Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

Көчкү алдында калган 24 кишинин жетөөнүн сөөгү табылды


Оштун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында көчкү басып калган 24 кишинин жетөөнүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 3-майда 10 жана 14 жаштагы кыздардын денеси топурак астынан чыгарылганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Алардын биринин сөөгү 30-апрелде, экөө 2-майда табылган.

Издөө иштеринде кыйынчылык жаралгандыктан Аалымдар кеңеши кырсык болгон жерди мүрзөгө айлантып, казуу иштерин токтотуу боюнча фатва чыгарган. Бирок элдин суранычы менен издөө иштери уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG