Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Орусия менен Иран ымаланы бекемдөөгө кызыкдар


Сергей Лавров менен Мухаммад Зарифтин Москвадагы 17-августтагы жолугушуусу.
Сергей Лавров менен Мухаммад Зарифтин Москвадагы 17-августтагы жолугушуусу.

Орусия Иранга атомдук электр станцияларын кургусу келет. Бирок мунун баары Ирандын ядролук программасы боюнча келишим күчүнө кирген соң гана ишке ашат.

Москва менен Тегеран Иранга каршы эл аралык санкциялар алынгандан кийин аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу эки өлкө тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мухаммад Зарифтин Москвадагы 17-августтагы жолугушуусунан соң айтылды. Тараптар Ирандын ядролук программасы боюнча келишим жакын арада күчүнө кирүүсүнө үмүт артууда.

Жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров орус-иран кызматташтыгы жаңы баскычка чыгуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты:

Ирандын ядролук программасы боюнча келишимден соң азыр Москва менен Тегеранда эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар, - деди орус тышкы иштер министри.

Москвадагы министрлер сүйлөшүүсү Иран жана Орусия президенттери Хасан Роухани менен Владимир Путиндин жолугушуусунан кийин өттү. Эки өлкө жетекчилери өткөн айда Уфадагы БРИКС саммитинин алкагында кездешип, Иранга каршы санкциялар токтотулган соң эки тараптуу кызматташтыкты жандантууга макулдашкан.

Орусиянын маалымат каражаттарынын жазышынча, Сергей Лавров жана Мухаммад Зариф С-300 ракета системасы менен Иранды камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жана Иранда жаңы АЭС курууну талкуулашкан. Кремл 2010-жылы Иранга аталган ракета системасын сатууну тыйып койгон. Ага АКШ менен Израилдин ал куралды Иран келечекте ядролук жайларын ыктымал аба соккуларынан коргонуу үчүн колдонушу ыктымал деген тынчсыздануулары себеп болгон эле.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф Тегеран менен алты держава ортосундагы ядролук келишим эки өлкө кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө токтолду:

- Вена келишими эки өлкө ортосундагы өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөт. Биз жакшы мамиледебиз, келишим бардык тармактарда, анын ичинде экономикада жана коргонуу жаатындагы кызматташууга оң таасир этет, - деди Иран тышкы иштер министри.

Москва болсо Ирандын атомдук энергиясына да өзгөчө кызыгуу артууда.Лавровдун айтымында, Москва менен Тегерандын сегиз атомдук электр станция куруу боюнча макулдашуусу Ирандын энергетика тармагын чыңдайт. Иран менен Орусиянын бийлик өкүлдөрү өткөн ноябрда “Росатом” компаниясы Бушерде төрт жана өлкөнүн дагы башка аймагында төрт, жалпысынан сегиз АЭС куруунун шарттарын сүйлөшкөнүн жарыялаган.

Тараптар Москвадагы сүйлөшүүдө мындан сырткары Сириядагы жарандык согушту дипломаттык жол менен чечүү боюнча орток демилгени да талкуулашкан. Бул план президент Башар Асадды бийликте калтырууга чакыргандыктан, АКШ, Евробиримдик, Перс булуңундагы араб өлкөлөрү жана Сириянын оппозициясы ага каршы экени белгилүү.

Тегерандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын Иран менен 10 жылдан ашык созулган сүйлөшүүсү 14-июлда Венада аягына чыккан. Ал келишимге ылайык, Иран ядролук программасын кескин кыскартат жана ага жооп катары Тегеранга каршы эл аралык санкциялар кыскартыла баштайт. Бирок келишимди эми АКШ Конгресси жактырышы керек.

Иранда болсо бардык мамлекеттик маселеде акыркы сөздү айтуу укугуна ээ жогорку лидер аятолла Али Хаменеи бул келишимди жактырганын же четке кагарын азырынча коомчулукка ачык айтпаганы менен бир канча жолу Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрүн колдогон пикирлерди айткан.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG