Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Тажик балдарын орусиялык мугалимдер окутат


Тажикстанга келген орус мугалимдери
Тажикстанга келген орус мугалимдери

Тажикстанга Орусиядан мугалимдердин алгачкы тобу иштегени келди.

Расмий Дүйшөмбү менен Москва мугалимдер тууралуу бир жыл мурда макулдашкан. Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко былтыр Дүйшөмбүгө иш сапар менен келгенде тажик президенти Эмомали Рахмон орус тилин окутуу маселесин, орус тилдүү мугалимдер таңкыстыгын чечүүгө көмөктөшүүнү суранган эле.

Орусиядан келген мугалимдердин арасында жубайлар Игорь менен Ольга Кринициндер бар. Игорь биология, ал эми Ольга орус тилинен сабак берет. Игордун айтымында, алар Орусияда мигрант болуп жүргөн айрым тажик жарандары менен таанышып, жылуу мамиледе болуп келишкен. Ошондуктан Тажикстанга орус тилдүү мугалимдер керек дегенди укканда бул өлкөгө барып, иштеп келүү чечимин кабыл алышкан:

- Биз азырынча окуучулар менен жолугуп, сүйлөшө элекпиз. Кечээ эле келдик. Бирок биз бул жакта иштегенге жагымдуу жагдай, маанай бар экенин сездик. Кечээ биз иштей турган мектептин жетекчилиги, кесиптештер менен жолуктук. Бизди чакырган мектепке, балдарга пайдабыз тийсе экен деп жатабыз.

Тажикстанга келген орус мугалимдеринин бири
Тажикстанга келген орус мугалимдеринин бири

Орусиядан келген мугалимдердин айлыгы 74 миң рубль, башкача айтканда, 1200дөй долларды түзмөкчү. Анын 14 миңин Тажикстан, калган 60 миңин Орусиянын Билим берүү министрлиги берет. Тажик бийлиги мугалимдерди турак жай менен да камсыздайт.

Орус тил мугалими Ольга Криницина бөтөн жерде, бөтөн элде мугалим болуп иштөөгө айлык акы дагы себеп болгонун жашырган жок:

- Албетте, материалдык жагы негизги орунда экени эч кимге жашыруун эмес. Бизге бул жактан ала турган айлыгыбызды жашаганга жетет дешти. Ал эми Орусиядан ала турган маянабыз кошумча акча болот.

Расмий Дүйшөмбү менен Москва орус тилдүү мугалимдер боюнча бир жыл мурда макулдашкан. Былтыр октябрда Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө барганда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү орус тилди окутуу, орус тилдүү мугалимдер таңкыстыгы тууралуу сөз кылган. Матвиенко жардам берүүнү убада кылган.

Тажик мугалимдерин тосуп алуу
Тажик мугалимдерин тосуп алуу

Мугалимдер Дүйшөмбүгө Орусиянын Кострома, Кемеров аймагынан, Башкырстан, Дагестан жана Татарстандан келишти. Алар жаңы окуу жылынан тарта тажик мектептеринде негизинен орус тили, физика, математика, информатика, биология сабактарын окута баштайт. Орусия ошондой эле Тажикстанга 60 миң окуу китебин жөнөттү.

Тажикстанга жөнөп жаткан орусиялык мугалимдерди 28-августта Матиенко баштаган аттуу-баштуу орус аткаминерлери узатты. Матвиенко бул орус тилин сактоо боюнча чоң долбоор экенин баса белгиледи:

- Биздин бүгүнкү жолугушуубуз Орусия менен Тажикстандын ар тараптуу жемиштүү кызматташтыгындагы жаңы программанын башталышы. Урматтуу мугалимдер, силер Тажикстандагы мектептерге барып иштейбиз деп жашооңордогу өтө маанилүү чечим кабыл алдыңар. Бул биринчи тажрыйба, саамалык. Бул тажрыйба дагы уланат деп ишенем. Силер бул долбоордо пионерсиңер. Федерация кеңешинин чакырыгына үн катканыңарга, башка жерде иштеп келгенге, бул долбоорго катышууга макул болгонуңарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздер президент Владимир Путин жана орус бийлиги орус тилинин Орусияда эле эмес башка мамлекеттерде, айрыкча постсоветтик өлкөлөрдө да сакталышына чоң көңүл бурарын билесиздер.

Орусиядан мугалимдер келгенин тажик коомчулугу негизинен жакшы кабыл алды жана терс пикир айтылып, талаш-талкуу дээрлик болгон жок.

Ушул тушта Орусияда миңдеген тажик жарандары мигрант болуп жүрөт жана алар көп учурда орус тилинен кыйналат. Тажикстан эгемендик алгандан бери өлкөдө орус тилин окутуу, орус тилинде билим берүү кескин начарлап кеткен. Айрыкча айылдарда орусча билбеген бүтүндөй муун да пайда болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG