Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:11

Укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдар четтен гранттарды алып, өлкөгө каршы иштейт деп айтканына жооп кайтарды.

Анда эң көп чет элдик гранттык каражаттарды мамлекет алганы жана алардын көпчүлүгү дайынсыз коротулуп жатканы белгиленди. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар сырттан алынган гранттык акча эсебинен өлкө ичиндеги саясий туруктуулукка шек келтирип жатат деп айткан.

Укук коргоочулар отчет талап кылды

Кыргызстандагы укук коргоочулар биримдиги президент Алмазбек Атамбаевдин бейөкмөт уюмдардын чет өлкөдөн гранттык каражаттарды алуу менен мамлекетке каршы иштеп жатат деген айыптоосун куру доомат катары айыптап чыкты.

Анда укук коргоочулар эл аралык уюмдардан алган гранттык каражаттардын өлчөмү мамлекет четтен жыл сайын алып жаткан гранттык каражаттардан алда канча аз экени белгиленди. Ошол эле кезде укук коргоочулар биримдиги Кыргызстан соңку жети жылдан бери чет өлкөлөрдөн алган гранттык каражаттардын эсеби тууралуу коомчулукка отчет берүүнү талап кылды.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мамлекетке жана бейөкмөт уюмдарга берилген грантты колдонуудагы айырмачылыкты белгиледи:

- Биз болор-болбос акча алып, ага кээде өмүрүбүздү тобокелге салып, адам укугун коргоп жатабыз. Анан эле бизди "грант жегичке" айлантып, мамлекет, президент, өкмөт сырттан эч кандай акча албагандай түр көргөзүп жатат. Чынында миллиондогон акчаны мына ошолор алып жатпайбы. Анан кайра эле бизге негизсиз жерден асылышат. Ал эми мамлекетке Евробиримдиктен, Жапониядан, Кытайдан жана АКШдан келген миллиондогон гранттык жардамдар боюнча сөз жок. Мына ошол каражат каякка жумшалып жатканы дагы белгисиз.

Ошол эле кезде укук коргоочулар биримдиги Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар мамлекет жасабаган бир топ социалдык жумуштарды аткарып, жер-жерлерде көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп жатканын белгиледи. Ал эми укук коргоо уюмдары чет элден алынган гранттык долбоорлордун эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарына акысыз укуктук жардамдарды көрсөтүп, алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүп жатканы айтылды.

Бирок буга чейин президент Алмазбек Атамбаев бейөкмөт уюмдарды гранттык каражаттарды алып, сырткы күчтөрдүн шыкагы менен иштей турган "курал" катары мүнөздөгөн:

- Тышкы күчтөргө Кыргызстандын бутуна туруп жатканы жакпайт. Ошондуктан үйүбүздөгү тартипти өзүбүз карабасак, жаманды коногу бийлейт болот. Чет өлкөдөн акча алып, Кыргызстанда бир балээ кылайын дегендер бар. Алар бизге мекендеш эмес. Анан ошолор "адамдын укугун, элдин укугун коргойт" деп сөз сүйлөп, калптын бардыгын жазып жатышат.

Анткен менен буга чейин тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары кайсы бир бейөкмөт уюмдар мамлекеттүүлүктү бүлүнтүп, өлкө эгемендигине шек келтирген конкреттүү учурлардын бетин ачып, мисал келтире элек. Мына ошондуктан алар президенттин сөзүн "коргонуу үчүн кол салуу" тактикасы катары кабыл алышты. Ошол эле кезде укук коргоочулар биримдиги соңку жылдары Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдарын реформалоо долбоорлорун каржылоо үчүн келген гранттык каражаттардын дайыны табылбай жатканын белгилеген.

Майлы-Суудагы уран калдыктарын кайра көмүүгө бөлүнгөн 13 миллион евро дагы дайынсыз жоголгон. Гранттык каражаттардын бардыгы Кыргызстанда бир өзгөрүү болсун деп берилген да. Өзгөрүү дагы жок, акча дагы жок.
Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул жагдай туурасында мындай деди:

- Үч жыл мурун ички иштер органдарын реформалоого 27 миллион евро бөлүнгөн. Андан кийин дагы каражат берилди. Акча тынымсыз агып келип жатат. Кана ошол реформа? Анан дагы сот органдарын реформалоого 120 миллион евро бөлүнгөн. Ошол жакта сот реформасы болуп бүттүбү? Албетте жок. Анда мына ошол акча каякка жумшалды? Майлы-Суудагы уран калдыктарын кайра көмүүгө бөлүнгөн 13 миллион евро дагы дайынсыз жоголгон. Гранттык каражаттардын бардыгы Кыргызстанда бир өзгөрүү болсун деп берилген да. Өзгөрүү да жок, акча да жок.

Кыргызстанга Евробиримдиктен, АКШдан, Жапониядан жана Кытайдан мамлекеттин дарегине келген гранттык каражаттар таза суу чыгарууга, саламаттыкты сактоого жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Буга чейин келген мамлекет чет өлкөлөрдөн алган гранттык каражаттардын так саны ушул кезге чейин белгисиз. Каржы министрлиги дагы буга чейин алынган чет элдик гранттардын кайсы тармактарга чыгымдалганы тууралуу толук маалыматтарды коомчулукка жарыялай элек.

Каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков тиешелүү мамлекеттик органдарда чет элдик гранттардын колдонулушу боюнча маселе жоктугун айтты:

- Ошондой эле тартипте берилип, анан отчеттуулугу чыккан. Бул жерде ар бир долбоордун аткарылышы боюнча өз-өзүнчө караш керек. Жалпысынан алып карасак, негизинен мамлекетке келген гранттардын пайдаланылышы натыйжалуу эле жүрүүдө. Бул багытта эч кандай маселе жок. Долбоорлордо кандай деп көрсөтүлсө, мына ошол багыттар каржыланып жатат.

2016-жылы Кыргызстан Евробиримдиктен жалпысынан 34 миллион евро грант алган. Ал негизинен билим берүүгө, социалдык тармакка жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө жумшалган. Евробиримдик Кыргызстанга алдыдагы эки жылда 200 миллион еврого чукул грант каржылык колдоо көрсөтүүнү убада кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG