Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Майлуу-Суу: жер көчкү элди кыйнады


Kyrgyzstan. Maily-Suu. landslide. May 12, 2017
Kyrgyzstan. Maily-Suu. landslide. May 12, 2017

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймагындагы жашоочулар эки аптадан бери тоо бетиндеги жалгыз аяк жол менен каттап жатышат.

Жергиликтүү тургун Эркинбек Кадыркулов күндүн ысыгында жөө-жалаңдап уулун мектептен алып келатат.

- Биз Көк-Ой айылында турабыз. Баламды мектептен алып келатам. Жолубузду суу басып калды. Өкмөт жолду оңдоп берсе жакшы болмок. Машина менен каттай албай калдык.

28-апрелде Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймагындагы Кой-Таш тилкесинде көлөмү болжол менен 18 миң метр куб көчкү түшүп, дарыяны бөгөп калган. Суу ташып айрым үйлөрдү каптаган, автожол суу алдында калган.

Мындан улам жергиликтүүлөр шаарга аска боорундагы бир аяк жол менен каттоого аргасыз. Алардын бири Замира Кенжебаева сары-бээликтер жаратылыш кырсыгынын азабын тартып жатканын айтууда.

- Биринчи водозаборго кеткен жолубуз түшүп калды. Ал жерде суунун негизги түтүгү жайгашкан. Эгер түтүк түшүп калса шаардагылар суусуз калат. Андан кийин эле жолубузду көчкү жаап калды. Азыр эми машина каттабай эл азык-түлүктөн кыйналып жатат. Бир сөз менен айтканда, элге оор эле болуп жатат. Дүкөн иштеткендер эптеп азыктарды эшек менен ташып келет. Эгер бирдеме болсо тез жардам жок. Айылдыктар тамак-аштан да кыйналып жатышат.

Суу каптаган жол
Суу каптаган жол

Жер көчкү коркунучунан улам Сары-Бээ аймагындагы 42 үй-бүлө коопсуз жерге тигилген чатырларга көчүрүлгөн. Төрт баласы менен үйүнөн мажбурлап көчүрүлгөн Аскар Батыркулов мындай деди.

- 1-май күнү үйлөрүбүзгө жаткырбай милициянын жардамы менен көчүрүп келген. Ошондон бери чатырдабыз. Күн сууктап кетсе туугандардыкына барабыз. Азыр эми бийлик кандай чечим кабыл алат деп күтүп отурабыз.

Эл көйгөйүн ким чечет?

Биз бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн пикир алуу үчүн барып, бирок аларды таба алганыбыз жок. Айыл аксакалы Тынарбек Абдиев элден кабар албайт деп бийлик өкүлдөрүнө нааразы.

- Көчүп чыкканыбызга сегиз күн болду. Ошондон бери бир да аткаминер бизден кабар ала элек. Болгону аймактык милиционер эле жүрөт.

Майлы-Суу
Майлы-Суу

Анткен менен кыргыз өкмөтү Сары-Бээ аймагынын көйгөйүн чечүү үчүн болгон аракетин жумшап жатканын айтып ишендирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мекемелерге тапшырма бергенин билдирди:

- Премьер-министр Майлуу-Суудагы маселени тез арада чечүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди. Айланма жолду Транспорт министрлиги салат, Каржы министрлиги акча бөлдү. Чатырдагы элдин көйгөйүн жергиликтүү бийлик чечиши керек. Биз аларды кооптуу жерде жашагандыктан мыйзамга ылайык көчүрдүк.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуу-Сууда көчкү коркунучу дале активдүү экенин эскертип келет. Аймакта уран калдыктарын сактоочу 36 жай болгондуктан алардын айрымдары көчкүнүн нугуна туура келет. Мындан улам калдык жайлары көчкүгө кошумча коркунуч жаратууда.

Майлуу-Суу: тар жол, тайгак кечүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG