Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Кырсыктан кийин министрлер сөгүш алды


Өкмөт жыйыны: кырсыкка ким күнөөлүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

Өкмөт жыйыны: кырсыкка ким күнөөлүү?

Өкмөт жыйынында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу иштери канааттандырарлык эмес деп табылды.

Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана каржы министрлерине сөгүш жарыялады. Жергиликтүү бийликтен Өзгөн, Сузак райондорунун акимдеринин орун басарлары сөгүш алып, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчилиги кызматтан алынды. Калган министрликтер менен мамлекеттик мекемелерге эскертүү берилди.

Сооронбай Жээнбеков Аюу-Сайдагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн кийин тиешелүү бийлик органдары айыптын баарын аза күткөн айылга жана топурак астында калган үй-бүлөлөргө жүктөй салып, жоопкерчиликтен качкан жоругун сынга алды.

"Жоопкерчиликтен качпагыла"

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы соңку жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин талдоонун жыйынтыгын чыгарып, тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишин катуу сынга алды.

Премьер-министр жаратылыш кырсыктары катталган Өзгөн менен Чоң-Алай райондорун кыдырып, ал жактардагы абал менен таанышып чыккандан кийин мына ошондой жыйынтыкка келгенин айтты. Ал Аюу-Сайдагы жер көчкү коркунучу тууралуу бир ай мурун эскертүү берилгени менен жарандарды коопсуз аймакка тез арада көчүрүү чаралары көрүлбөгөнүн белгиледи.

Өзгөн, 2-май, 2017-жыл
Өзгөн, 2-май, 2017-жыл

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул жагдайда тиешелүү жетекчилердин жоопкерчиликти өзүнөн алып салууга шашкан учурлары болгонун билдирди:

- Жер көчкү түшүп, эл анын астында калып жатат. Жооп берген киши жок. Жооп берген киши болушу керек да. Ош облусундагы ыйгарым өкүл "ал жакка үч ирет барып, чогулуш өткөргөм" деди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо эскертүү берилген дейт. Айыл аймагынын башчысы көчкү астында калган адамдардан мурда тил кат алынган деп, жоопкерчиликти кайра алардын өзүнө коюп жатат. Ошол 24 адам көчкү астында калды. Ага эми ким жооп берет? Ошол эле кезде силер болсо бири-бириңерге шылтап, жоопкерчиликти алгыңар келбейт. Элди коопсуз аймакка көчүрүүнү жергиликтүү бийлик жасайт деген менен сиздер берилген эскертүүнү улам-улам көзөмөлдөп, аларды көчүрүү ишин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн эмессиңер.

Көчүрүүгө тоскоол болгон мыйзам

Ошол эле кезде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов калкты коопсуз аймакка көчүрүү "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, жергиликтүү бийликке жүктөлгөнүн билдирди.

Министр Кубатбек Боронов кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү мажбурлап көчүрүү мыйзамга каршы келгендиктен, куткаруучулар көптөн бери муну менен алектенбей калганын төмөндөгүчө мисал келтирди:

- Учурунда биз Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы жер көчкү коркунучтары бар аймактардагы калкты мажбурлап көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзгөн элек. Буга байланыштуу алардын үйлөрүн буздуруп, анан аларды башка жактан сунушталган жер тилкелерине көчүрүп, турак жай куруу жагын караштырган элек. Бирок бул иш-чара мыйзамга каршы келет деген эскертүүдөн кийин биз аны токтотконбуз. Бул жерде эң негизгиси түшүндүрүү ишин жүргүзүү зарыл. Ага карабастан кооптуу аймактан көчпөгөн жарандарды мажбурлоо жолу менен башка жакка чыгаруу үчүн бизге ыйгарым укук бере турган мыйзам долбоору иштелип чыгышы керек экени тууралуу өткөндө дагы парламентте маселе көтөрүлгөн.

Чоң-Алай, 8-май, 2017-жыл
Чоң-Алай, 8-май, 2017-жыл

Өкмөт башчысы жаратылыш кырсыктары болгон аймактардагы жолдун абалы, электр энергиясынын бир нече күндөп берилбей калганы сыяктуу алешемдиктерди тиешелүү тармак жетекчилеринин жоопкерсиздиги деп атады.

Ошондой эле ал кырсыктын кесепеттерин жоюуга шашпай, кайдыгер караган бийлик өкүлдөрү бар экенин белгиледи. Өкмөт башчысы буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго, транспорт министри Жамшитбек Калиловго, каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялады. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Бакыт Жумашев кызматынан алынды.

Жергиликтүү бийликтен Өзгөн жана Сузак райондорунун акимдеринин орун басарлары дагы сөгүш алышты. Мындан сырткары саламаттыкты сактоо министри, билим берүү министри, социалдык өнүктүрүү министри улуттук энергохолдингдин башчысы сыяктуу борбордук бийлик менен айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы эскертүү берилди.

Каржыны кечиктирген бюрократия

Мындан сырткары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга каражат бөлүүнү караган анын тапшырмасы кечиктирилгенин айтып, мындай бюрократия менен келише албастыгын эскертти:

- Менин күйгөнүм Каржы министрлиги өз убагында каражатты бөлүп бербей жатпайсыңарбы. Жай келип, дарыяларда суу көтөрүлгөн учурда тосмолорду оңдоо иштерин жүргүзүүгө болбойт да. Каражатты кышында же жаз алдында бөлүп берүү керек эле. Мен бул боюнча апрель айында эле тапшырма бергем. Бирок бул маселени чечип, аны майда алып келип жатасыңар. Майлуу-Сууда суу тосмолорун куруу иштери былтыр башталышы керек болчу. Ага болгону 15 миллион сом керектелген. Анан учурунда тиешелүү акча бөлүнбөй, ал тосмолорду эми быйыл жайында суу алып кете турган болсо, миллиарддан ашуун сом аны кайра калыбына келтирүүгө кетет. Ошондо чыгымдын көлөмү биз өз учурунда бөлүп бербей жаткан акчадан бир канча эсе чоң болуп жатпайбы. Мына ушул жагын түшүнөсүңөрбү?

Премьер-министр мындан ары ар бир тармактагы алешемдиктер же мүчүлүштүктөр үчүн тиешелүү жетекчилер жекече жооп бере турганын белгиледи. Ошондой эле ал өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган жетекчилер менен жакында коштошууга туура келерин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG