Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:55

Өлкө чыгышында төмөн байытылган уран сакталчу кампа ачылды. Президент Нурсултан Назарбаев катышкан Астанадагы салтанат БУУнун Атомдук сыноолорго каршы эл аралык күнүндө өттү. 150 миллион долларлык долбоор ядролук куралдын жайылышынын алдын алууну, Тегеран менен дүйнөлүк ири державалардын талашы өңдүү чоң кризисти болтурбоону көздөйт.

Президент Нурсултан Назарбаев Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Юкио Аманого банктын символикалык ачкычын тапшырып жатып, “Казакстан ядролук куралды жайылтпоо багытындагы глобалдуу аракеттерге салым кошорун” айтты.

Өскемен шаарындагы Улба металлургиялык заводунда Cоветтер союзу учурунда кургак ядролук отун өндүрүлүп, байытылган уран сакталып келген. Андагы коопсуздук шарттары СССР урагандан кийин дүйнөлүк стандарттарга төп келбей калышы мүмкүн деген чочулоолордон улам 1994-жылы жабык операция жүргүзүлүп байытылган урандын запасы АКШга алынып чыккан. Ошондон кийин заводдо ядролук таштандылар сакталчу.

Атомдук Энергетика боюнча эл аралык агенттик ядролук куралдын жайылышын алдын алуу чараларынын алкагында ал жайдын аймагында байытылган урандын банкын ачты.

Бирок бул ирет анда кооптуу курал чыгарууда пайдаланылган эмес, 90 тоннага чейинки төмөн деңгээлде байытылган уранды сактоо каралууда. Бул көлөм үч жыл бою чоң шаарды энергия менен камсыздап туруу үчүн жетиштүү.

- Банкка 30Б тибиндеги 60 цилиндр жайгаштырылмакчы. Бул – урандын 90 тоннасына барабар. Материалдын бул көлөмү бир миң мегаватт стандарттык ядролук реактор үчүн отун өндүрүүгө жетет, - деп айтып берген заводдун өкүлү Алесандр Ходанов.

Долбоорго катышкан Ядролук коркунучка каршы демилге деген уюм бул банк “бир өлкө жеке өзү көзөмөлдөбөгөн алгачкы ушундай жай болуп каларын” билдирди.

Орусияда бул өңдүү банк 2010-жылдан бери бар, бирок Өскемендеги кампага эл аралык агенттик ээлик кылат жана өзү иштетип турмакчы. Анын коопсуздугун камсыздоо болсо Казакстанга жүктөлөт. Банк бийиктиги 3,5 метрлик тосмолор менен курчалган, жер-жерде камералар орнотулган.

МАГАТЭге мүчө мамлекеттер атомдук станцияларды суюлтулган отун менен камсыздоо “олуттуу себептерден” улам үзгүлтүккө учурап калса, ошол банктан төмөн байытылган уранды рынок баасына ала алышат. Бирок мындайга өзгөчө кырдаалдарда, башка арга жок болгон учурда гана жол берилет.

Идея боюнча банкка кайрылуу менен суюлтулган отунду байытуу технологияларын өнүктүрүүгө кеткен убакыт жана каражат үнөмдөлөт, эң башкысы андай технология курал жасоого керектүү уран байытууда колдонулушу мүмкүн. Андан тышкары уранды мыйзамсыз жолдор менен алуу аракеттеринин да кереги жок болуп калат.

"Мындай банк ачуу МАГАТЭнин атомдук коопсуздукту камсыздоо жана атомдук куралды жайылтпоо аракеттериндеги олуттуу окуя болуп калды. Банк бул багыттагы эл аралык кызматташтыктын жакшы үлгүсү", - деди АКШнын мурдагы сенатору, Ядролук коркунучка каршы демилге уюмунун теңтөрагасы Сэм Нанн.

Бул уюм банкты ачуу демилгесин 2006-жылы көтөрүп, эки жыл мурда уран өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Казакстан өкмөтү менен Эл аралык агенттик долбоор боюнча макулдашууга жетишкен.

Банк бир нече булактан, анын ичинде АКШ жана америкалык миллиардер Уоррен Баффет тарабынан каржыланган. Миллиардер долбоорго 50 миллион доллар салым кошкон. Калган акчаны донорлор, анын ичинде АКШ, Норвегия, Бирикен Араб Эмираты, Евробиримдик өлкөлөрү, Казакстан жана Кувейт бөлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG