Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:28

Жер көчкү: жоопкерчилик жана тоскоолдук


24 адамдын өмүрүн алган Өзгөндүн Аюу-Сай кыштагындагы жер көчкүнүн алдын алууга болот беле?

Бийлик каргаша болгон айыл тургундарына тез арада көчүү тууралуу бир ай мурун эскертүү берилгенин, бирок тургундар укпай коюшканын белгилешүүдө. Ал эми жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен укук коргоочулар адистер жер көчкүнүн масштабын аныктап, жарандарды коопсуз тилкеге тез арада көчүрүү боюнча ыкчам жарандык коргоо чаралары көрүлгөн эмес деп нааразы.

Ош облусуна караштуу Өзгөндүн Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай кыштагында тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылдагы жети үйдү басып калган жер көчкүнүн көлөмүн башында бир миллион кубдан ашуун деп жарыялаган.

Зергер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошев кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүгө айыл тургундары кулак салбай койгонун белгиледи:

- Аюу-Сай айылында 248 кожолук бар. Бул күнгө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, райондук жана облустук бийлик тарабынан дагы мына ушул кооптуу аймакта жашаган калкка эскертүү берилген. Бул тууралуу жыйындарда дагы айтылып, тиешелүү тапшырмалар дагы берилген. Бул тууралуу эл арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу. Мына ошол үйлөрдө жашаган тургундар тиешелүү тил каттарды жазып беришкен. Алдыдагы бир ай убакытта мына ошол кооптуу аймактан башка жакка чыгып турууну айткан элек.

Жергиликтүү калктын айтымында, эскертүү берилгени менен кезинде аларга көчүп кетүүгө ыңгайсыз аймактан жер тилкелери сунушталып, турак жай курууга шарттар каралган эмес.

Жарандык коргоонун ыкчам чаралары?

Окуя болгон жерге барган укук коргоочулар жарандык коргоо адистери жер көчкүнүн ири масштабын аныктап, анын кесепеттерин алдын ала эсептеп чыккан эмес деген пикирде. Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева “эскертүү берилген менен калкты кооптуу аймактан чыгарып кетүү боюнча жарандык коргоонун ыкчам чаралары учурунда көрүлгөн эмес” деген пикирин "Азаттыкка" айтты.

Зергер айыл аймагынын тургундары Аюу-Сайдан башка кыштактарда дагы жарака кеткен жерлер бар экенин белгилешүүдө. Айыл тургуну Кубатаалы Асанов мына ошол жер көчкүлөрдү алдын ала атып түшүрүү ыкмаларын бийликке сунуштады:

- Биз мына бул Токтогул деген айылданбыз. Биздин айылда дагы мына ошондой жаракалар бар. Анан кечээ бул жакка келген депутаттарга “качан жер жарылып, анан айылды басып калганда кыймылдап калбай, алдын-ала иш-чараларды көрүп, кооптуу болуп турган жер көчкүлөрүн атып түшүрүү керектигин айттык. Ошол турган жер көчкүлөрдү аттырып койсо, ага көп деле каражат кетпейт эле да. Алдын-ала иш кылып, мына ошол жер көчкүнүн коркунучун жоюу боюнча чара көрсөк, мына ушуга окшогон адам жоготуулары болбойт эле го.

Мажбурлап көчүрүүгө тоскоолдук

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мындай дооматтарга макул эмес. Аюу-Сайдагы көчүп түшкөн жердин жаракалары 2003-жылдан бери байкоого алынып келгенин айткан Кубатбек Боронов калкты тез арада кооптуу аймактан мажбурлап көчүрүү чаралары эмнеге көрүлбөгөнүн төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Биз 2004-жылы Кара-Кулжа районунда кооптуу аймактагы 5-6 үй-бүлөнү мажбурлап көчүрүп, үйлөрүн бузганбыз. Бирок кийин мына ошол адамдар бизди сотко берип, биз соттон утулуп калганбыз. Анткени Баш мыйзам боюнча биз жарандарды мажбурлап көчүрүүгө акыбыз жок экен. Биз ошондо адам укугу бузулган деген негизде кайра өзүбүз жоопкер болуп калганбыз. Аюу-Сай айылына биздин адистер келип, алар болсо “бир күндүн ичинде бул кооптуу жактан көчөбүз” деп тил кат беришкен экен. Ошол эле кезде жараканын чоңойгону байкалбастан туруп, жер көчкү капыстан түшүп калды. Акыркы эскертүү быйыл 28-мартта берилген. Анан эми жер көчкүлөрдү коопсуздандыруу үчүн аларды аттыруу чарасы эч кандай натыйжа бербейт. Анан калса, бир жерин аттырсак, башка бир жердеги жер көчкүлөрүнүн жылышына таасир этиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кыргызстанда жүздөн ашуун жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактар бар. Адис-илимпоздор быйыл жыл жаанчыл болгонуна байланыштуу жер көчкү коркунучу күчөй турганын буга чейин эскертишкен болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG