Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Эбади: Иранга атомдук энергия деги керекпи?


Ширин Эбади: Эл эмне болуп жатканын билгенге укуктуу
Ширин Эбади: Эл эмне болуп жатканын билгенге укуктуу

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ирандык лауреаты Ширин Эбади Ирандын талаштуу ядролук программасын саясий гана деңгээлдеги талкуулардан чыгарып, жалпы улуттук деңгээлде көтөрүүнү максат кылган өнөктүгүн баштады.

Ширин Эбади бир нече жылдан бери өлкөнү коркунучка кептеп, эл аралык деңгээлде талаш-тартыштарды жараткан өлкөнүн атомдук программасын талкуулоону сунуш кылган өнөктүгүн баштады.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээсинин ишениминде, Ирандын ядролук программасы жөн эле саясий маселе эмес. “Бул карапайым ирандыктардын турмушуна түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон, улуттук чочулоону жаратып жаткан нерсе”, - деп айтылат анын интернеттеги кайрылуусунда. Эбадинин чакырыгына азыр өлкөнүн ичинде жана сыртында жүргөн 300дөн ашуун интеллектуалдар менен активисттер кол коюшкан.

Адам укугун коргоочу жана мурдагы судья “Азаттыкка” сүйлөп, бул кампаниясынын максаты эмнеде экенине токтолду.

"Мен илимий, экономикалык жана экология боюнча талкууларды өткөрүп, ал аркылуу атомдук энергияны колдогондор жана ага каршы чыккандардын үнүн уктурууну максат кылып жатам. Ошондо өкмөттүн өзөктүк саясаты канчалык туура болгонун эл өзү чече алмак", - дейт ал.

Иранда адам укугун коргоодо жетишкен ийгиликтери үчүн мындан туура 10 жыл мурун Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Эбади жаңы демилгени өлкөдөгү фарсы тилдүү медиа, интернет сайттар жана социалдык түйүндөр колдоого алат го деп үмүттөнөөрүн билдирди.

2009-жылдан бери бозгунда жашап жаткан Эбади Ирандын өзүндө андай дебаттарды өткөрүүгө катуу цензура жол бербей турганын айтат.

Мамлекеттин өзөктүк аракеттерин “жайчылык гана максатта энергия алуу” деп белгилеп келаткан расмий Тегерандын саясаты мамлекеттин өзүндө кеңири колдоого алынган. Өкмөттүн уран байытуу аракеттери дүйнөдө чочулоону күчөтө баштагандан тарта Тегеран өзүнүн атомдук энергия саясатын коргош үчүн муну “биздин кол тийгис укугубуз” деп жарыялап келатат.

Эбадинин аракеттерин колдогон “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Ирандын өзүндө ядролук программаны ачык талкуулоого цензура киргизилгенин белгилейт.

Ширин Эбадинин айтымында, 2005-жылдан бери мамлекеттик маалымат каражаттарына өзөктүк программа тууралуу расмий гана кабар таратууга уруксат берилген. Натыйжада экологияга тийип жаткан кесепет жана экономикалык жоготуулар жөнүндө эч ким ачык сүйлөгөнгө даабай калды.

"Маселен, Ирандагы катуу цензуранын айынан “Бушер” атомдук заводу жер титирөө көп кайталанышы мүмкүн болгон кооптуу жерде жайгашканын өлкөдө аз эле адам билет, - дейт Эбади. - Азыр эми өкмөт экинчи өзөктүк жайын сала турганын жарыялады. Өзөктүк дагы бир заводду курган чындап эле Ирандын улуттук кызыкчылыгына туура келеби? Бул - ар тараптан талкууланышы керек болгон маселе".

Иран бийликтери болсо “Бушер” заводу түрдүү зилзаладан мыкты коргоого алынып курулганын айтышууда.

66 жаштагы Эбади “өкмөт элдин үнүн уккусу келбеген күндө да, ирандыктар эмне болуп жатканы жөнүндө маалымат алганга укуктуу” дейт.

"Тилекке каршы, Ирандын жетекчилиги өз элин укканды каалабайт. Бул жагынан мактана турган иш кыла элек. Бирок андай саясат элди таптакыр караңгыда калтырса болот дегенди билдирбейт. Биз сөз эркиндигин жактап, бийлик койгон чектөөнү ашууну каалайбыз", - деди Ширин Эбади.

Өткөн жылы Ирандагы белгилүү реформист саясатчы жана мурдагы Ички иштер министри Абдулла Нури атомдук программанын тагдырын эл чечсин деп, референдум өткөрүүнү сунуштаган. Анткен менен анын сунушун катуу көзөмөлгө алынган мамлекеттик медиа таптакыр четке сүрүп салган.

Жумурияттын көптөн бери талашка түшүп келаткан атомдук программасын интернетте талкуулоо аракеттери буга чейин деле көрүлгөн, бирок таасирдүү жыйынтык бере алган эмес.

Ушул аптада ирандык расмий өкүлдөр өзөктүк программа боюнча Батыш менен мунаса тапканга аракет кылган дагы бир сүйлөшүүгө чогулганы жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG