Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстан менен Орусия машине чыгармай болду


Өзбекстандык Ravon автоунаасы.
Өзбекстандык Ravon автоунаасы.

Казакстан Усть-Каменогорск жана Шульбин ГЭСтерин өкмөткө кайтарып алды. Өзбекстан Орусияда автоунаа чыгарат. Тажикстандын күч органдарында реформалар жүрүп жатат.

"Коммерсант" басылмасы "Өзбектер Орусияда автоунаа чыгарат" деп жазды. Макалада орус-өзбек тарап Санкт-Петербургдагы General Motors заводунда биргелешип автоунаа чыгаруу боюнча сүйлөшүп жатканы айтылат.

Эки тараптуу макулдашуу кабыл алынса, өзбекстандык ири «Узавтосаноат» ишканасы Орусияда өзүнүн Chevrolet жана Ravon автоунааларын чыгара баштамакчы.

Өзбекстандык Ravon автоунаасы Орусияда акыркы жылы популярдуулукка ээ болуп, орусиялык Lada моделине башкы атаандаш болуп келгени кошумчаланат. Ал эми General Motors заводу Орусияда 2008-жылы ачылып, жылына 98 миң автоунаа чыгарып келген. Америкалык концерн Орусиядагы ишин 2015- жылы токтотуп койгон, бирок расмий келишимдер боюнча завод дале америкалыктарга тиешелүү экендиги айтылат.

Ал эми Fergana News агенттиги Өзбекстан Түркмөнстанга пахта жыйноочу унааларды экспорттой баштаганын жазды. Быйыл Өзбекстанда 550 пахта жыйноочу машина чыгарылган болсо, анын беш жүзү Түркмөнстанга сатылган. Келерки жылы мындай машиналарды чыгарууну 3 миңге жеткирүү пландалган.

Учурда Өзбекстандын бир катар айыл чарба техникаларын чыгарчу заводдорунда модернизациялоо иштери жүрүп жатканы айтылат. Түштүк Кореядан алынган 8 миллион долларга конструктордук бюро ишке жакын арада ишке кирери белгиленет. Мындай пландар өлкөдө пахта жыйноону толук механизациялоо аракетине байланыштуу. Ташкент машина менен жыйноого ылайыктуу болгон пахта сортун гана өстүрүүнү азыртадан тапшыра баштаган.

Казакстан эки ГЭСин өзүнө кайтарды

ТАСС агенттиги Казакстан Усть-Каменогорск жана Шульбин ГЭСтерин өкмөткө кайтарып алганын жазды.

Ушул жылдын 1-октябрында казак өкмөтүнүн америкалык AES Corporation ишканасы менен түзүлгөн келишиминин мөөнөтү аяктаган. Казак ГЭСтерин америкалык ишкана 1997-жылдан бери 20 жылдык келишим боюнча иштетип келген. Усть-Каменогорск жана Шульбин электростанциялары өлкөнүн чыгышындагы Иртыш дарыясындагы ГЭСтердин каскадына кирет.

Эки гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу миң мВттан ашуун, жылына 3 миллиард кВт/сааттан ашуун энергия өндүрөт. Ал эми AES Corporation ишканасы дүйнөдө энергетика өндүргөн 500 ири компаниялардын катарына кирет.

Тажикстан: Аскерге жараксыздар текшериле баштады

"Регнум" агенттиги Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерий жүктөрүн ташуу боюнча келишим кабыл алганын маалымдайт.

Кооптуу кырдаалдарда аскерий жүктөрдү ЖККУнун мүчөлөрүнүн аймагында тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча документ мындан эки жыл мурда түзүлүп, расмий Москва ага макулдугун былтыр кышта бергени айтылат.

Мындан тышкары Тажикстанда отставкага чыккан күч органдарынын кызматкерлерине кызматын уланта берүүгө уруксат берилип, аскер адамдарынын пенсияга чыгуу үчүн эмгек стажы 20 жылдан 25 жылга узартылган. Ошондой эле Тажикстанда аскерде кызмат өтөөгө ден соолугу боюнча жараксыз деп табылган уландарды кайрадан текшериле тургандыгы маалымдалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG