Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:02

“Кылым шамы” укук коргоо кыймылы Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарына байланыштуу экологиялык көйгөйлөр боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Аталган уюм бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатканына карабай "чечиле элек, жергиликтүү элге коркунуч дале күч" деген тыянакка келген. Иликтөөнүн жыйынтыгын жакын арада парламентке жолдоп, Майлуу-Сууга өзгөчө макам берүүнү сунуштамакчы.

Аталган шаарда уран калдыктары 20дан ашык жерге көмүлгөн. Мындан тышкары ондон ашык жайда радиоктивдүү тоо тектери сакталган.

Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жерлерден туулган коркунучтарды иликтеген “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулованын билдиришинче, эл арасындагы сурамжылоо шаардыктардын радиация тууралуу маалыматы аз экенин көрсөттү:

- Радиациядан канчалык коркунуч жаралууда, андан сактануунун жолдорун билеби деген суроого жооп издедик. Сурамжылоонун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү качан жана кандай маалымат таратылганын так айта алган жок. Шаарда радио, ТВ жок экен, гезит чыкпайт. Беш-алты жыл мурда кайсы бир эл аралык уюмдар келип буклет таратканын эстеп жатышты. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Союз убагында уран калдыктары көмүлгөн жерлердин баары тор менен тосмолонуп, мал жана киши кирбей кайтарылып турган. Азыр баарын чечип кетишип, ал жерде мал кенен жайылып, балдар аларды кайтарып ойноп жүрүшөт. Анын кесепети канчалык оор болорун элге жеткирген, зыяндуулугун түшүндүргөн киши жок. Аймакта майып балдар көп болгонуна карабай дарыгерлер таңсык. Балдар неврологу, онколог, фтизиатр жок, 80ден ашкан байбиче гинеколог болуп иштеп жатыптыр.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" уюму иликтөөнүн жыйынтыгын жакын арада парламентке жиберип, Майлуу-Сууга өзгөчө макам берүүнү сунуштоодо. Азиза Абдирасулова шаардагы радиациялык коркунуч эске алынып, жашоочулардын жөлөкпул, пенсияларын көтөрүү зарылдыгын айтты:

- Кош бойлуу аялдардын айына жетпей төрөгөн учурлары, оорукчан, өлүк төрөлгөн балдар абдан көп. Майлы-Сууда дээрлик ар бир үйдө оорукчан кишилер же майып балдар бар. Өзүнчө макам берилсе жок дегенде аларга дары-дармек алганга акча болуп калмак.

Союз маалында Майлы-Сууда 50 миңдей киши жашаса, азыр 24 миңден ашыгы калган. Атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөр Майлуу-Сууда радиациядан улам майып төрөлгөндөрдүн саны арбып баратканын көрсөткөн. Шаар тургуну Гүлмира Бакиеванын беш баласынын экөө тубаса майып:

- Баламдын талмасы кармап калат. Калтырап-титиреп үч-төрт күн ордунан турбай калат. Акыл-эси кем төрөлдү да.

Ал эми төрт балалуу Алтынай Атамбекованын эки кызы да бутунан майып болуп төрөлгөн экен. Анын үй-бүлөсү Майлуу-Суудагы уран көмүлгөн жайга чукул жана көчкү көп жүргөн жерге жакын жашайт:

- 26 жылдан бери ушул жердемин. Мен, мисалы, Майлуу-Сууда жашагым келбейт. Башка жакка кеткенди жакшы көрөм. Ушул жерде жүрсөм ооруйм да. Башка жакка барсам дароо сезилет, баш оорум басылат. Кызым да ошондой. 1994-жылы бул жерде жашоого мүмкүн эмес деген экен. Ошондо эле акылдуулук кылып көчүп кетсек болмок экен.

Бул радиациядан улам майып балалуу болдук деп шектенген эки эле мисал. Кыргызстандагы уран калдыктарынын кесепеттерин изилдеген Улуттук илимдер академиясына караштуу Медициналык көйгөйлөр институтунун директору Рахман Тойчуев “Азаттык” радиосуна Майлуу-Сууда төрөлгөн балдардын тонун иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Анын белгилешинче, калаада 1990-жылдардан бери миңге чукул наристе тубаса майып болуп туулган:

- Тубаса оорулар менен туулган балдардын тонун Ташкентке алып барып иликтедик. Кыргызстанда мындай иликтөө борборлору жок. Анын жыйынтыгында бул тондордон уран менен торий көп чыкты. Тон баланы зыяндуу заттарды өткөрбөй коргойт. Ошол себептүү бул нерсе түйүлдүккө коркунучтуу. Балдардын чачын уран менен торийге текшергенде денесине бул заттар сиңген жеткинчектердин баары богок менен ооруй турганы белгилүү болду. Кыргызстандын башка аймактарына караганда Майлуу-Суунун шартында залал шишик оорулары 1,5-2 эсе көп. Кээ бир тоо тектери, үчүнчү калдык көмүлгөн жай башка жакка көчүрүлүп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бир аз төмөндөп жатат. Бирок жалпы абал дале кооптуу.

Рахман Тойчуев кошумчалагандай, Майлуу-Сууда уу заттар көмүлгөн жайлардын көбү дарыялардын жээктеринде, сел коркунучу бар аймактарда жайгашкан. Андыктан жер көчкү, сел жүргөндө ачылып кетип, уу заттар сууга кошулуп кетиши ыктымал. Уу калдыктар жашырылган жерлерди аралап аккан суудан Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков, Бүргөндү айыл өкмөттөрүнүн калкы да колдонот. Андан ары дарыя Өзбекстандын аймагына өтөт.

Майлуу-Суу: көрүнбөгөн коркунуч

Экологдор жарандардын саламаттыгы үчүн Майлуу-Суунун өзүн жана аталган айылдарды таза суу менен тез арада камсыздоого бийликти чакырышууда. Анткен менен бул маселени чечүү жана Майлуу-Суудагы уран калдыктарын көчүрүүгө Кыргызстандын өзүнүн дарамети жетпейт, бюджеттен акча аз бөлүнөт. Майлуу-Суу шаарынын мэриясы "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын иликтөөсүнө комментарий бере элек.

Ал эми зыян калдыктар сакталган жерлерди коопсуз кылуу милдети жүктөлгөн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Майлуу-Сууда көйгөй чынында оор экенин моюнга алып, донорлорду тартуу менен маселе акырындап чечилип жатат деп билдирди:

- Европа өнүктүрүү банкы менен Еврокомиссиянын ортосунда атайын эсеп ачылган. Донорлордун акчасын тартуу менен Орто Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу, зыянсыздандыруу боюнча. Биз былтыртан бери алар менен иштешип жатабыз. Азыр жалпы 16 миллион евро чогулду. Эсепти Европа банкы башкарат. Биз үч долбоор өткөргөнбүз, Сумсар жана Шакафтар, Миң-Куш, Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жердерди коопсуздандыруу багытында. Анын үчөө тең өттү. Чогулган акча Өзбекстан жана Тажикстанга да тиешелүү. Биз үч, Өзбекстан эки, Тажикстан эки долбоор даярдап, сунуштап жатабыз. Жалпысынан жети долбоорго 85 миллион евро керектелет. Сентябрдын 20ларында Нью-Йоркто БУУнун сессиясынын алкагында бул маселе талкууланат. МАГАТЭ өз сунушун айткан соң ал акча бизге түшө баштайт. Ошондой эле 2013-жылы ЕАЭБ алкагында төрт мамлекеттин ортосунда кыргыз-тажик аймактарындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча долбоор иштеп баштаган. Техникалык-экономикалык негиздемелери бүткөрүлүп, сентябрь-октябрда практикалык иш башталат. Биринчиси - Миң-Куштагы эки жерди башка жакка көчүрүү, экинчиси - Кажы-Сай боюнча. Жалпы суммасы 1 миллиард рублдан көп. 2004-2012-жылга чейин Европа өнүктүрүү банкынын алкагында долбоор иштеп, Майлуу-Суудагы бир нече калдыктар жайгашкан жерди башка жактарга көчүрүү иштери жүргөн.

Майлуу-Суудагы калдыктар зыяны

Кыргызстанда жалпы 92 уу калдык сактоочу жай бар болсо, анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид бар. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. 2004-жылы Майлуу-Сууда зыян заттарды коопсуз жакка көчүрүү жана ал жерлерди тазалоо, заманбап технологиялар менен калдыктарды жок кылууга багытталган долбоор ишке киришип, Дүйнөлүк банк ага 11 миллион доллар бөлгөн.

Советтер Союзунда "москвалык камсыздоого" алынган Майлуу-Сууда уран казып алуу иштери 1946-жылы башталып, 1966-жылга чейин созулган. Иштетилген уран жана башка уу калдыктар да ушул мезгил аралыгында көмүлгөн.

АКШдагы Blacksmith Institute экологиялык фонду 2013-жылдагы иликтөөсүндө Майлуу-Сууну дүйнөдөгү эң булганган он шаардын катарына кошкон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG