Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:56

БУУнун Расалык кодулоону жоюу комитети тажик бийликтерин улуттук азчылыктардын укугун коргоого, чет өлкөлүктөр менен турмуш курууну чектөөнү алып салууга чакырды.

Аталган комитеттин ушул айдагы сессиясында расмий Дүйшөмбү баяндама жасады жана өлкөдө расалык жерүү жок деп ишендирүүгө аракет кылды.

Бирок айрым укук коргоочулар өлкөдө айрыкча лөлүлөр көп кодуланып, укугу бузулганы, кээ бир аймактардын географиялык аталышы ошол жерди байырлаган жергиликтүү элдин пикири эске алынбай өзгөртүлгөнү өңдүү көрүнүштөрдү айтып, сындап келишет.

Женевада БУУнун Расалык дискриминацияны жоюу комитетинин сессиясында Тажикстанда айрыкча кыз-келиндердин башка мамлекеттин жарандары менен никелешүүсүнүн чектелгени сынга кабылды.

Бирок тажик юстиция министри Рустами Шохурод мындай чектөө тажик кыз-келиндердин укугун коргоо максатында киргизилген деп ынандырганга аракет кылды:

- Никелешүүнүн жол-жобосу катаалдагандан бери тажик жарандарынын укугун коргоо жакшырды. Мыйзам кабыл алган учурда чет жерде жүргөн жарандарыбыз жардам сурап көп кайрылчу. Айрыкча чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан, ажырашкан кыз-келиндердин басымдуу бөлүгүнүн укугу бузулчу. Аларды тийген күйөөлөрү сексуалдык кулчулукка сатып жиберген да учурлар болгон.

Жаш жубайларды салган машине. Тажикстан
Жаш жубайларды салган машине. Тажикстан

Комитет мүчөлөрү расмий Дүйшөмбүнүн аялдарды сексуалдык кулчулуктан сактоо максатында жасалган деген жүйөсү эске алынат деп ишендиришти. Бирок мындай чектөө турмуш куруу, өмүрлүк жар тандоо өңдүү негизги адам укуктарына шек келтирбеши керектигин эскертишти. Ошондой эле расмий каттоосу жок, шариятка ылайык никелешүү көрүнүшү күчөгөнү айыпталды.

Тажик парламенти Үй-бүлө кодексин 2011-жылы өзгөрткөн. Мыйзамга никелешүүгө байланыштуу айрым бир беренелер кирген. Маселен тажик жарандарына баш кошууну каалаган башка мамлекеттин жарандары Тажикстанда бир жылдан кем эмес жашоого тийиш, түгөйүнө үй алып бериши шарт жана нике келишимин түзүүгө милдеттүү.

Женевадагы жыйында Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон баяндама жасап жатып өлкөдө расалык кодулоо жок деп жарыялады:

- Расалык кодулоо Тажикстанда кылмыш болуп эсептелет. Соңку беш жылда өлкөдө расалык кодулоо боюнча бир дагы факт катталып, бир дагы кылмыш иши козголгон эмес. Бүгүнкү күндө Тажикстанда 120 улут жашайт жана алардын 20дан ашык уюму бар. Алардын арасында, орус, түркмөн, казак, ар түрдүү кавказ улутундагылар, уйгур, татар, кыргыз, корей, өзбек тектүү жарандардын бирикмелери бар.

Бирок Орусиядагы "Мемориал" уюму дискриминацияга каршы борборунун Тажикстандагы аз улуттардын абалы боюнча баяндамасында жагдай таптакыр башкача сүрөттөлөт.

Анда Тажикстандагы борборазиялык лөлүлөр - жугилерди, памирликтерди, ягнобчуларды жериген, кодулаган көрүнүш бары айтылат.

Укук коргоочулар алардын этникалык өзгөчөлүгү, баалуулуктары жана тили көңүлгө алынбай калганын белгилешет. Ошондой эле билим берүү тармагында колдоо жетишпейт, мамлекеттик органдарда аз улуттардын өкүлдөрү сейрек.

Жаш жубайлар. Тажикстан
Жаш жубайлар. Тажикстан

Тажик бийликтери болсо этникалык топтордун тилин өнүктүрүү боюнча ондогон программалар бар, лөлүлөрдүн балдарын окутууга шарттар түзүлүп жатат деп ишендирип келет.

Юстиция министри Рустам Шохмурод айрым райондордо өзбек тектүү жарандардын балдары тажик мектептерде окуй турганын моюнуна алды. Бирок бул балдарынын тажик коомчулугуна мамыр-жумур болуп аралашуусун, жеңил билим алышын каалаган ата-энелердин тандоосу деп негиздеди.

Анткен менен БУУнун комитети тажик бийликтеринин расалык дискриминацияны жоюу боюнча баяндамасына канааттанган жок. Анда документ өтө кыска жана толук эмес, чийки экени белгиленди.

Расалык кодулоого каршы комплекстүү чаралар камтылганы атайын мыйзамдын жоктугу, расалык дискриминация түшүнүгү Конвенцияга жараша аныкталбаганы көрсөтүлдү.

Тажик бийликтеринин лөлүлөрдү колдоо боюнча атайын программа керектигин моюнуна албай келгени сынга кабылды. Ошондой эле качкындардын абалы, жарандыгы жок адамдарга кайсы бир райондордо жашоого тыюу салынышы, социалдык жана медициналык жардамдын жетишсиздиги, кайсы бир региондордун географиялык аталышын ошол жердин тургундарынын каршылыгына карабай өзгөртүү боюнча да доомат болду.

Комитет мүчөлөрү тажик бийликтерин жарандыгы жок адамдарды жана аз улуттардын өкүлдөрүн кодулоону токтотууга чакырды. Алар лөлүлөргө жана памирликтерге каршы коомдо калыптанып калган түшүнүктөрдү, пикирлерди өзгөртүү максатында атайын иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

БУУнун расалык кодулоого каршы комитети 1969-жылы кабыл алынган Расалык дискриминациянын бардык түрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын аткарылышын көзөмөлдөйт. Орган ар төрт жылда шайланып турган 18 көз карандысыз эксперттен турат, сессиясы бир жылда эки ирет болот жана анда БУУга мүчө мамлекеттердин баары маал-малы менен отчет берип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG