Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Эскирген машинелер, кымбаттаган баа


Машине базар
Машине базар

Жеңил автоунаалардын баасы күн санап кымбаттоонун үстүндө.

Статистикага таянсак, учурда Кыргызстанда расмий каттоодо миллиондон ашык автоунаа турат. Адистер Кыргызстандын автопаркы мурдагыдай жаңыланбай, эски автоунаалардын саны өскөнүн белгилешүүдө.

Мамкаттоонун маалыматы боюнча, 2012-жылы өлкөгө сырттан 70 миңден ашык, 2013-жылы 108 миң, 2014-жылы 119 миң, 2015-жылы 35 миң, 2016-жылы 21 миң гана машине ташылып келген.

Кыргызстанга автоунаалар көбүнчө АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония, Германиядан келет. Негизги алармандар 5 миңден 10 миң долларга чейинки баадагы машине издегендер.

Байкоочулардын эсебинде, бир жыл ичинде автоунаа баасы беш пайыздан, 20-30 пайызга чейин өстү. Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк:

2015-2016-жылдары 2003-2004-жылы заводдон чыккан, абалы жакшы "Хонда Фит" үлгүсүндөгү оң рулдуу автоунаалардын баасы 3000-3500 доллардан сатылса, 2017-жылдан тарта 500-1000 долларга кымбаттаган.

Ал эми 2003-2004 - жылдары чыккан абалы жакшы "Тойота Камри" 30-35 үлгүсүндөгү сол рулдуу автоунаалар 6000-6500 долларга бааланса, 2017-жылдан баштап 1000-2000 долларга кымбаттады.

20 миңден 70 миңге чейинки акыркы үлгүдөгү "Мерседес", БМВ сыяктуу автоунааларга жана ар кандай жолтандабастар 5 миңден 10 миң долларга чейин көтөрүлгөн.

Бул салыштыруулар базардагы жана интернеттеги жарыялардан анализ кылынганын белгилеп, айрым бааларда 500-1000 долларга чейин айырма чыгышы мүмкүн экенин эскертебиз.

Бишкектеги автоунаа саткан базар.
Бишкектеги автоунаа саткан базар.

ЕАЭБ шарттарына ылайык, Кыргызстанга биримдиктен башка өлкөлөрдөн автоунаа алып кирүүнүн салыгы кымбаттап, ал эми оң рулдуу машинелерге таптакыр тыюу салынган. Сырттан ташылып кирген автоунааларга чыккан жылына жана кыймылдаткыч күчүнө карата бажы төлөмү алынат.

Базарда жакшы машинелер азайды

Бишкектеги автоунаа саткан “РИОМ” базарында Сагынбек беш миң доллардын тегерегиндеги "Хонда Аккорд" үлгүсүндөгү машине издеп жүрөт.

Каз-катар тизилген Жапониядан келген машинелердин улам бирин карап, сатуучу менен баасын быча албай турган кези. Ал кыялындагы темир тулпардын баасы өсүп, абалы жакшы автоунаа аз экенинен кеп салды:

- Мындан жарым жыл мурда эле арзаныраак болчу. Чогулткан акчама самаган машинемди албай калат окшойм. Азыр карап жүрөм, менин акчам жеткен машинелердин абалы начар экен. Аны алсаң оңдотконго эле ошол акча кетет.

РИОМ автобазары.
РИОМ автобазары.

Сагынбекке окшоп, көпчүлүк айдоочулар оң рулдуу болсо дагы жапон машинелерине ыкташат. Анткени баасы, бузулса тетиктери дагы арзан жана жеткиликтүү. Жапониядан 2005-2008 – жылдары чыгып, эскирди деп табылган машинелер Кыргызстанда дагы 10 жылдан ашуун кызмат кылат. Бирок оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө 2015-жылдан баштап тыюу салынган.

Сергей Рыбиков көп жылдан бери сырттан машина ташып келип сатат. Акыркы бир жылдан бери темир тулпарга болгон баа өсүп баратканын айтты:

- Эми орто эсеп менен 1000 доллардан 2000 долларга чейин кымбаттап кетти. Бул анча кымбат эмес орто машинелерге кошулган баа. Негизи эл көп алган автоунааларга акча кошулду. Анткени аларга суроо-талап көбөйдү да. Элдин көбү жапон машинелерине көнүп алган. Ыңгайлуу, баасы арзан. 2014-жылы мендей ишкерлер Жапониядан 20-30дай машине алып келип иштечү элек. Азыр ошолор түгөнүп баратат. Таза, абалы жакшы машиненин баасын кымбат айтсаң дагы алышат. Анткени чет жактан ташып келүү деген токтогон.

Баалар дагы өсүшү мүмкүн

Азыр Сергей Европадан жана Орусиядан буюртма менен гана бирин-экин машине алып келет. Ал эми машине баасы дагы көтөрүлөт деп божомолдоду:

- Менин оюмча кымбаттайт го. Анткени азыр эле тандоо жок калды. Кыргызстанда жүрүп калган машине беш жылдын ичинде талкаланат. Алардын арасынан жакшысын табуу кыйын. Биринчиден, жолубуз жаман, экинчиден, техникалык тейлөө сапатсыз. Ал эми Европаныкы кымбат, орустардын "Лада", "Жигулисин" эч ким мингиси келбейт. Андыктан эми беш миң доллар көтөрүп алып абалы мыкты, салону жаңы машине алуу кыйын болуп калат.

Сергейдин шериги Анатолий акчага муктаж болгондордун машинесин же абалы начар автоунааларды алып үстүнө акча кошуп базарга алып чыгат. Сырттан машине кирүү азайганы ортомчулардын соодасы жүрүшүп жаткан кез:

- Бир учурда машинелер аябай арзандаган. Эл накталай акчага сата албай калган учурлар болду. Азыр биз сатып алып, оңдоп кайра сатабыз. Бирок 2000-жылдан аркы машинелер арзан, анткени алар аябай эскирди. Ошондой эле 2015-жылкы абдан көп санда кирген жапон унаалары дагы он жылдан кийин эскирет. Ошондо эмне машине айдайбыз, билбейм.

Автобазарга жаңы система керекпи?

Анткен менен "РИОМ" автоунаа базарынын мурдагы аткаруучу директору Айбек Баратовдун пикиринде, оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынып, чет өлкөдөн киргендерге бажы төлөмүнүн жогорулашы базарда жаңы системанын пайда болушун шартайт. Жаңы система Кыргызстандагы эски машиналарды сүрүп чыгара тургандай болушу зарыл:

- Бир жагынан жакшы болду. Арзан, эски автоунаалар азаят. Эми адамдар жаңы машине алганды үйрөнүшү керек. Анан автоунаа заводдорунун расмий дилерлери ачылып, машине камсыздандыруу, лизинг системасы менен сатылышы керек. Бул эң туура чечим болот. Биз эски машине мингенди токтотушубуз керек. Анда баалар кымбат болот деп деле айтпайм. Мисалы, жаңы чыккан автоунааны 12 миң долларга алды дейли. Капчыгы барлар, иштегендер расмий дилерден лизингге алса болот. Бирок ошол эле акчага азыр жапон машинени алышат. Ал машиненин маркасы мыкты болгону менен бери дегенде 10 жылдан ашык жүрүп койгон.

Айбек Баратов
Айбек Баратов

Баратовдун пикиринде, мындай система келерки 5-10 жылда ишке ашуусу мүмкүн. Анткени азыр эски жана башаламан базардын доору бүтүп бараткан учур:

- Азыр бир аз машине таңкыстыгы пайда болду. Ага ылайык кымбаттоо болуп жатат. Бул машине өндүргөн компаниялардын көңүлүн өзүнө бурдуруп, бул жакка жаңы машинелерди алып кирүүгө өбөлгө түзөт. Бул кадимки көрүнүш, баары ушул аркылуу өткөн. Казакстанда, Орусияда да ушундай абал болгон.

Бишкекте белгилүү маркалардын бир-эки гана расмий дилери ачылган. Бирок калктын калың катмарынын жаңы автоунаа алууга капчыгы чак келбейт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG