Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Ош: орус тилдүү мектепке бала окутууну каалагандар көбөйдү


Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапованын “Азаттыкка” билдиришинче, мындай теңденциянын орун алышы миграция маселесине байланыштуу болууда.

Август айынын эсебинде шаарда орус тилде окутуучу мектептерге 1-класска 2091 бала кабыл алынды. Алардын 1381и кыргыз, 42си орус, 580и өзбек, 32си татар жана 58и майда улуттардан болуп саналат. Бул цифра 1-сентябрга чейин дагы өсүшү ыктымал. Ал эми быйыл шаарда жалпы 1-класска барчу балдардын саны 6 миңге чукул болот деп күтүлүүдө.

Шаарда кыргыз жана өзбек тилдүү мектептер 100 пайыз, орус тилдүү мектептер 97 пайыз кадрлар менен камсыз болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG