Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Орусия: ИМдин "согуш министри" жок кылынды


Согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов.
Согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов.

Орусия Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун төрт командири жок кылынганын билдирди. Алардын арасында эки жыл мурда согушкерлердин катарына кошулган мурдагы тажик полковниги Гүлмурод Халимов да бар экени кабарланды.

Орусиянын мамлекеттик телеканалдары "Ислам мамлекети" тобуна кошулуп кеткен тажик полковнигин акыры орус учактарынын операциясы жок кылганын кабарлап чыгышты. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 8-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Сириянын Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы аба соккулардан экстремисттик топтун кыркка чукул согушкери, алардын ичинде төрт жетекчиси өлтүрүлдү.

Жетекчилердин арасында тажик ОМОНунун мурдагы командири, полковник Гүлмурод Халимов, топтун каржы жана жаңы согушкерлерди алып келүү жагын тейлеген командири Абу Мухаммад Аш-Шимали да болгон. Орус учактары аталган жетекчилер Дейр-эз-Зордогу кармаштын чоо-жайын талкуулоо үчүн жер алдындагы бункерге жыйынга чогулган учурда сокку урган.

"Чала жан Гүлмурод Халимов Дейр-эз-Зор шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым алыстыктагы Му-Хасан районуна жеткирилди",-деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий маалыматында.

Ушул жайда "ИМ" тобуна кошулган Гүлмурод Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган.
Ушул жайда "ИМ" тобуна кошулган Гүлмурод Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Умаржан Эмомали Орусиянын Коргоо министрлиги ишенимдүү булак экенин, ошентсе да бул маалыматты тастыктоо аракети жүрүп жатканын айтты.

"Гүлмурод Халимов жок кылынганы тууралуу кабар маалымат каражаттарына чыгаары менен Орусиянын Ички иштер жана Коргоо министрликтерине байланышка чыктык. Биз бул маалыматты өз булактарыбыз жана башка булактар аркылуу тастыктаганга аракет кылып жатабыз. Себеби буга чейин көп жолу мындай кабарлар чыгып кетип, акыры ырасталбай калган".

Гүлмурод Халимов Тажикстандын Ички иштер министрлигинде иштеп жүрүп, 2015-жылдын май айында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын жарыялаган. Кезинде Эл аралык машыгуулардан өткөн мурдагы тажик командири жоочулардын арасында "согуш министри" деген атка конгон.

Тажикстан ага эл аралык издөө жарыялап, АКШ Халимовдун кайда жүргөнүн айтып бергендерге 3 миллион доллар сыйлык берээрин билдирген.

2015-жылдан бери Халимов жок кылынганы тууралуу бир нече кабарлар чыккан. Бирок согушкерлер да, тажик бийлиги да бул маалыматтарды четке кагышкан.

Дейр-эз-Зор шаарынын четиндеги Сириянын өкмөттүк күчтөрү
Дейр-эз-Зор шаарынын четиндеги Сириянын өкмөттүк күчтөрү

Сөз болуп жаткан Дейр-эз-Зор шаары үчүн Орусия колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен "Ислам мамлекети" тобунун ортосунда кармаш уланып жатат.

"Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн соңку натыйжалуу аракети Дейр-эз-Зор шаарын курчоодон бошотуу операциясын тездетти жана Сирия күчтөрүнүн шаарды түздөн-түз бошотууга киришүүсүнө жол ачты",-деп айтылат Коргоо министрлигинин акыркы билдирүүсүндө.

Сирия медиасы кабарлагандай, орус президенти Владимир Путин президент Башар Асадды согушкерлердин үч жылдык курчоосун акыры бузганы үчүн куттуктады.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын 2015-жылдын сентябрь айында баштаган. Айрым Батыш расмийлери орус тарапты согушкерлерди эмес, президент Асаддын каршылаштарын бутага алды деп айыпташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG