Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

АКШ: Иран менен келишимди колдогондор көбөйдү


Иран менен ядролук келишим боюнча ар башка көз караштагы адамдар демократ- сенатор Чарлз Шумердин Нью-Йоктогу кеңсесинин алдында топтолуп турушат. 10-август
Иран менен ядролук келишим боюнча ар башка көз караштагы адамдар демократ- сенатор Чарлз Шумердин Нью-Йоктогу кеңсесинин алдында топтолуп турушат. 10-август

Сентябрда АКШ Конгресси Иран менен Венада түзүлгөн ядролук келишимди колго салат. Азырынча республикачылар үстөмдүк кылган Конгрессте келишимге каршылар көп.

Демократ-конгрессмендер арасында да арсарлары арбын. Мындай жагдайда эки демократ сенатор келишимди жактап чыкты. Аларды кошкондо Сенаттагы келишим үчүн добуш берчү саясатчылардын саны 18ге жетти. Бул президент вето укугун пайдаланганга зарыл добуштун теңине тете.

13-августта АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенаттагы дагы эки демократ Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди колдоорун билдирди.

“Бул төрт түлүгү шай келишим эмес... Бул келишим, менин оюмча, келерки 15 жылда Ирандын ядролук куралга жетишине мүмкүндүк бербөөчү эң эффективдүү, ишенимдүү жол” деп түшүндүрдү миннесоталык Ал Франкен өз чечимин.

Монтаналык Жон Тестердин сөзүнө караганда, азыр Ирандын ядролук программасын токтотуунун бирден бир жолу келишим түзүү эле. Сенатка демократтарды шайлоо үчүн комитетинин төрагасы Тестердин келишимди колдогону Ак үй үчүн өзгөчө маанилүү деп айтса болот. Себеби, Монтана штаты демейде республикачыл президенттер үчүн добуш берет.

“Ветерандар келишимге каршы” кыймылынын акчасына жасалган телерекламада ядролук келишимди туура деп колдочу же колдойт делген конгрессмендер ачык эле төө бастыга алынды. Иранда жасалган бомбадан майып болгон Ирак согушунун ветераны, сержант Роберт Бартлетт: “Келишимди жактаган ар бир саясатчы жооп берет, алардын колу канга малынат”-дейт телерекламада Жон Тестердин жана Жо Манчиндин атын атап.

Бирок алдагыдай пропаганданын үзүрү аздай. Батыш виржиниялык демократ Манчиндин өкүлү Жонатан Коттун айтымында, сенатор “пропагандалык кысымды сезген эмес” жана келишимди колдогонго ыктап баратат.

Сенаторлордон биринчилерден болуп келишимди мурдагы астронавт, флоридалык демократ Билл Нэлсон 4-августта колдогон:

- Мен Иран жана Р5+1ге кирген АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ортосундагы келишимди колдойм. Себеби, ал 10-15 жылда Ирандын ядролук куралды өнүктүрүүсүн токтотот деп ишенем...

Мындай демократтардын тобуна Жон Тестер менен Ал Франкен кошулгандан кийин келишим үчүн добуш берчү сенаторлордун саны 18ге жетти. Бул бирок келишимди жактырбаган мыйзам долбоору кабыл алынса, ага каршы Барак Обама вето жарыялаганы жетишсиз. Ал үчүн президентке кеминде 34 добуш керек.

Ак үй ушу чакта Иранды экономикалык камоого алып, капилет аскерий чатакташууга баргандан көрө келишим түзгөндү туура көргөн конгрессмендерди өз тарабына тартууга аракеттенүүдө. Бул жагдайда Чикагонун мэри, Ак үйдүн мурдагы администрация башчысы Рам Эмануэл да ядролук келишимди колдогонун айтып чыкты. Бул арсар абалда жүргөн конгрессмендердин келишим үчүн добуш берүүсүнө түрткү бериши ыктымал.

Ал эми Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктүн лидери Кевин Маккартинин пикиринче, Ак үй үлкөн дипломаттык келишимди Конгресстин мүчөлөрүнүн үчтөн биринин добушуна таянып сактап калууну көздөөдө. Конституцияга ылайык, эл аралык келишимдерди ратификациялоо үчүн, аны Сенаттын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси колдошу зарыл, - деп эскертти Маккарти.

АКШнын финансы министри Жэйкоб Лью “Нью-Йорк таймс” гезитиндеги макалада Конгресс БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана 90дон ашык мамлекет колдогон келишимди жактырбай койсо, анда Иранды 10 жылдан берки изоляциялоо токтойт жана Вашингтонду башка өлкөлөргө каршы тукурат деп жазат.

Иран жана Р5+1 ортосундагы келишимди 29 америкалык беделдүү ядролук окумуштуу жана аскерий эксперт колдогон. Отуздан ашуун отставкадагы генерал жана адмирал да келишимди "Ирандын ядролук бомбалуу болуусуна жол бербеген документ" деп аташкан чогуу жарыялаган ачык катында.

АКШ президенттигине талапкер республикачылардын баары эгер шайлоодо жеңсе, Ак үйгө баргандын биринчи күнү Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди жокко чыгарабыз деп убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG