган эски "Lada", "ВАЗ" автомашиналар толуп кетти. Техникалык жактан өтө начар, кузову чирип кеткен.

2015-жылы Экономика министрлигин жетектеп турган Арзыбек Кожошев бажы төлөмдөр эски машиналардан арылуу жана экологияны коргоо максатында көбөйтүлгөнүн айтканы менен, бул Орусиянын сунушу болгонун жашырган жок.

- Биримдикке кирген өлкөлөр чет элдик машиналардан коргонушкан, бул көбүрөөк Орусиянын сунушу болгон. Анткени алар өздөрүнүн автоунаалары көбүрөөк сатылышын каалашкан. Бирок бул өз жыйынтыгын берген жок. Ошондуктан биздин өкмөт ушундай чечим чыгарып жатса керек.

Оштогу авто базар. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Оштогу авто базар. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Анткен менен бажы төлөмдөрүн 2014-жылкы ченемге түшүрүүдөн көп деле өзгөрүү болбой турганын автоунаа менен иштеген ишкерлер белгилеп жатышат. Алардын бири 7-8 жылдан бери ушул рынокто жүргөн Назым Селеев учурда машиналардын өзү кымбат ташылып жатканын айтып жатат.

- Бир жагынан жакшы. Экинчиден, жолтандабас алып келем десең ал Америкада деле, Европада деле кымбат. Кыргызстанга келгенче эле үч ай кетет. Эч кандай айырма деле болбой калат. Ал эми Европадан жеңил унааларды алып келсең бир аз айырма болушу мүмкүн. Ошондо деле 500-1000 доллар айырма болушу ыктымал. Ал эми электромобилдер Кытайдан алынып келиши мүмкүн. Мен шаардан болгону экөөнү эле көргөм. Азыр кыргызстандыктар аны алгандан коркушат. Балким кызмат көрсөтүү борборун ачса көбөйүшү ыктымал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы, июндун башында Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда электромобил маселесин көтөрүп, биргелешкен завод курууну сунуш кылган. Ушундан улам эксперттер эми Кытайдын машинелери келиши ыктымал экенин белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG