Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Өзбекстан жашылча-жемиш экспортун көбөйтөт


Апта ичинде Борбор Азия тууралуу орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп салабыз.

Өзбекстан айыл чарба өсүмдүктөрүн жыл бою өстүрөт. Казакстанда англис тилин билген мугалимдердин маянасы эки эсе көбөйөт. Орусия Тажикстанды орус тили мугалимдери жана китептери менен камсыздоодо.

EurAsia Daily басылмасы Өзбекстан айыл чарба өсүмдүктөрүн жайы-кышы өстүрүүгө өткөнүн баяндайт. Жашылча-жемиштерди экспорттоону көбөйтүү максатында Өзбекстанда ушул жылдан баштап жыл бою айдоо иштери жүргүзүлөрүн айыл жана суу чарба министри Зоир Мирзаев билдирген.

Өлкөдө буудайды жыйноодон кийин бир миллион гектар жерге кайрадан буурчак, жасмык, картошка, сабиз, кызылча сыяктуу жашылчалар эгилген. "Өзбекстанда бул тажрыйба биринчи жолу киргизилип жатат. Бул биз үчүн кооптуу, бирок адистердин божомолдору жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө", - деди Мирзаев.

Өзбекстанда жылына 20 миллион тонна айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлсө, анын 1 миллион тоннасы экспорттолот. Өзбекстандын өсүмдүктөрү 80ден ашуун өлкөгө сатылат.

"Регнум" агенттиги Казакстанда жаңы окуу жылынан баштап англис тилин билген предметтик мугалимдердин маянасы 200 пайызга көбөйгөнүн жазат.

Казакстанда 2023-жылга чейин кабыл алынган үч тилде билим берүү программасы акырындык менен ишке киргени баяндалат. Химия, физика, биология жана башка предметтерди англис тилинде окуткан мугалимдердин орточо айлыгы эки эсе көбөйөт.

Мугалимдер эл аралык APTIS, IELTS жана TOEFL экзамендерин тапшырып, англис тилин билүү деңгээлин сертификаттар менен тастыкташы керек. Сабактардын ичинен Казакстандын тарыхы казак тилинде жана дүйнө тарыхы орус тилинде өтүлөөрү белгиленет. Казакстанда билим берүүгө англис тилин киргизүүнү 2015-жылы президент Нурсултан Назарбаев сунуштаган.

"Российская газета" Орусия Тажикстанга орус тил мугалимдерин жана 60 миң нуска китеп гуманитардык жардам катары жөнөткөнүн баяндайт. 1-класстан 11-класска чейин орус тилиндеги предметтик китептер Душанбе, Курган-Төбө жана Вахш шаарларындагы мектептерге таркатылат.

Макалада тажик өкмөтү орус тилиндеги окуу китептерин Совет маалынан бери чыгарбай калганы, акыркы он жылдан бери Орусия өлкөнү орус тилиндеги китептер менен камсыздары баяндалат.

Окуу китептеринен тышкары Тажикстанга Орусиянын ар кайсы аймактарынан отуз мугалим жөнөтүлгөн. Тажик тарап аларды турак жай менен камсыз кылса, орус өкмөтү аларга айына миң доллар айлык төлөп бермекчи.

"Независимая газета" Польша Казакстанга Европага визасыз режим алууга көмөктөшө турганын жазды. Макалада Польшанын президенти Анджей Дуда Астанадагы сапарында Нурсултан Назарбаевге муну убада кылганы айтылат.

Астанада экономикалык форум өтүп, ага Польшадан 400 ишкер катышкан. Расмий Астана бул убакта Польшанын жарандарына Казакстанга визасыз кирүүгө уруксат берген. Казак президенти чет өлкөлүк инвестицияларга жана казакстандыктарга Европага визасыз жол ачууга кызыкдар делет макалада. Назарбаев кесиптешине Казакстан Польшага Борбор Азиянын жана Евразия экономикалык биримдиктин базарларына чыгууга башкы көпүрө боло алат деген убадаларды берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG