Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Иран байытылган уранды Орусияга жөнөттү


Ирандын Арак шаарындагы өзөктүк реактор турган завод
Ирандын Арак шаарындагы өзөктүк реактор турган завод

Иран өзүнүн өзөктүк программасын кыскартуу боюнча быйыл жайында бекитилген макулдашуунун шарттарын аткара баштады.

28-декабрда бортунда 11 тонна байытылган уран жүктөгөн кеме Ирандан Орусияга жол тартты. Иран өз аймагынан байытылган уранды сыртка чыгарып берген фактыны АКШ дагы ырастады.

Иран быйыл 14-июлда Венада дүйнөлүк державалар менен өзөктүк программаны көзөмөлдөө боюнча жетишилген макулдашуунун алкагында байытылган урандан баш тартууга милдеттеме алган болчу. Расмий Тегеран дүйшөмбү күнү мына ошол жетишилген макулдашуунун баштапкы шарттарын аткарууга киришти. Буга чейин Ирандын аймагында жашыруун жагдайда аз өлчөмдө байытылган 11 тонна уран кемеге жүктөлүп, Орусияны көздөй жолго чыкканы жарыяланды. Бортунда опурталдуу жүк жүктөлгөн кемени Ирандын жана Орусиянын коопсуздук күчтөрү коштоп баратканы айтылды.

Бул маалыматты АКШнын мамлекеттик департаменти дагы ырастады. Бул мекеменин расмий өкүлү Марк Тонер Вашингтон бул кадамды колдоого аларын билдирди:

- Аз өлчөмдө байытылган урандын дээрлик бардык запастарын сыртка чыгарып берүүнү Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттик тастыктаса, анда бул өтө маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле мен мурда эске салгандай, уранды сыртка ташып чыгаруу мөөнөтү бир өзөктүк куралды жасап бүтүрүүгө сарпталчу убакыттан үч эсеге ашып түшөт. Мурдагы баалоо боюнча бул мезгил болжол менен 2-3 айды түзгөн.

АКШ мамдепартаменттинин маалыматы боюнча кеменин бортуна 20% чейин байытылган Ирандагы урандын бардыгы жүктөлгөн. Тегеран өзөктүк программаны көзөмөлдөө боюнча быйыл жайында бекитилген макулдашуунун негизинде мындай урандан 2015-жылдын аягына чейин толук баш тартууга милдеттеме алган болчу. Ага ылайык, Тегеран жана БУУнун коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү Иран менен андагы аз байытылган урандын запасын 10 тоннадан 300 килограммга чейин кыскартуу маселесин макулдашкан. Мында Батыш Иран өзөктүк программасын тынчтык мүнөздө гана колдонуусун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алып, өз кезегинде Тегеранга каршы мурда киргизилген экономикалык санкцияларды алып салууга макулдук берген эле.

Эми макулдашуунун кийинки шарттары боюнча Иран өзүнө каршы санкцияларды толук алып салуу үчүн өзөктүк курал даярдоого керектеле турган уранды байытуучу инфраструктураны толук жок кылууга тийиш. Ирандын Арак шаарындагы заводдогу миңдеген жабдуулар турган өзөктүк реактор Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көзөмөлү астында токтотулушу каралган.

Иран өзөктүк программасын кыскартуу боюнча коюлган талаптарды аткарган шартта АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия ага каршы экономикалык санкциялардын жарымын 2016-жылдын башынан тарта алып салууга милдеттеме алышкан. Бул макулдашууга ылайык, Иранга өзөктүк программаны отун-энергетикалык тармакта тынчтык мүнөздө колдонууга гана уруксат берилген.

Ошондуктан Иранда байытылган урандын ордуна жаратылыш ураны бериле турганы каралган. Буга чейин Ирандын макулдашуу шарттарын аткаруусун көзөмөлдөгөн МАГАТЭнин башчысы Юкио Амано январь айында санкциялар алынып салынышы мүмкүн экенин билдирген. Анткени Иранда февраль айына дайындалган шайлоого чейин тарыхый макулдашуунун шарттарын толук аткарып бүтүү жагы каралган болчу.

XS
SM
MD
LG