Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

New York Times: байлар корунуп жашайт


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-сентябрь)

New York Times гезитине журналист Рейчел Шермандын "Байлар эмнени жашырат?" деген аталыштагы макаласы чыгып, миңдеген кишилердин талкуусуна түштү. Шерман жылдык кирешеси 250 миң доллардан жогору, миллиондогон долларлык там-ташы бар элүүдөн ашык үй-бүлөнүн ички сырын билүүгө аракет кылган. Алардын дээрлик бардыгы кымбат буюм-тайым, тамак-ашынын баасын үй кызматкерлерине айтуудан тартынышарын, байлыгын эл көзүнө көрсөтүп мактануудан корунарын билдиришкен. Азыркы тапта АКШда байгер жашагандар элдин 10 пайызын гана түзгөндүктөн алар жылына үй-бүлөсүнө канча каражат короторун ачык айткылары келбей, ар дайым жашырып жүрүшөрүн аныктаган.

"Америка маданияты узак убакыттан бери байлардын моралдык жоопкерчилигин сындап келет. Анткени капиталист капчыктуулар эл оозуна бейбаш, адепсиз, ал эми байгер аялдар болсо, саркеч кийинген, эси жок эркелер деп кабылданып калган. Ушундан улам азыр көпчүлүк кирешеси мыкты, банктык эсебинде миллиондогон доллары бар АКШ жарандары өздөрүн жана балдарын элге бай катары көрсөткүсү келбейт. АКШ байлары элден бөлүнбөй, жөнөкөй райондордо, карапайым жашоону тандап калышты. Жыйырманчы кылымдагы "Америка кыялы" деген түшүнүккө умтулуп, Манхеттендеги кымбат хан сарайда жашап, балдарын менчик мектептерге берип, темир тулпардын мыктысын миңгендер улам суюлуп, кирешеси 50 миллион доллар болгон үй-бүлө деле жөнөкөй райондогу үйдө жашап, балдарын мамлекеттик мектепке жөө алып барып окутууда. Муну менен алар байлыгын эл көзүнө баса көрсөтүү адатын азайтып, бай адамдар моралдык жактан ошого татыктуу болушуна аракет кыла баштады", - деп жыйынтыктайт Рейчел Шерман.

Дүйнөнү жаратылыш кырсыктары каптады

The Conversation журналы ааламда күн сайын күч алган жаратылыш кырсыктарына сереп салган экономист, окумуштуу Жей Загорскийдин макаласын чыгарды. АКШнын Флорида, Хюстон аймактарынын шайын оодарган Харви, Ирма сыяктуу ураган, жер титирөөлөр миллиарддаган долларлык чыгымдарды жаратууда. 1980-жылдан бери болгон 212 ири жаратылыш кырсыгы АКШга 1,2 триллион доллар чыгаша алып келген. Миллиард долларлык апааттардын саны 1990-жылдан бери 2,7 пайызга көбөйгөн. Ошондо жылына табигый кырсыктардан Америка экономикасы 5,4 миллиард долларга чейин зыян тартууда. Мындай шартта мыйзам чыгаруучулар, каржы аналитиктери, саясатчылар турак жайды камсыздандыруунун мыкты жолдорун издөөгө мажбур. Анткени суу каптоо же бороондон коммерциялык имараттар жана жеке үйлөр көп жабыркоодо. Жээктен ашып албууттанган сууга, термелүүгө туруштук берген үйлөрдү куруп, ыктымал коркунучтун алдын алуунун реалдуу пландарын иштеп чыгуу керектигин белгилеген Жей Загорский.

Сынчыл Батыштан акчалуу Кытайга качкан өлкөлөр

Эл аралык аренада айрымдар аскерий булчуңун колдонсо, Азиялык ажыдаар атыккан Кытай Азия, Латын Америкасы, Африка, ал тургай Европаны акчасы менен багындырып жатканын Жапониянын Asia Nikkei Review басылмасы жазды. "Маселен, Дональд Трамптын Индия премьер-министри Нарендра Моди менен жакшы мамилеси Вашингтондун Пакистан менен байланышын суутту. Бул кырдаалды Бээжин өз пайдасына буруп өлкөнүн инфраструктурасын оңдоого 55 миллиард доллардык долбоорду сунуштап, Кытай-Пакистан соода коридорун ачты. Филиппин аралдарынын президенти Родриго Дутерте АКШ менен Европадан жааган сынды жектегенин байкаган Бээжин дароо аны колго алып, ири грант берерин жар салары менен Филиппин бийлиги Кытайдын Түндүк Чыгыш деңиздеги баскынчылыгына каршы ооз ачпай калды. Кытай лидери Си Цзинпинь жакынкы жылдары Африкага миллиарддаган доллардык инвестиция саларын жар салып, азыр бул чөлкөмдө Кытайдын радиосу жаңырып, Кытай телеканалардары иштөөдө. Латын Америкасындагы Бразилия, Чили, Куба, Перу жана Уругвай өлкөлөрүндө да Кытайдын таасири акчанын аркасы менен улам артып, Европа биримдигине да ушундай эле кытайлык схема колдонулууда", - деп жазат Asian Nikkei Review.

Итин сактап калуу үчүн үй мүлкүн саткан актриса

Лондондо Долли Энн Остерлех аттуу 32 жаштагы актриса итин айыккыс оорудан сактап калыш үчүн үйүндөгү болгон мүлкүн сатыкка койду. Бул тууралуу Evening Standard гезити жазат. 37 миң фунт сетрлинг чогулта албаган айым борбордук Лондондогу Пэддингтон районундагы батиринин эшигин ачып, каалоочуларга күнү-түнү келип, үйүнөн болгон буюм, кийим кечесин сатып алууга уруксат берерин жарыялады. "Кийимдеримди, эмерегимди, идиш-аягымды, бойокторумду, айтор ким эмнени кааласа, ала берсин. Итимден башкасынын баарын сатам", - деп жарыялады актриса. Бир ай мурда чихуа тукумундагы "Снупи" аттуу итине ветеринарлар айыкпас жүрөк оорусу диагнозун коюшкан. Бирок ага карабай Остерлех социалдык тармактар аркылуу каражат топтоп, банктан да насыя алып, итин айыктыруунун жолун издөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG